Архитектура Аудит Военная наука Иностранные языки Медицина Металлургия Метрология
Образование Политология Производство Психология Стандартизация Технологии


Кызматкерлерди сыйлоо буйругу



Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия БУЙРУК 56 05.09.2011-ж. Бишкек шаары   Окутуучуларды сыйлоо жө нү ндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин ө нү гү шү нө кошокон зор салымдары ү чү н тө мө нкү окутуучуларды сыйлоого БУЙРУК КЫЛАМЫН:   1. Мажитова Рахат- Кыргыз-Тү рк “Манас” университетинин окутуучусу “Ардак грамота” менен;   2. Абылкасымова Тамара – Кыргыз-Тү рк “Манас” университетинин окутуучусу “Ардак грамота” менен СЫЙЛАНСЫН.   Негиз: Кафедра башчысынын кө рсө тмө сү.   Тө рага (колу) Р.Момбеков

4.Буйруктун кө чү рмө сү

Мекемелердин же жарандардын талабы боюнча буйруктун кө чү рмө сү берилет. Кө чү рмө компьютерде кайра даярдалып, аны талап кылган тарап ү чү н зарыл болгон маалымдаректер толук киргизилиши керек.

Буйруктун тексти жө нө кө й болсо, анда тү п нуска толугу менен кө чү рү лү п, ага жетекчи кол койбой эле, кеӊ се кызматкерлеринин “Кө чү рмө анык ” же “Анык” дегенвизасы менен ырасталат. Кө чү рмө нү даярдоочу колун коюп, кеӊ сенин тө гө рө к мө ө рү н басат.

 

 

Жө нө кө й буйруктун кө чү рмө сү нү н ү лгү сү:

«БЕРЕКЕТ ГРАНД» CООДА БОРБОРУ БУЙРУКТАН КӨ ЧҮ РМӨ 21.02 11. №3 Бишкек шаары Кадрлардын ө здү к курамы боюнча Башка жумушка которуу жө нү ндө Насырова Рахат ээлеген кызматынан бошотулуп, 2011-жылдын 2-февралынан 15500 сомдук айлык акы менен директордун орун басарлыгына ДАЙЫНДАЛСЫН. Негиз: Р.Насырованын арызы. Башкы директор (колу) З.И. Осмоналиев Кө чү рмө анык Катчы (колу) Ф. Бирназарова 12.04.2011-ж. Мө ө рдү н орду

КӨ РСӨ ТМӨ

(Распоряжение)

Мекемелерде кабарлоо-усулдук тү рдө гү маселелер, ошол сыяктуу буйруктар, нускамалар ж.б. кө рсө тмө документтерди аткаруу жарнама уюштуруу маселесине байланыштуу чыгарылган укуктук документ- кө рсө тмө. Кө рсө тмө гө биринчи жетекчи, баш кыбачы, орун басар кол коюуга укуктуу. Кө рсө тмө иш кагазы басылат. Бул дагы буйрук тү рү ндө, адатта, тема коюлуп жазылат.

Кө рсө тмө киришү ү жана буйрук бө лү ктө рдө н турат. Кириш бө лү мдө “мындай максатта”, “мындай буйрукту аткаруу ү чү н” деген сыяктуу сө з айкаштары колдонулат жана “ЖҮ КТӨ ЙМҮ Н”, “СУНУШ КЫЛАМЫН” сө здө рү менен аяктайт. Тийиштү ү кызматкерге анын кызматына тике тиешелү ү болбогон иштер тапшырылса, анда “СУНУШ КЫЛАМЫН” сө зү колдонулат. Кө рсө тмө нү н тилинин стили жана аткарылуу формасы буйрукка окшош.

