Архитектура Аудит Военная наука Иностранные языки Медицина Металлургия Метрология
Образование Политология Производство Психология Стандартизация Технологии


Тиркеме: 5 баракта, 2 нускада биринчи дарекке.



 

Эгерде тиркемелер ө зү нчө китепче тү рү ндө болсо, анда барактын саны кө рсө тү лбө йт[8].

 

Документти аткаргандыгы жана кө ктө мө гө жө нө тү лгө ндү гү жө нү ндө гү белги

Документтин “аткарылгандыгы жө нү ндө белги” маалым дареги аткаруучунун аты-жө нү нө н жана анын телефон номеринен турат да, ал чыккан иш кагаздарына коюлуучу белги болуп саналат. Иш кагазындагы мындай белги документти даярдаган адам менен байланышууга жана козголуп жаткан маселелени тактоого же тү шү ндү рмө алууга шарт тү зө т. МАМСТ 6.38-90 боюнча мындай маалым дарек иш кагазынын акыркы барагынын бет жагына же анын арт жагына, ылдыйкы сол бурчка кичине арип менен жазылат. Мисалы:

Аткарган М.Тагаев

Тел: 36 84 42

Мында Тагаев - документти аткарган адамдын фамилиясы, 36 84 42 анын телефон номери.

Зарыл учурда жана жашыруун документтерде, документти терген катчы адамдын индекси, басылган нускаларынын саны, кү нү, айы, жылы аткаруучунун аты-жө нү нө н кийин берилши мү мкү н[9]. Мисалы: документ 2012-жылдын 6-мартында 3 нускада Базаралиева Гү лзат деген катчы тарабынан терилди дейли:

Аткарган М.Тагаев

Тел: 36 84 42

БГ 3 06.03.12.

Мында БГ – катчынын индекси. Ал Базаралиева Гү лзат, аты менен фамилиясы баш тамгаларынан кыскартылып берилди, 3 - терилген иш кагаздын нускасынын саны, калган дата (кү нү, айы, жылы) коюлду.

Иш кагазын аткаргандыгы жана аны кө ктө мө гө жө нө ткө ндү гү жө нү ндө гү белги, маселе чечилер жана документти жө нө тө р замат коюлат. Ал “Кө ктө мө гө ” сө зү нө н, документ тиркеле турган кө ктө мө нү н номеринен, документти аткаруу жө нү ндө кыскача маалыматтан, колдон жана датадан (кү нү, айы, жылы) турат. Ал документтин сол тарабынан ылдыйкы талаасына коюлат. Мисалы:

Кө ктө мө гө 04-8/110 16.08.09

Ф.Иманалиева 17.08.09

 

Кө зө мө л жө нү ндө белги

Мындай маалым дарек аткарууну талап кылган жана кө зө мө лгө алына турган иш кагаздарына коюлат. Кө зө мө л белгиси К тамгасынан же Кө зө мө л бурч мө ө рү нө н документтин аталышы менен бирдей дең гээлде барактын сол тарабына же атайын бө лү нгө н терезеге коюлат. Терезенин ө лчө мү 16х18 мм болот[10]. Мисалы:

 

  КАпрель элдик ревоюциясына карата эскерү ү кү нү н уюштуруу  

 

Же:

  Апрель элдик ревоюциясына карата эскерү ү кү нү н уюштуруу
Кө зө мө л

 

 

 

 

Барактарга номер коюу

Иш кагаздарына номер коюлат. Документ бир барактан турса, ага номер коюлбайт. Бир нече барактан турган документтерге номер араб цифрасы менен эч кандай сызыкчасыз жана чекитсиз коюлат. Ал барактын ортосунан жогорку талаадан 10-15 мм аралыкта орун алат.

 

Иш кагаздарынын кө чү рмө лө рү н даярдоо

Иш кагаздарынын кө чү рмө лө рү н даярдоо – анын маалым даректерин кайрадан жазуу. Кө чү рмө уюмдун же тү зү мдү к бө лү мдү н жетекчисинин уруксаты боюнча даярдалат.

