Архитектура Аудит Военная наука Иностранные языки Медицина Металлургия Метрология
Образование Политология Производство Психология Стандартизация Технологии


Иш кагаздарынын аталышы жана жазылышы



Иш кагаздарынын аталышы анын темасы болуп саналат. Иш кагаздарынын аталышы баш тамгалар менен жазылат жана ташымалданбайт, аягына чекит коюлбайт. Документтин аталышы он тамгага жетпесе, ортолору боштук менен ажыратылат:

Т О К Т О М, А К Т, Ж А Р Л ЫК, К Е Л И Ш И М. Эгерде аталыштар узун болсо, кийинки саптарга бө лү нү п жазылат, бирок ташымалданбайт. Иш кагазынын аталышы менен текст аралыгы тексттин интервалына жараша коюлат. Мисалы: текст бир жарым интервал менен терилсе, документтин аталышы менен тексттин аралыгы ү ч болот. Ошондой эле кээде тексттен кийин тема (аталышы) келе турган болсо, экө ө нү н ортосу эки эсеге кө бө йтү лө т. Мисалы: текст эки интервал менен жазылса, текст менен теманын аралыгы тө рт болууга тийиш. Иш кагаздардын аталыштары, негизинен, кагаздын ортосуна жазылат. Эгерде текст кө лө мдү ү болуп бир нече барактан турса, ага номер коюлат. Иш кагаздарынын биринчи бетине номер коюлбайт да, ал биринчи бет деп эсептелет. Номер араб цифрасы менен барактын ортосуна жогорку талаадан 10-15 мм ылдый аралыкта чекитсиз жана сызыкчасыз коюлат.

Протокол, ө здү к баракча, токтом, ө мү р баян сыяктуу иш кагаздарынын тексти барактын артына улантылып жазылышы мү мкү н. Мындай учурда барактын артына жуп номерлер коюлат. Иш кагазынын биринчи бетинин сол жагына 35 мм, оң жагы 8 мм талаа калтырылса, барактын жуп бетинин сол жагына 8 мм, оң жагына 35 мм талаа калтырылат, бул документтердин тексттин бузбай кө ктө гө нгө ың гайлуулукту жаратат. Иш кагаздарындагы белгилү ү бир сө здө рдү, сө з айкаштарын, сү йлө мдө рдү, айрым учурда текстти бө лү п кө рсө тү ү зарылдыгы туулса, аларды баш тамга менен астын сызып, карартып же жантык тамга (курсив) менен берү ү гө же тү сү н ө згө ртү п берү ү аркылуу обочолоп жазууга жол берилет[5]. Мисалы: БЕКИТЕМИН, токтом кылат, кү н тартиби, милдеттендирилсин д.у.с.

А4 форматындагы бланктарга жазылган иш кагаздарынын темасы кө рсө тү лү ү гө тийиш, ал эми А5 форматындагы иш кагаздарда жана телеграммаларда, телефонограммаларда, билдирү ү лө рдө тема кө рсө тү лбө йт.

Иш кагаздарынын аталмасы (заголовок). Иш кагазынын аталмасы деп тексттин кыска аталышын тү шү нү ү гө болот. Ал мү мкү н болушунча кыска жана тексттин маанисин так чагылдаргандай сыйымдуу болууга тийиш. Ал бланктын маалым даректеринен кийин сол жак бурчка жайгаштырылат жана текст узундугунун ү чтө н биринен ашпаган узундукта жазылат. Иш кагаздын аталмасы менен документтин аты грамматикалык (маани жагынан) жактан айкашууга тийиш. Мисалы: кандайдыр бир комиссиянын курамын бекитү ү жө нү ндө буйрук даярдала турган болсо, буйрук иш кагаздын аты, аталмасы - комиссиянын курамын бекитү ү жө нү ндө ; кароо-сынак тууралуу иш чара каралып жаткан болсо, буйрук иш кагаздын аты, аталмасы - кароо-сынак ө ткө рү ү жө нү ндө деп берилет. Эгерде иш кагазында бир нече маселе чагылдырыла турган болсо, анда документтин аталмасы жалпыланып берилет. Мисалы: 23-сентябрь Мамлекеттик тил кү нү нө карата иш чара ө ткө рү ү боюнча бир канча (расмий кече уюштуруу, жооптуу адамды бекитү ү, каражат бө лү ү, чакырууну уюшуруу) маселе каралышы мү мкү н. Анын баарын жалпылаштырып Мамлекеттик тил кү нү н ө ткө рү ү жө нү ндө деген аталма менен буйрук иш кагазы даярдалат. Ошондой эле кө лө мдү ү жана бир эле иш кагазында ар башка маселелерди чагылдырган документтердин текстинин аталмалары бир канча кичи темалардан коюлушу ыктымал жана алар барактын сол жак тарабына жайгаштырылат.