Кө рсө тмө нү н ү лгү сү:

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги К Ө Р С Ө Т М Ө 15.06.2011 №10 Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги Германиядан алып келинген дарыларды пайдаланып, бир жаштан 17 жашка чейинки ө спү рү м балдарды кызамык оорусуна каршы алдын-ала дарылоо ишин жү ргү зү ү нү ишке ашыруу зарыл. Бул ишти жү зө гө ашыруу ү чү н министрликтин илимий иштер боюнча орун басары Г.С. Жуматаевага тө мө нкү лө рдү МИЛДЕТТЕНДИРЕМИН: 1. Республиканын бардык медициналык участкалык башчыларынан дарыны пайдалануу боюнча бир кү ндү к семинары ө ткө рү лсү н. 2. Дарылар ар бир райондон берилген суроо-талапка ылайык бө лү штү рү п берилсин. 3. Алдын ала дарылоо иши 2011-жылдын 20-декабрына чейин аяктасын. Министр (колу) С. Жумабеков  

 

ЖАРЛЫК

(Указ)

Жарлыкты мамлекет башчысы чыгарат. Жарлык менен мамлекеттик орден жана медалдар, ардак наамдар, дипломатиялык рангдар ыйгарылат, ө лкө гө ө згө чө кырдаалдар жана согуштук абалдар киргизилет, кимдир бирө ө гө ө лкө нү н жарандык укугу берилет же жарандык укук алынат. Кыскасы, мамлекеттеги саясий жана экономикалык мааниге ээ болгон бардык иш-чаралар жарлык аркылуу жайылтылат жана аткарууга алынат.

Кыргыз Республикасында жарлыкты ө лкө нү н Президенти гана чыгара алат.

Жарлык тү зү лү шү жана мазмуну боюнча жө нө кө й жарлык жана татаал жарлык болуп бө лү нө т.

Жө нө кө й жарлык конкреттү ү кимдир бирө ө гө же адамдардын тобуна арналып чыгарылып, анда сыйлоо, наамдарды ыйгаруу, кызматтарга дайындоо ж.б. ишке ашырылат.

Жө нө кө й жарлыктын маалым даректери:

1. Документтин аты;

2. Текст;

3. Кызмат орун;

4. Колу;

5. Аты-жө нү;

6. Каттоо номуру;

7. Жарлык даярдалган жай;

8. Кү нү, мө ө нө тү;

 

“Документтин аты” маалым дареги эки сапка жазылат: биринчи сапта “Кыргыз Республикасынын Президентинин” бө лү гү, экинчи сапта “Жарлыгы” бө лү гү жайгаштырылат. Иш кагаздын аталышын жалаӊ баш тамга менен да жазууга болот.

“Текст” маалым дарегинде жарлыктын мазмуну кыска жана сыйымдуу формада туюнтулат. Андагы фамилия баш тамга менен биринчи болуп, аты жана атасынын аты жалпы негизде фамилиядан кийин жазылат.

Тексттин эӊ акыркы сө зү баш тамгалар менен 3-жактын буйрук этиш формасында белгиленет.

“Кызмат орун” маалым дарегинин чечмелениши- Кыргыз Республикасынын Президенти.

“Колу” маалым дарегинде адатта Президенттин факсимилеси коюлат.

“Аты-жө нү ” маалымдарегинде Президенттин атынын гана баш тамгасы берилет жана фамилиясы андан кийин келип, ал баш тамгалар менен жазылат.

“Каттоо номуру” маалым дареги массалык-маалымат каражаттарында жарыяланбайт. Ал тү п нускада гана белгиленет.

“Борбор шаар, ө кмө т ү йү ” маалым дарегинин белгилениши – Бишкек шаары, Ө кмө т ү йү.

“Мө ө нө тү ” маалым дареги толук жазылууга тийиш.

Жө нө кө й жарлыктын ү лгү сү:

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарына класстык чендерди берү ү жө нү ндө Кыргыз Республикасынын тө мө нкү кызмат адамдарына класстык чендер берилсин: “Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеӊ ешчиси”   ЖолдубаеваИндиа Ырысбаевнага -Кыргыз Республикасынын Ө кмө тү нү н Аппаратынын Укуктук жактан камсыз кылуу бө лү мү нү н башчысы;   Момбеков Рыскелди Чыныбековичке-Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын тө рагасы;   Касымов Роман Пазыловичке -Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊ ешинин Иш башкаруучусу.   Кыргыз Республикасынын Президенти Р. Отунбаева Бишкек ш. 2011-жылдын 12-августу ПЖ №190

Татаал жарлыктын маалым даректеринин жайгашуу тартиби тө мө нкү дө й:

Маалым даректер тө мө нкү дө й чечмеленет:

 

1. Жарлыктын текстинин темасы;

2. Иш кагазынын аталышы;

3-А. Тексттин киришү ү бө лү гү;

3-Б.Тексттин негизги бө лү гү;

4. Жарлыкты аткарууну кө зө мө лдө ө гө жооптуу;

5. Жарлыктын расмий кү чү нө кирү ү мө ө нө тү;

6. Кызмат орун;

7. Колу;

8. Аты-жө нү;

9. Жарлык даярдалган жай;

10. Кү нү, мө ө нө тү;

11. Каттоо номуру.