Ар бир мекеме ө зү ндө тү зү лгө н иш кагаздарынын кө чү рмө лө рү н гана кү бө лө ндү рө алат. Бул эреже архивдик жана нотариат уюмдарына таралбайт. Жарандарды жумушка, окууга алууга, алардын эмгектик, жашоо-тиричилик ж.б. укуктарын канааттандырууга тиешелү ү иштерди чечү ү дө мекемеге башка мекемелер берген дипломдордун, туулгандыгы жө нү ндө кү бө лү ктү н ж.б. кө чү рмө лө рү н даярдоого уруксат берилет.

Иш кагазынын кө чү рмө сү кө чү рмө нү даярдаган уюмдун бланкына тү шү рү лө т. Ал кө чү рмө гө анын тууралыгын кү бө лө ндү ргө н кызмат адамынын колу коюлат. Эгерде кө чү рмө бланкка тү шү рү лбө сө, аны кө чү рү ү дө чыныгы кө чү рү лү п жаткан бланктын тексти толук бойдон кайра сакталат. Иш кагазынын кө чү рмө сү нү н белгиси “Алуучу” маалым дарегинин ү стү нө же биринчи беттин оң жак жогорку бурчуна “ КӨ ЧҮ РМӨ ” деген белги коюлат[11]:

 

Кө чү рмө Эмгек китепчеси

 

Иш кагазын кү бө лө ндү ргө ндө “колу” маалым дарегинен мурда “анык” деп жазылат жана кө чү рмө нү кү бө лө ндү рү п жаткан адамдын кызматынын аты, аты-жө нү, колу жана кү бө лө ндү рү ү датасы коюлат. Мисалы:

 

Анык Эмгек инспекциясынын директору (колу) Ч. Жуманова 16.08.78

 

Кө чү рмө башка мекемеге жө нө тү лгө ндө же талап кылган адамга берилгенде гербдү ү мө ө р басылат.

Иш кагаздары менен иштө ө анда коюлган талаптарды так аткарууну, бекитилген эрежелерди туура сактоону талап кылат. Ал эми иш кагаздары менен иштө ө нү уюштуруу ө зү нү н кучагына иш кагаздарын жү гү ртү ү, жогоруда берилген иш кагаздарын каттоо, иш кагаздарынын аткарылышын кө зө мө лдө ө нү уюштуруу, жарандар менен иш алып баруу, иш кагаздарын аткаруунун мө ө нө тү, иш кагаздарынын аткарылышын тескө ө, иш номенклатурасын тү зү ү, кө ктө мө лө рдү даярдоо, аларды архивге ө ткө рү ү ж.б.у.с. процесстерди камтыйт. Иш кагаздары менен иштө ө мекемеде туура уюштурулса, мекемедеги жумуш процессинин так жана ө з убагында аткарылышына шарт тү зү лө т.

 

Иш кагаздарын аткаруунун мө ө нө тү.

Иш кагаздарында кө рсө тү лгө н маселени аткаруунун мө ө нө тү документтин текстинде же жетекчинин резолюциясында кө рсө тү лгө н мө ө нө ткө карата аткарылат. Башкача айтканда, иш кагазын аткаруунун мө ө нө тү ошол иш кагазынын текстинин мазмунунда берилет. Ө кмө т тарабынан айрым учурда тез (срочный) деген белги менен иш кагаздар келиши мү мкү н. Мындай иш кагаздары документте кө рсө тү лгө н мө ө нө ткө карата же 3 (ү ч) жумушчу кү ндү н ичинде документте козголгон маселе чечилип, жооп кайтарылууга тийиш. Документти аткаруу мө ө нө тү ага кол коюлган кү ндө н, ал эми башка мекемелерден тү шкө н иш кагаздары ошол тү шкө н кү ндө н тартып эсептелет. Иш кагаздарын аткаруу мө ө нө тү типтү ү жана жеке болушу мү мкү н. Эгерде документ шашылыш болбосо, иш кагаздарынын типтү ү аткаруу мө ө нө тү он кү ндө н ашпашы керек.

Аткаруунун жеке мө ө нө тү н мекеме жетекчиси коюп, резолюцияда белгилейт. Тескеме жана коллегиялуу органдардын иш кагаздарындагы берилген тапшырмалардын ар бир пунктуна ө з-ө зү нчө аткаруу мө ө нө тү кө рсө тү лө т. Иш кагаздарынын аткаруу мө ө нө тү н узартуу жетекчинин кө рсө тмө сү менен же ошол мө ө нө ттү койгон мекеменин уруксаты менен узартылат[12].