Иш кагаздарын жө нө тү ү

Иш кагаздарын даректерге жө нө тү ү дө тө мө нкү учурлар эске алынууга тийиш.

1. Эгерде иш кагазы кайсы бир уюмдун, мекеменин, ишкананын белгилү ү бир адамына жө нө тү лсө, ал уюмдун, мекеменин жана ишкананын аты, тү зү мдү к бө лү мү нү н жана алуучунун кызматынын аталышы атооч жө ндө мө дө, ал эми алуучунун аты-жө нү барыш жө ндө мө сү ндө жазылат. Ошондой эле бир нече тү зү мдү к бө лү м жазылса, ортолору 2 интервал менен ажыратылат. Мисалы:

 

Кыргыз Республикасынын Ө кмө тү нү н алдындагы мамлекеттик архив агентствосу Уюштуруучу-методикалык бө лү мдү н башчысы Д.И.Казыевага

2. Иш кагазы мекеменин жетекчисине багышталса, мекеменин, уюмдун аталышы алуучунун кызмат курамына кирет:

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.А.Казакбаевга

 

3. Бир тектү ү уюмдарга, мекемелерге документ жө нө тү ү дө алуучу жалпыланып кө рсө тү лө т. Мисалы:

 

Министрликтер менен ведомстволорго Мектептердин директорлоруна

 

Бир иш кагазында тө рттө н ашык дарек болбоого тийиш. “Кө чү рмө сү ” деген сө з экинчи, ү чү нчү жана тө ртү нчү алуучулардын алдында кө рсө тү лбө йт: документтин ар бир нускасына кол коюлууга тийиш. Иш кагазын тө рттө н кө п дарекке жө нө тү ү дө ө зү нчө тизме тү зү лө т жана ар бир документке бир гана дарек жазылат. “Алуучу” деген маалым даректин курамына почта дареги кириши мү мкү н. Почта дареги ө кмө ттү к мекемелерге, дайыма келү ү чү кат-кабарларга (корреспонденттерге) жана ведомстволук мекемелерге коюлбайт.

Иш кагазын жарандарга жө нө тү ү дө биринчи почта дареги, андан кийин алуучунун аты-жө нү кө рсө тү лө т. Мисалы:

Бишкек шаары,

Чуйков кө чө сү, 21

А.С Кутмановага

 

Кыргыз тилинде адамдын аты менен атасынын аты кыскартылып фамилиядан мурун жазылат. Ал эми куттуктоолордо, маарекелерде, чакырууларда кат алуучунун аты жана атасынын аты чечмеленип берилет: Мисалы, А.Кутманова эмес, Айнура Сагыновна!

 

Иш кагаздарына дата (кү нү, айы, жылы) коюу

Иш кагаздарынын датасы (число, ай, жыл) деп ага кол коюлган, бекитилген же документте белгиленген окуя кү нү эсептелет. Мисалы: токтом, буйрук, чечим, тескеменин датасы болуп аларга кол коюлган кү н эсептелет. Протокол, актынын датасына окуя болгон кү нү, айы, жылы кирет. Бекитү ү нү талап кылган иш кагаздардын: план, смета жана башка документтердин датасы болуп, аларды бекиткен кү н эсептелет. Ал эми мыйзамдардын, ө кмө ттү к токтомдордун, жарлыктардын датасына алардын расмий жарыяланган кү нү кирет. Ошол себептен мындай документтердин акыркы абзацы “Бул мыйзам жарыяланган кү ндө н тартып кү чү нө кирет” деп берилет. Иш кагазынын датасына кү н, ай, жыл кирет да, ал бланктын тиешелү ү жерине сандар менен жазылат. Датанын элементтери бир сапта тө мө нкү дө й ырааттуулукта жазылат: кү н, ай, жыл санактары эки сан менен араларына чекит коюлуп жазылат. Мисалы: 7-апрель 2010-жыл деп берели, эгерде текст сү йлө м ичинде эмес, ө з алдынча бериле турган болсо, тө мө ндө гү дө й жазылат: 07.04.10.