“Жарлыктын текстинин темасы” маалым дарегинде жарлыктын текстинин мазмуну чагылдырылат. Тема тексттин мазмунун так, кыска тү рү ндө туюнтулушу талап кылынат.

" Иш кагазынын аталышы” маалым дареги эки сапка бө лү нү п жазылат: биринчи сапта “Кыргыз Республикасынын Президентинин” бө лү гү, экинчи сапта “Жарлыгы” бө лү гү жалаӊ баш тамгалар менен да жазылышы мү мкү н.

Жогорудагы эки маалым дарек ө з ара “жө нү ндө ” кызматчы сө зү менен байланышып бир бү тү ндү ктү тү зү п турушу талап кылынат. “Жө нү ндө ” кызматчы сө зү “Жарлыктын текстинин темасы” маалым дарегинин аягына келтирилет.

“Жарлыктын текстинин темасы” жана “Иш кагаздарынын аталышы” маалым даректери графикалык каражаттардын жардамы (мисалы: шрифтерди карартып же кыйшайтып жазуу ж.б.) менен ө з ара айырмаланып турушу керек:

“Тексттин киришү ү бө лү гү ” маалым дарегинде сө з болуп жаткан жарлыкты даярдоонун негизги себептери кө рсө тү лү п, “...токтом кылам” деген этиш сө з менен аяктайт.

“Тексттин негизги бө лү гү ” маалым дарегинде жарлыктын мазмуну пункттар же беренелер боюнча конкреттештирилет. Тексттин мазмунуна ылайык пункттар “...милдеттендирилсин”, “...уюштурулсун”, “турмушка ашырсын” деген сыяктуу 3-жактагы буйрук этиш сө здө р менен аякташы мү мкү н.

“Жарлыкты аткарууну кө зө мө лдө ө гө жооптуу” маалым дарегинде кө зө мө лдү к кылуучу органдын же бө лү мдү н аталышы кө рсө тү лө т.

“Жарлыктын расмий кү чү нө мө ө нө тү ” маалым дарегине конкреттү ү (мисалы: ... жарыяланган кү ндө н тартып..., ...2000-жылдын 1-сентябрынан... деген сыяктуу) мө ө нө т коюлат.

6, 7, 8, 9, 11-маалым даректер жө нө кө й жарлыктын окшош аталыштагы маалым даректеринин аткарылышына окшош болот.

Татаал жарлыктын ү лгү сү:

Ага чейин жарлык тиешелү ү эл чарба тармагында укуктук кү чкө ээ болот жана аны тиешелү ү мекемелер, тараптар жана жеке адамдар сө зсү з аткарууга милдеттү ү.

ЖОБО

(Положение)

Мамлекеттик, жамааттык жана менчик мекемелердин жалпы ишмердигин нормага салган жана мамлекеттин аракеттеги мыйзамдары, токтомдорунун негизинде тү зү лгө н расмий иш кагазы - жобо.

Жобо-ар бир мекемеде тү зү лө т жана ошол мекеме ө з ишмердигин жобонун негизинде жү ргү зө т.

Жобо тө мө нкү дө й маалымдаректерден тү зү лө т:

1. Жобону бекитү ү белгиси;

2. Жобонун расмий аталышы;

3. Жалпы маселелер;

4. Тү зү м;

5. Негизги милдеттер;

6. Ишти уюштуруу;

7. Мекеменин укуктары жана милдеттери;

8. Мекемени ө згө ртү п тү зү ү жана жоюу;

 

Зарыл болсо, жобонун маалым даректери дагы башка белгилер менен толукталышы мү мкү н.

“Жобону бекитү ү белгисинде” ар бир мекеменин жетекчилиги ө з жобосун качан бекиткендиги жө нү ндө белги коёт. Ал белги барактын оӊ жак жогорку бө лү гү нө белгиленет.