Жеке-уюштуруу иш кагаздары

Арыз

(Заявление)

Арыз- жеке адам, жамаат, мекеме, уюм тарабынан зарыл болгон тарапка мекеменин жетекчисине, белгилү ү бир адамга сураныч, сунуш, арыздануу маанисинде жазылган иш кагазы.

Арыз-сураныч, сунуш, арыздануу, ж.б. мазмунунда жазылат. Адамдын жашоо, иштө ө процессинде ар кандай кырдаалдарга байланыштуу арызды тү рдү ү мазмунда жазууга туура келет. Ошого байланыштуу арыздын тө мө ндө гү дө й тү рлө рү колдонулат:

Арыздын кайсы тү р экендигине карабай жалпысынан тө мө ндө гү дө й маалымдаректер (реквизиттер) колдонулат:

1-маалым даректе мекеменин аталышы, жетекчинин кызматы жана аты, жө нү жазылат. Жетекчинин аты жана атасынын аты кыскартылып, фамилиядан мурда жазылат. Фамилиясы барыш жө ндө мө дө толугу менен жазылат. Мисалы, У.О. Осмонбековага

Жетекчинин аты-жө нү нө н мурда илимий даражасы, наамы берилет. Мисалы, филология илимдеринин доктору, профессор А.М. Молдокановго

2-маалым даректе арыздануучунун кайсы жерде, ким болуп иштери, же кайда жашары, аты, атасынын аты кыскартылып же толук атооч жө ндө мө дө фамилиясы чыгыш жө ндө мө дө толук жазылат. Мисалы, Аалы Молдоканович Молдокановдон же А. М. Молдокановдон

3-маалым даректе иш кагазынын аталышы тексттин ортосуна баш тамга менен жазылат: ( Арыз)

4-маалымдарек -тексттин мазмунуна коюлуучу талаптарды ө зү нө камтыйт. Текстте арыздануучунун ою расмий стилде так, кыска, тү шү нү ктү ү жазылат. Арыздын тексттинде улам башка ойго ө ткө н сайын абзацтан жазылууга тийиш.

5-маалым даректе арызга далил катары же керектө ө гө ылайык ар кандай иш кагаздарынын кө чү рмө лө рү тиркелет. Арыздын тексттинин аягына абзацтан «Тиркеме» деген термин менен номурланып тиркеменин канча бет экендиги жазылат.

6-маалым даректе арыз жазылган айы, кү нү, жылы алты сан менен же сан, сө з менен жазылат: 04.02.12 же 2012-жылдын 4-февралы.

7-маалым даректе арыздануучунун колу коюлат.

8-маалым даректе арыздануучунун аты жана фамилиясы кө рсө тү лө т.

9-маалым даректе мекеменин айрым тиешелү ү кызматкерлеринин арыз менен таанышкандыгы жө нү ндө, арыздын текстинин мазмунуна карата пикирлерин туюнткан кол белги коюлушу мү мкү н.

10-маалым даректе арыздын индекси белгиленет. Ал каттоо журналына тү шү рү лө т жана ал белги аркылуу арыздын текстинде козголгон маселенин ишке ашырылышы кө зө мө лдө нө т.

Маалымдаректердин аралыгы бири-биринен даана айырмаланып турушу керек. Жетекчинин резолюциясы барактын жогорку сол жак бурчундагы бош орунга коюлат.

Арыздын тө мө ндө гү дө й тү рлө рү болот:

Ө тү нү ч арызы

Ө тү нү ч (сураныч) арыздары: жарандар ар кандай кырдаалда ө згө рү ү лө ргө байланыштуу жашоосуна, ишине байланышкан мисалы, балдар бакчасына кирү ү гө, мектепке кирү ү гө, жумушка кирү ү дө, жумуштан бошонууда, кызматкерлер, жеке ишкерлер ө здө рү нү н ишине байланыштуу, студенттер башка адистикке которулууда, окуунун акысын тө лө ө дө, жеӊ илдик алуу ү чү н ж.б. кырдаалдарда колдонулат.