Бирок кыргыз тилинин мыйзам ченемдерине ылайык даталарды тө мө нкү редакцияда берү ү туура: 2010-жылдын 7-апрели, же болбосо, 2004-жылдын 12-февралында Кыргыз Ресубликасынын Жогорку Кең ешинин Мыйзам чыгаруу жыйынында кабыл алынган. Эгерде датаны сандар менен жаза турган болсок, негизинен, биринчи кү нү, айы, жылы жазылат – 07.04.10 жана 12.02.04. Бирок текст ичинде даталардын чечмеленип жазылышы жогоруда кө рсө тү лгө ндө й, 2010-жылдын 7-апрели, 2004-жылдын 12-февралында кабыл алынган деп жазылат. 7-апрелдин 2010-жылында, 12-февралдын 2004-жылында кабыл алынган деп жазуу ката деп эсептелет.

 

Иш кагазын кү бө лө ндү рү ү

Иш кагазын кү бө лө ндү рү ү деп ага кол коюу аталат. Иш кагазын ошол уюмдун, мекеменин жетекчиси же берилген ыйгарым укугуна жараша анын орун басарлары же иш кагазынын автору ө зү кү бө лө ндү рө т. Кү бө лө ндү рү ү иш кагаздын милдеттү ү маалым дареги болуп саналат. Кызматтык иш кагаздарынын бардыгына, ошондой эле алардын кө чү рмө лө рү нө кол коюлууга жана иш кагазында коюлган кол кызмат адамдардын чыныгы ө з колдору болууга тийиш. Башка мекемелерге жө нө тү лү ү чү кызматтык каттардын тү п нускасы (оригинал) тийиштү ү дарекке жө нө тү лө т да, мекемеде кө чү рмө сү калат. Ал эми укуктук-ченемдик (кодекс, мыйзам, жобо, устав, нускама, чечим) документтердин тү п нускасы мекеменин ө зү ндө калып, алардын кө чү рмө лө рү жө нө тү лү ү чү тийиштү ү даректерге жиберилет. Бир эле документ бир нече нускада даярдалып, бир канча даректерге жө нө тү лсө, алардын мекемеде кала турган нускасына гана кол коюлат, калган нускалары аткаруучу тарабынан кү бө лө ндү рү лө т (аткаруучунун ө зү нү н колу жана ага “Анык” деген белги коюлат) же жетекчинин факсимилеси коюлат. Факсимиле (лат. Fac simile – окшош жасоо) кол жазманын, документтин, колдун так ө зү ндө й тү шү рү лү шү дегенди билдирет. Азыркы тил менен айтканда факсимиле деп жетекчинин колунун кө чү рмө сү мө ө р катары даярдалат. Ал жетекчи жок кезде документтерди кү бө лө ндү рү ү максатында кө чү рмө лө ргө коюлат. Факсимиле ишеним кө рсө тү лгө н адамдын колуна берилет.

Иш кагаздарынын кээ бир тү рлө рү ө згө чө лү гү нө карата уюмдун мө ө рү менен кү бө лө ндү рү лө т. Мамлекеттик дең гээлдеги документтердин (мисалы: жарлык, ө кмө ттү к токтом, буйрук, тескеме) кол коюлган тү п нускасы ө здө рү ндө сакталат, ал эми алардын тийиштү ү мекемелерге жө нө тү лү ү чү кө чү рмө лө рү нө колдун кө чү рмө сү сү з эле мө ө р басып жө нө тү ү жетиштү ү. Мө ө р коюлган мындай документтер тү п нуска катары эсептелет. Мисалы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кең ешинин 2011-жылдын 23-июндагы №762-V Токтомун алсак:

 

Тө рага мө ө р коюлат А.Келдибеков

 

“Колу” маалым дареги жетекчинин аткарган кызматынан, жетекчинин колунан жана аты-жө нү нө н турат. Алар бир сызыкта жайгашат. Барактын сол жагына аткарган кызматынын аталышы, ортосуна колу, оң жагына кол коюп жаткан адамдын аты-жө нү берилет. Мисалы:

 

“Тү ндү к электр” ААКнын Башкы директору (колу) Т. Токтогулов

 

Мекеменин бланктарына жазылган иш кагаздарында жетекчинин аткарган кызматынын аталышы менен мекеменин аталышы бирге кө рсө тү лбө йт. Себеби мекеменин аты бланктын ө зү ндө кө рсө тү лгө н болот. Эгерде иш кагазы актай баракка жазылган болсо, кол койгон жетекчинин кызматынын атына мекеменин толук аталышы кошулуп кө рсө тү лө т. Мисалы:

 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу жана маалымат борборунун директору (колу) А.Исманкулова

 

Иш кагазына кызмат абалы бирдей даражадагы адамдар, жетекчилер кол коюшса, алар бир сызыкта удаа жайгаштырылат.

 

Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Коргоо министри Юстиция министри (колу) А.Кудайбердиев (колу) А.Мухамеджанов

 

Эгерде документтин мазмунунда бир нече адам жооптуу болгон иш кагазы дайындалса, мындай учурда эки же андан кө п адамдардын колдору коюлат дагы алар ээлеген кызматына жараша жайгаштырылат. Аларга протокол, мү нө здө мө, акт, келишим жана башка иш кагаздары кирет. Мисалы:

 

Директор (колу) Г.Бирназарова Башкы бухгалтер (колу) Ж.Жолчиева

 

Документке кол коюучу жетекчи жок учурда анын ордуна орун басар же убактылуу милдетин аткаруучу адам кол койсо, кызматтын аталышынын алдына бө лчө к сызыгы коюлат же “ү чү н” жандоочу пайдаланылат. Мисалы:

 

/ Башкы директор (орун басардын колу) К. Оторбаев Башкы директор ү чү н (орун басардын колу) К.Оторбаев

 

Эгерде мекеменин жетекчиси жок учурда “колу” маалым дарегинде башка кызмат аталыш менен же орун басар же милдетин аткаруучунун кызмат орду кө рсө тү лсө, анда бө лчө к сызыгы менен “ү чү н” жандоочу жазылбастан, орун басардын колу коюлат. Мисалы:

 

Башкы директордун орун басары (колу) К.Иманалиев

 

Комиссия тарабынан тү зү лгө н иш кагаздарын кү бө лө ндү рү ү дө иш кагазын тү згө н адамдардын кызматы кө рсө тү лбө стө н, комиссиянын курамында берилген милдеттери жогорудан тө мө ндү кө здө й кө рсө тү лө т, ал эми мү чө лө рү иш кагазынын талабы боюнча алфавиттик тартипте берилет. Мындай иш кагазына акт, протокол ж.б. иш кагаздарын киргизү ү гө болот. Мисалы:

 

Эсептен чыгаруу актысы Комиссиянын тө рагасы (колу) Ж.Сагындыков Мү чө лө рү (колу) К.Сатыбалдиева (колу) Ш.Чылабаева (колу) Э.Шатманов Башкы эсепчи (колу) А.Жийдебаева Кассир (колу) Н.Мамбетова

 

Аныктыгын ө згө чө кү бө лө ндү рү ү нү талап кылган иш кагаздарына, ошондой эле каржылык документтерге герб тү шү рү лгө н (гербдү ү ) мө ө р басылат. Мө ө р кызматтын аталышы менен коюлган колдун бир бө лү гү н басып тү шү рү лү ү гө тийиш. Иш кагазынын талабы боюнча коюлган мө ө рдө гү жазуулар жана коюлган кол так жана даана тү шү рү лү шү керек. Анткени документтеги мындай элементтер иш кагазынын аныктыгын белгилө ө чү бирден бир маалым дарек болуп эсептелет. Ансыз документ жасалма деп эсептелиши мү мкү н. Ошондуктан ар бир жетекчи, кызматкер жана жө нө кө й жаран коюп жаткан колдун иш кагазында алган орду маанилү ү экенин тү шү нү ү менен дайыма бирдей кол коюуну милдет катары кабыл алуусу шарт. Гербдү ү мө ө р басылуучу иш кагаздарынын болжолдуу тизмеси тө мө нкү дө й:

  1. Мекеме, уюмдардын жоболору
  2. Ишканалардын (бирикмелердин) уставдары
  3. Берилген товар жана башкалардын макулдашуунун протоколдору; эл депутаттарын кө рсө тү ү чогулушунун, эксперт комиссиянын отурумдарынын протоколдору
  4. Диссертация жана авторефераттарга берилген корутунду жана сын-пикирлер
  5. Ачылыштарга жана изденип табууларга табыштама
  6. Сыйлыкка кө рсө тү ү жө нү ндө кө рсө тмө жана ө тү нү ч кат
  7. Объектилерди, техникалык курулмаларды долбоорлоого тапшырмалар
  8. Кепилдик каттар
  9. Чыгымдардын сметалары
  10. Штаттык тизмектер жана ага ө згө ртү ү лө р
  11. Титулдук тизмелер
  12. Чек коюлган маалым каттар
  13. Спецификациялар
  14. Объектилерди, жабдууларды, аткарылган иштерди, эсептен чыгарууларды, экспертиза ж.б. кабыл алуу актылары
  15. Ишеним каттар
  16. Аткаруу барактары
  17. Иш сапар кү бө лү ктө рү
  18. Кымбат баалуу металлдарга кеткен чыгымдардын ченемдери
  19. Бюджеттик, банктык, пенсиялык, тө лө мдү к тапшырмалар
  20. Чектердин, бюджеттик тапшырмалардын реестри
  21. Каржы-чарбалык операцияларды жү ргү зү ү гө укуктуу кызматкерлердин колдору менен мө ө рлө рдү н тамгатактарынын ү лгү лө рү ж.б.

 

Иш кагазын макулдашуу

Айрым документтер даярдалуу ө згө чө лү гү нө жараша кол коюлар алдында макулдашууну талап кылат. Мисалы: эки уюм ортосунда же тү зү мдү к бө лү м менен айрым адамдардын ортосунда кызыкдар болгон алардын милдетине тиешелү ү кандайдыр бир маселе талкууланып жаткан учурда макулдашуу зарыл. Мындай процесс тараптардын иш кагазындагы каралып жаткан маселеге, текстке мамилесин (макул же макул эмес) тастыктоо ү чү н жасалат. Документте каралып жаткан маселени кызыккан тараптар менен биргеликте чечү ү нү н бирден бир мыйзамдуу жолу макулдашуу болуп эсептелет. Макулдашуу талап кылуучу иш кагаздары тиешелү ү адамдар менен макулдашылгандан кийин укуктук кү чкө ээ болот. Макулдашуу мекеменин ичинде жана анын сыртында да жү ргү зү лө т. Мекеменин ичиндеги макулдашуу ички макулдашуу деп аталса, мекеменин башка уюмдар же тү зү мдө р, же адамдар менен макулдашуусу тышкы макулдашуу деп аталат. Ички макулдашуу иш кагаздын мекемеде калуучу нускасына “Колу” маалым дарегинен кийин коюлат. Ал Макулмун, Каршы эмесмин деген сыяктуу грифтер менен белгиленет жана макулдук берген же каршы болгон адамдын аткарган кызматы, колу жана анын чечмелениши, макулдук берген кү нү кошо кө рсө тү лө т[6]. Мисалы:

 

Штаб саркери* (колу) Н.Султаналиев Макулмун Уюштуруу бө лү мдү н зардалы** (колу) Э.Насыров 18.02.12.

* саркер (аскер.) - командир

** зардал (аскер.) - начальник

Иш кагазынын мазмуну менен макул болбогон, толуктоолор же эскертү ү лө р, сын кө з караштар болгон учурда алар ө зү нчө баракка тиркелет да. ү лгү сү тө мө нкү ндө й болот:

 

Штаб саркери (колу) Н.Султаналиев Макул эмесмин Уюштуруу бө лү мдү н зардалы (колу) Э.Насыров Эскертү ү лө р тиркелет 18.02.12.