“Жобонун расмий аталышы (ЖОБО)” белгиси жобонун аталышы болуп саналат да, ал аталыш жалпы негизде жазылат.

 

“Жалпы маселелер” маалым дарегинде аталган жобо эмне ү чү н же кайсы буйруктун (жарлыктын, токтомдун) негизинде тү зү лгө ндү гү, жобонун ээси болгон мекеме ө з ишмердигинде кайсы мыйзамдарга, ө кмө ттү к токтомдорго таянары, мекеменин жетектө ө чү органы жана анын мү чө лө рү нү н саны, жетекчилиги жана анын кимге баш иери, мекеменин мө ө рү, расмий бланктарынын бар экендиги тууралуу сө з болот.

“Тү зү м” маалым дарегинде жобонун ээси болгон мекеменин тү зү мдү к ө згө чө лү гү, ал эми тү зү мдү ө згө ртө албоо укугу, жетекчилердин кызмат милдеттери чагылдырылат.

“Негизги милдеттер” маалым дарегинде жобонун ээси болгон мекеменин ө ндү рү штү к жана коомдук милдеттери, аткаруу жана тескө ө укуктары, мекеменин каржы каражаттарын пайдалануу укуктары, ишмердикти уюштуруу ө згө чө лү ктө рү белгиленет.

“Ишти уюштуруу” маалым дарегинде мекеменин жогорку органы, анын кандай тартипте бир жылда канча ирет ө ткө рү лө рү, чечимди кабыл алуунун шарты, иш кагаздарынын аткарылышы жана сакталышы, мекеменин жалпы ишмердигине жооптуу тараптын кызматтык иш милдеттери чагылдырылат.

“Мекеменин укуктары жана милдеттери” маалым дарегинде мекеменин бюджетинин аныкталышы, мекеменин тү зү мдү к бө лү мдө рү менен биримдикте иштө ө тартиби жана алардын ү стү нө н болгон кө зө мө л иш-милдеттери, мекемеде кызмат орундарынын штатын аныктоо, коомдук жана мамлекеттик башка уюм жана мекемелер менен болгон карым-катнашы, жетекчинин укук жана милдеттери, мекеменин жана ага баш ийген тү зү мдө рдү н сметаларынын бекитилиши ж.б. сыпатталат.

“Ө згө ртү п тү зү ү жана жоюу” маалым дарегинде мекеменин ө згө ртү лү п тү зү ү жана жоюу шарттары жана алар менен байланышкан иш-аракеттер жө нү ндө сө з болот.

Жобонун аракеттеги мыйзамдарга карама-каршы келбестиги жө нү ндө мекеменин укук боюнча кеӊ ешчиси кепилдик бергенден кийин, ал жетекчи тарабынан же мекеменин жамаатынын чогулушунда бекитилет.

Жобо А4 форматындагы кагазга даярдалат. Ал китепче тү рү нө келтирилет, мекеменин тү зү мдө рү нө, жетекчилигине, ар бир кызматкерге жеткирилиши мү мкү н.

Жобого оӊ доолор же толуктоолор киргизилгенде ал кайрадан талкууга коюлуп, жетекчилик же чогулуш тарабынан бекитилет.

 

 

Жобонун ү лгү сү:

Кыргыз республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борборунун Жобосу 1.1.”Кыргыз республикасынын Мамлекеттик тили жө нндө ” Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын Ө кмө тү нү н мамлекеттик тилди ө нү ктү рү ү ү чү н уюштуруучулук, материалдык-техникалык шарттарды тү зү ү багытындагы ченемдик актылардын аткарылышын камсыздоо максатында, ошондой эле мамлекетибиздеги бө тө н тилдү ү калктардын кыргыз тилин окуп, ү йрө нү ү талабын кү чө шү менен бул багыттагы окуу-усулдук чар-жайыттыктарды тартипке келтирү ү, тиешелү ү маалымат базасын тү зү ү талабы Окуу-маалымат борборунун тү зү ү зарылчылыгын пайда кылды. 1.2.Окуу-маалымат борборунун (мындан ары–борбор) уюштуруучусу–Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы. 1.3. Борбор уюштуруучулук укуктук тү рү боюнча мекеме болуп саналат жана ө зү нү н гербдү ү мө ө рү, расмий бланкы, ө з алдынча эсеп-кысабы болот. 1.4. Борбордун дареги: Бишкек шаары, Киев кө чө сү, 96 Б.   2. Борбордун максаты жана милдеттери 2.1. Борбор ө з алдынча укуктук-юридикалык кү чкө ээ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы блим, илим жө нү ндө гү бардык укуктардан пайдалануу менен, Мамлекеттик тил комиссиянын жобосуна, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жө нндө ” мыйзамга жана ө зү нү н жобосуна таянып иш алып барат. Борбор ө з ишмердигине Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын кө рсө тмө лө рү н жетекчиликке алат. Борбор кө рсө тү лгө н кызмат ү чү н мамлекеттик жана коомдук уюмдар, башка чарба жү ргү зү ү чү субъектилер, жеке адамдар чегерген каражаттардын, чыгармачылык ишмердиктин, демө ө рчү лү к колдоолордун эсебинен иш жү ргү зө т. 2.2. Борбордун башкы максаты-республикада мамлекеттик тилди ү йрө нү ү, жайылтуу боюнча илим-билим жагынан, коомдук, маданий жактан иштерди алып баруу, маанилү ү, зарыл маалыматтарды иргеп, талдоого алуу жана топтоо, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жү ргү зү ү боюнча окууларды, семинарларды уюштуруу болуп саналат. Бул багытта электрондук веб-сайт тү зө т, маалымат бюллетендерди чыгарат, усулдук кеӊ ештерди берет. 2.3. Борбор ө з ишинде укуктук тараптар, мамлекеттик мекеме уюмдар, кызматкерлер, жогорку жана орто билимдү ү жарандар менен ө з алдынча тө мө ндө гү багыттар боюнча иш жү ргү зө т: -мамлекеттик кызматкерлер, башка улуттун жарандары, эне тилин начар билгендер ү чү н кыргыз тили боюнча тездетилген курстарды уюштуруу; -мамлекеттик жана башка менчигинин тү рү нө карабастан мекеме-уюмдардын, ишканалардын кызматкерлерине иш кагаздарын орус тили менен катар мамлекеттик тилде жү ргү зү ү гө ү йрө тү ү; -мамлекеттик тилди окутуу боюнча-усулдук жана илимий-усулдук иштерди уюштуруу; -окуу китептерин, усулдук колдонмолорду иликтө ө, талдоого алуу жана даректү ү сунуштарды даярдоо; -мамлекеттик тилди ө ркү ндө тү ү нү н жана аны жайылтуунун илимий-практикалык жолдорун, ыкмаларын изилдө ө, иштеп чыгуу боюнча окуу жана окуу-усулдук куралдарды, адабияттарды жана башка материалдарды тү зү ү жана сунуштоо; -иш кагаздарын жү ргү зү ү жана мамлекеттик тилди ү йрө нү ү боюнча аудио-видео материалдарды, басма материалдарын, компьютердик программаларды, башка маалымат булактарын тү зү ү; -мамлекеттик кызматкерлер, окутуучулар ү чү н илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды, курстарды, кароо-сынактарды, башка иш-чараларды ө ткө рү ү; -курстар ү чү н окуу программаларын, окуу пландарын тү зү ү гө кө мө ктө шү ү; -квалификацияны жогорулатуу курстарын уюштуруу; -алдыӊ кы усулдук иш-тажрыйбаларды жайылтуу; -жогорку окуу жайларына ө тү ү гө даярдоо, консультацияларды тү зү ү гө, которууга жардам кө рсө тү