1. Ө тү нү ч арызы

Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын жетекчиси Э.С. Каптагаевге Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Сот органдары бө лү мү нү н башчысы, Бишкек шаарынын «Чыгыш-5» кичи районунун 12-ү й 44-батиринин жашоочусу К. А. Дү йшеевден   Арыз Мага Чү й облусунун Жайыл райондук сотунун ишин текшерү ү ү чү н, иштин зарылдыгына байланыштуу 2011-жылдын 8-октябрынан 19-октябрына чейин иш сапарга чыгууга уруксат этү ү ӊ ү здү ө тү нө м.   05.10.2011. (колу) К. А. Дү йшеев

2.Эмгек ө ргү ү арызы.

Эмгек ө ргү ү арыздары – кызматкерлер эмгек, декреттик, кезексиз ө ргү ү лө ргө

чыкканда, кызматына кайра киргенде жазылат.

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын директору А. Калмаматовго Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын изилдө ө бө лү мү нү н серепчиси, Бишкек шаарынын «Жал» кичи районунун 19-ү й, 57-батиринин тургуну Ш. К. Айылчиевден Арыз Мага ден соолугумду чыӊ доого байланыштуу 2011-жылдын 1-мартынан 15-мартына чейин кезексиз эмгек ө ргү ү берү ү ӊ ү здү суранам. Тиркеме: 1. Дарт аныктаманын кө чү рмө сү. (1 бет)   28.02.12. (колу) Ш. К. Айылчиев  

 

Жарандар кызматтан эмгек тартиби боюнча же кезексиз ө ргү ү гө чыкканда жазылат

Кыргыз Республикасынын Президетине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын тө рагасы Р.Ч.Момбековго Котормо, терминология, жарнама жана маалымат бө лү мү нү н башчысы Аалы Молдокановдон   Арыз   2011-жылдын 26-июлунан баштап кезектеги эмгек ө ргү ү гө чыгууга уруксаат берү ү нү здү ө тү нө м. 25. 07. 2011-ж. (колу) А. Молдоканов

3.Эмгек ө ргү ү сү нө н кайтуу арызы

Кызматкерлер эмгек ө ргү ү сү нө н кайра кызматка киришү ү ү чү н жазылуучу иш кагазы.

Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору, академик В. И. Нефадьевге кыргыз тили кафедрасынын доценти, Г. А. Васильковадан Арыз   Мени эмгек ө ргү ү сү нө н кийин 2011- 2012-окуу жылынын 1-сентябрынан баштап ө з кызматына киришти деп эсептө ө ӊ ү здү суранам.   23.09.2012-ж. (колу) Г. А. Василькова  

4. Жумушка кирү ү арызы

Жарандар кызматка же жумушка кирү ү дө мекеменин жетекчисинин атына жазылат.

Кырыгыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын тө рагасы Р. М. Момбековго Аламү дү н-1 кичи районунун №64 ү йдү н 7-батирини тургуну Бирназарова Гү лмирадан Арыз Мени Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Иш кагаздары, кадрлар жана уюштуруу иштери бө лү мү нү н башчылыгына кызматка кабыл алууӊ узду ө тү нө м.   «Тиркеме»: 1. Дипломдун кө чү рмө сү (6 бет)   09.02.12 (колу) Г. Бирназарова

Топтук арыз

Жогорку органдарга, жергиликтү ү бийликке, айылдык кеӊ ешке, айыл ө кмө тү нө айрым учурда кө пчү лү ктү н атынан суроо, ө тү нү ч, доо тү рү ндө арыз жазылат.

Бү ткү л дү йнө ү к Мусулман жаштары Ассамблеясынын президенти Мырза Саид Баюмиге Чү й областынын Таш-Дө бө айылындагы кургак учукка каршы бейтапкананын дарылануучуларынан Арыз Биздин ооруканада жү згө жакын бейтаптар кургак учук дарты боюнча дарыланып жатат. Булардын 30га жакыны ө спү рү м курактагылар. Оорудан сакаюу ү чү н кү чтү ү дары-дармек жана кубаттуу тамак-аш керектелет. Бирок биздин бейтапканага мамлекет тарабынан жогорудагы талаптарды аткарып, аларды камсыз кылууга ылайык каражат бө лү нгө н жок. Бир кү нгө болгону 60 сом бө лү нгө н. Сизди элибиз журтубуздун эртеӊ ки келечегин ойлогон, мекенчил жигити катары тааныйт. Бул кө йгө йгө сиздин кө мө к кө рсө тү ү ӊ ү згө ишенебиз.    