Тышкы макулдашуу грифи, макулдашуу барагы менен жол-жоболоштурулат. Макулдашуу грифи “МАКУЛДАШЫЛДЫ” сө зү нө н, макулдук берген адамдын кызмат ордунан, колунан, анын чечмеленишинен (аты-жө нү нө н) жана макулдашылган датадан турат. Ал “колу” маалым дарегинен кийин бланктын сол тарабына жайгаштырылат. Мисалы:

 

Кыргыз Республикасынын Патент кызматынын башкы директору (колу) Н. Маматбаева МАКУЛДАШЫЛДЫ «Кут дү йнө » акционердик коомунун маркетинг бө лү мү нү н директору (колу) М.Сейталиев

 

Эгерде тышкы макулдашуу коллегиалдуу орган тарабынан жү ргү зү лсө, анда макулдашуу грифи тө мө ндө гү дө й жазылат.

 

Кыргыз Республикасынын Патент кызматынын башкы директору (колу) Н. Маматбаева МАКУЛДАШЫЛДЫ “Учкун” акционердик коомунун отурумунун протоколу 26.06.75. №9

 

Иш кагазынын мазмуну бир нече мекемелердин кызыкчылыгына тиешелү ү боло турган болсо, макулдашуу грифи ө зү нчө баракка жазылат жана тараптардын маалым даректери бир сызыкта жайгаштырылат. Ар бир тарап ү чү н экиден нуска даярдалат жана алардын ар бири бирдей укуктук кү чкө ээ болот. Ошондой эле макулдашуу барагы тараптардын мө ө рү менен ырасталат. Мисалы:

 

“Айыл банк” ачык акционердик коому менен “Акыл” мамлекеттик акционердик коомунун МАКУЛДАШУУ БАРАГЫ МАКУЛДАШЫЛДЫ МАКУЛДАШЫЛДЫ “Айылбанк” ачык “Акыл” мамлекеттик акционердик коомунун акционердик коомунун башкы директору башкы директору (колу) А.Ашырахманова (колу) Н.Ажиева 15.08.05. 15.08.05. мө ө р орду мө ө р орду

Иш кагазын бекитү ү

Иш кагаздарынын айрым тү рлө рү бекитү ү нү талап кылат жана ал иш кагазы бекитилгенден кийин гана укуктук кү чкө ээ болот.

Иш кагазын бекитү ү эки тү рдү ү жол менен бекитилет: 1) токтом, чечим, буйрук менен; 2) БЕКИТИЛДИ, БЕКИТИЛГЕН, БЕКИТЕМИН деген грифтин бирин коюу менен[7]. Тескеме иш кагаздары менен бекитү ү качан иш кагаздарына кошумча тү шү ндү рмө лө р жана эскертү ү лө р талап кылынган учурда тү зү лө т. Мисалы иш кагазын тескеме документ менен бекитү ү зарылдыгы туулса, бекитү ү грифи тө мө нкү дө й тү зү лө т: БЕКИТИЛДИ (БЕКИТИЛГЕН) сө зү, тескеме документтин аталышы атооч жө ндө мө сү ндө, коюлган дата жана номер коюлат. Алар бланктын оң тарабына жайгаштырылат. Мисалы:

 

Кыргыз Республикасынын Ө кмө тү нү н 1995-жылдын 25-августундагы №370 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын башкаруу ишин документациялык камсыздоо (иш кагаздар) боюнча типтү ү нускоо

Бекитилген сө зү менен байламтасы менен бирге бериле турган болсо, кичине арип менен жазылат деп жогруда кө рсө тү лгө н китепте берилет. Бирок иш кагаздарын бекитү ү дө негизги кызматты БЕКИТИЛГЕН, БЕКИТЕМИН, БЕКИТИЛДИ сө здө рү аткарып жаткандыктан жана аткарган кызматтары бирдей болгондуктан, мында да, “Бекитилген” деген сө з алдыга чыгарылып жазылууга жол берилет. Мисалы:

 

БЕКИТИЛГЕН Кыргыз Республикасынын Ө кмө тү нү н 1995-жылдын 25-августундагы №370 токтому менен Кыргыз Республикасынын башкаруу ишин документациялык камсыздоо (иш кагаздар) боюнча типтү ү нускоо

 

Калган учурда БЕКИТИЛДИ, БЕКИТЕМИН грифтери баш тамгалар менен тө мө нкү дө й жазылат. Мисалы:

 

БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Ө згө чө кырдаалдар министрлигинин коллегиясынын токтому 21.12.11. № 14 ______________  

Эгерде документ белгилү ү кызмат адамы (мекеменин жетекчиси, анын орун басары) тарабынан бекитиле турган болсо, бекитү ү грифи тө мө нкү дө й элементтерден: БЕКИТЕМИН сө зү нө н, кызмат ордунан, колунан, аты, фамилиясынан, бекитилген датадан турат. Мисалы:

БЕКИТЕМИН Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин тө рагасы (колу) Т.Токоев 13.06.08.

Иш кагаздарын бекитү ү грифи тырмакчага алынбастан баш тамгалар менен обочолонуп жазылат жана зарылдыгына жараша мекеменин же уюмдун мө ө рү коюлушу мү мкү н. Бекитиле турган иш кагаздарынын болжолдуу тизмеси тө мө нкү дө й:

  1. Мекемелер, тү зү мдү к бө лү мдө р жө нү ндө гү жоболор (уставдар)
  2. Кызматтык, техника боюнча коопсуздук, ички эмгек тартиби боюнча нускамалар, эрежелер
  3. Ө ндү рү штү к, жаң ы техниканы кийирү ү, коллегиянын иштери ж.б. боюнча пландар
  4. Чыгымдардын сметалары
  5. Штаттык тизмектер жана ага ө згө ртү ү лө р
  6. Тү зү м жана штаттык эсеп
  7. Тарифтик чендер
  8. Иш жү ргү зү ү нү н, иш сапарлардын ж.б. программалары
  9. Объектилерди, техникалык курулмаларды долбоорлоо; капиталдык курулушка; илимий-изилдө ө гө; долбоордук-конструктордук жана технологиялык, техникалык иштерди жү ргү зү ү гө берилген милдеттер
  10. Нормага салынбаган жумушчу кү нү менен кызмат орундарынын; белгилү ү жең илдиктер берилү ү чү ишканалардын; сактоо мө ө нө тү ж.б. кө рсө тү лү ү менен ведомстволордун, министрликтердин ишмердү ү лү гү н пайда кылган типтү ү документтердин тизмеги
  11. Изденип табууларга табыштама
  12. Келишимдер
  13. Иш ө ндү рү шү нө коюлган баалар
  14. Чийки зат, материал, электр энергиясын керектө ө нү н ченемдери
  15. Ө ндү рү штү к иш, илимий-изилдө ө иштери, иш сапар жө нү ндө гү отчеттер
  16. Текшерү ү, ревизия, эсептен чыгаруу, экспертиза, иштерди ө ткө рү п берү ү, мекемелерди жоюу актылары
  17. Республикалык, тармактык стандарттар, техникалык шарттар
  18. Бир тартипке келтирилген документтердин формалары

 

Иш кагазындагы белгилер

Иш кагаздарын жү гү ртү ү баскычында ага тиешелү ү белгилер коюлат. Башкача айтканда ал белгилер: иш кагаздары мекемеге келип тү шкө ндө, кайрадан аларга жооп жазылып жө нө тү лгө ндө, иш кагаздарын аткарууда жана аткарылып бү тү п кө ктө мө гө жиберилгенге чейинки коюлуучу белгилер. Мындай белгилер иш кагаздарынын бир калыпка салынып, так аткарылышын жана аларды кө зө мө лдө ө мү мкү ндү гү н камсыз кылат. Башкача айтканда, жү гү ртү лү п жаткан иш кагаздары катталып турат. Ошол эле учурда катталбай турган иш кагаздары да болот, алардын тизмеси мекеменин, уюмдун же ишкананын жетекчиси тарабынан бекитилет. Келген иш кагаздары келген кү нү, тышка жиберилү ү чү жана ички документтер кол коюлган кү нү катталуусу шарт. Негизинен, иш кагаздарынын баары бир жерден катталат. Иш кагазы келип тү шкө н кү нү бир гана жолу катталат, ал ошол эле мекеменин бир тү зү мдү к бө лү мү нө н экинчи тү зү мдү к бө лү мү нө ө ткө ндө кайра катталбайт. Иш кагаздарын каттоодо келген иш кагаздарына кириш каттоо номерижана чыккан иш кагаздарына чыгыш каттоо номери деген маалым даректер коюлат. Башкача айтканда, индекстер коюлат. Иш кагазына индекс коюу бул документке шарттуу белги жана катар номер коюу дегенди билдирет. Индекс коюу кө ктө мө лө рдү н номенклатурасына жараша жү ргү зү лө т. Иш кагазынын индекси мекеменин тү зү мдү к бө лү мү нү н шарттуу белгисинен, номенклатура боюнча кө ктө мө нү н номеринен жана документти каттоодогу катар номеринен, ошондой эле кү нү, айы, жылынан турат. Мисалы: 7-025/1107 02.03.12. – бул индекс келген иш кагазын каттаган кириш каттоо номери.