Которулуу арызы.

Кызматкерлер кызматтык абалынан ө згө рү ү гө дуушар болгондо, мекемеден башка мекемеге которулганда ж.б. себептерде жазылуучу иш кагазы.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Бажы кызматынын торагасы К.К. Кулматовго улук инспектор У.Усманжановдон     Арыз Менин Сизге кайрылуумдун себеби, оз каалоомо байланыштуу мени котрабандалык башкы башкармалык кызматына которууӊ узду суранамын.   Тиркелет: Жогорку билим жө нү ндө гү дипломдун кө чү рмө сү (6 бет) 09.11.2011. (колу) У.Усманжанов

Арызды жеке адамдар гана жазбастан, мекеме, уюмдар да жазат мындай арыздар жеке киши жазган арыздан айырмаланып, жоопко тартуу, доо койгон мазмунда болушу мү мкү н.

Кызмат арыздары, адатта, атайын иш кагаздарына жазылат. Эгерде мекеменин андай иш кагазына жазылбаса, андай кызмат арызына штамп (тө рт бурчтуу мө ө р) коюлат.

Доо арызы

Бул арыз башка бир мекемеден же уюмдан тиешелү ү товарын, мал-мү лкү н ө ндү рү п берү ү жө нү ндө сотторго жазылат.

Уюмдар арасында тү зү лгө н келишим боюнча экинчи тараптын эскертү ү сү жоопсуз калтырылса, же ал толук канаттандырылбаган учурда да доо арызы жазылат.

Мындай доо арыздарынын адаттагы арыздардан мазмуну башкачараак болот. Доо арызынын негизги маалым даректери тө мө нкү лө р:

1. Кайрылган мекеменин аты, иштин тү зү лгө н убагы жана катар номуру кө рсө тү лгө н штамп;

2. Соттун дареги же мамлекеттик мекеменин аты (барактын жарымынан баштап, оӊ жагына жазылат);

3. Доогердин толук аталышы жана дареги;

4. Жоопкердин толук аталышы жана дареги;

5. Доонун суммасы;

6. Документтин аталышы (доо арызы)

7. Доо арызынын мазмуну. Текстте доогер эмненин негизинде доо коюп жаткандыгын, жоопкердин эскерткен кайрылуусуна берилген жоопту канааттандырбагандыгы, келишимди аткарууга жоопкердин туура эмес мамилеси толук, далил аркылуу так кө рсө тү лү шү зарыл;

8. Тиркеме, аткарылган иш кагаздары;

  Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна Доочу: Бишкек шаарынын Жибек Жолу кө чө сү нү н №15 ү йү нү н тургуну Мамакеева Замира Токторбековна Жоопкер: Бишкек шаарынын Жибек Жолу кө чө сү нү н 17 ү йү нү н тургуну Садыбакасова Калыйпа Шаршеновна   Доо арызы Мен, Мамакеева Замира Токторбековна 18 жылдан бери Садыбакасова Калыйпа менен коң шу жашаймын. 1994-жылдын 30-августунда чыккан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоонун чечиминде кө рсө тү лгө н мага тиешелү ү жер тилкенин 1 (бир) сотых жер тилкесин К. Садыбакасова кошо тосуп алган. Бул боюнча айыл ө кмө тү тарабынан тү зү лгө н комиссия акт тү згө н. Мага тиешелү ү жер тилкени бө лү п берү ү нү коң шум Садыбакасова Калыя аткарбай койду. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунан ушул маселени туура чечип берү ү нү суранам.   Тиркеме: 1. Айыл ө кмө тү тарабынан тү зү лгө н комиссиянын акты; 2. Жер тилкесинин фотосү рө тү.   З. Мамакеева 03.03.2012

 


Поделиться:



Популярное:

Последнее изменение этой страницы: 2016-07-13; Просмотров: 1022; Нарушение авторского права страницы


lektsia.com 2007 - 2024 год. Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав! (0.03 с.)
Главная | Случайная страница | Обратная связь