 

Кириш каттоо номери маалым дареги иш кагазы мекемеге келгенде жогорудагы индексте кө рсө тү лгө ндө й коюлат. Мисалда берилген 7- мекеменин тү зү мдү к бө лү мү нү н шарттуу белгиси, 025-номенклатура боюнча кө ктө мө нү н номери, 1107-документтин каттодогу катар саны, 02.03.12.-документ мекемеге келип тү шкө ндө коюла турган дата. Келген иш кагаздарына кириш бурч мө ө рү (штамп) басылып, ага кириш каттоо номерлери коюлат, ал бланктын оң тарабынын ылдыйкы бурчуна жайгаштырылган. Эгерде бурч мө ө рдү коё турган ачык тилке жок болсо, анда жазылган тексттин ү стү нө айырмаланган тү с менен бурч мө ө р басууга болот.

Чыгыш каттоо номери да келген иш кагаздарынын кириш каттоо номеринин шарттуу белгилерине окшош коюлат. Мисалы 03-4/814 25.10.10. индекси коюлду дейли. Мында 03-документтии даярдаган тү зү мдү к бө лү мдү н индекси, 4-номенклатура боюнча документтин кө чү рмө сү тиркеле турган кө ктө мө нү н номери, 814-документтин катар саны. Ал эми 25.10.10.-документти сыртка жө нө тү ү дө коюлган дата. Сыртка жө нө тү лү ү чү иш кагаздарынын чыгыш каттоо номери бланктын белгиленген жерине бурч мө ө р менен дагы коюлушу мү мкү н. Тескеме документтердин (токтом, буйрук, протокол) индекси айырмаланып турат. Алардын индекси болуп, ар бир документке берилү ү чү каттоо номеринин ө зү саналат. Мекемелерге, уюмдарга келген жана чыккан иш кагаздары ө зү нчө журналга келген жана чыккан каттоо номерлери менен каттоого алынат. Анда келген жана сыртка жө нө тү лгө н документтердин кыскача мазмуну, кайдан жана ким тарабынан келди, ошондой эле кайда жана кимге жө нө тү лдү деген маалыматтар камтылат.

Тиркеме бар экендиги жө нү ндө белги. Кызматтык иш кагаздарынын айрым тү рлө рү тиркемелер менен берилет. Тиркемелер иш кагазында берилип жаткан маселеге кошумча маалымат берет, толуктайт. Тиркеменин бар экени иш кагаздын текстинин ө зү ндө мазмуну менен чогуу кө рсө тү лө т же “колу” маалым дарегинен мурда кө рсө тү лө т. Уюштуруу –тескеме иш кагазында тиркемелер документтин биричи барагынын жогорку оң жак бурчунда кө рсө тү лө т. Мисалы:

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кең ешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2002-жылдын 28-июнундагы З №830-II токтомуна тиркеме

 

Тиркемелер бир барактан турса, ага номер коюлбайт. Эгерде ал бир нече барактан тү зү лсө, № белгиси жок эле катар сандар менен ажыратылат. Иш кагазында кө рсө тү лгө н тиркеме бир нече тиркемелерден турса, анын ар бирине № белгиси коюлбастан, катар сан менен белгиленет. Мисалы:

Тиркеме:

  1. Арыз
  2. Буйруктун кө чү рмө сү
  3. Протоколдун кө чү рмө сү

Эгерде тиркеме иш кагазында кө рсө тү лгө н даректин баарына жө нө тү лбө сө, анда тиркеме бар экендиги тө мө нкү дө й тү рдө жазылат. Мисалы:


Поделиться:



Популярное:

Последнее изменение этой страницы: 2016-07-13; Просмотров: 2549; Нарушение авторского права страницы


lektsia.com 2007 - 2024 год. Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав! (0.058 с.)
Главная | Случайная страница | Обратная связь