ү; -министрликтердин, мамлекеттик мекеме-уюмдардын жана жеке адамдардын буюртмалары боюнча башка тилдерден кыргыз тилине илимий жана кө ркө м адабияттарды, тексттерди, кө рсө тмө лө рдү, документтерди, фирмалык бланктарды, формулярларды, расмий кагаздарды, ишканалардын иш кагаздарын жана мекемелердин аттарын, рекламалык кулактандырууларды которуу; 3. Борбордун укуктары -кыргыз тилин, иш кагаздарын ү йрө нү ү курстарын уюштурууга, билим берү ү ишмердү ү лү гү н жү ргү зү ү гө; -семинар, конференцияларды, илимий, усулдук билим берү ү багытындагы ар кандай жыйындарды ө ткө рү ү гө; -окуу жана окуу-усулдук китептерди даярдоо, басып чыгарууга жана таркатууга; -кызмат кө рсө тү ү чө йрө сү н кеӊ ейтү ү гө, ишмердү ү лү ктү н жаӊ ы тү рлө рү н киргизү ү гө; -менчигинин тү рү нө карабастан мекеме-уюмдар менен кызматттык келишимдерди тү зү ү гө жана кызматташууга; -эл аралык уюмдар менен ө з алдынча кызматташууга; -гранттык долбоорлорду жазууга жана ал боюнча иш жү ргү зү ү гө; -мамлекеттик тилди ө нү ктү рү ү нү н матеиалдык-техникалык шарттарын жакшыртуу максатында коомдук, экономикалык ишмердү ү лү ктө рдү жү ргү зү ү гө; -тажрыйба алуу максатында чет ө лкө лө ргө кызматкерлерин жө нө тү ү гө жана ал жактан тажрыйбалуу адистерди чакыртууга; 4. Бобордун тү зү лү шү жана аны башкаруу 4.1. Борбордун жогорку башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия болуп саналат. 4.2. Борбордун уюштуруучусу тө мө нкү маселелерди чечет: -Борбордун жобосуна ө згө ртү ү, толуктоолорду киргизү ү; -Борбордун ишмердү ү лү гү ндө гү артыкчылык берилү ү чү багыттарды белгилө ө; -Борбордун жылдык отчетун угуу; 4.3. Борбордун ишин кө зө мө лдө п туруу ү чү н курамы 3 кишиден турган Кө зө мө лдө ө Кеӊ еши Мамлекеттик тилди ө нү ктү рү ү департаменти тарабынан 3 жылдык мө ө нө ткө дайындалат; 4.4.Кө зө мө лдө ө Кеӊ еши: -Борбордун ишмердү ү лү гү нө; -Мыйзамдуулуктун сакталышына; -Жободо кө рсө тү лгө н максат-милдеттерден четтеп кетпө ө сү нө кө зө мө лдү к кылат. 4.5. Борбордун тү зү мү: -Кө зө мө лдө ө кеӊ еши; -Борбордун жетекчилиги. 4.6.Борбордун ишин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын тө рагасы дайындаган директор жетектейт. 4.7. Борбордун директору: -кадр маселесин чечет; -борбордун штатын аныктайт; -борбордун иш планын жана сарптоо сметасын бекитет; -адистердин жү ргү згө н иштерине кө зө мө лдү к жасайт; -жылына бир жолу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдында отчет берет; -борбордун каржы-эсеп, ө ндү рү штү к иштерин, жетекчиликке алат; -жана башка мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде аракеттенет;   5.Борбордун финансы-чарба ишмердү ү лү гү жана мү лкү 5.1.Борбордун финансы каражаттары тө мө нкү булактардан турат: -окуу ү чү н тө лө нгө н каражаттардан; -консультациялык, маалыматтык кызмат ө тө ө дө н тү шкө н каражаттардан; -басма иштерин жү ргү зү ү дө н; -чыгармачылык иштерди жү ргү зү ү дө н; -демө ө рчү лө рдө н, гранттык каражаттардан, жеке адамдардан жана мыйзамга туура келген башка булактардан тү шкө н каражаттардан топтолот. 5.2. Табылган киреше тиешелү ү тө лө мдө рдө н, салыктардан кийин Борбордун максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга жумшалат: -жабдууларга, окуу пландарын, программаларын, окуу жана окуу-усулдук куралдарын тү зү ү гө; -Борбордун материалдык-техникалык базасын чыӊ доого; -Борборду кармап турууга жана ө нү ктү рү ү гө кеткен чыгымдарды тө лө ө гө; -Борбордун кызматчыларынын айлык акыларын тө лө ө гө, сыйлык берү ү гө жана материалдык жактан колдоого; 5.3.Борбор тиешелү ү тартипте бухгалтердик отчеттуулукту ишке ашырат. 6. Ө згө ртү п тү зү ү жана жоюу 6.1.Борбор ө зү нү н ишмердү ү лү гү н ө згө ртү п, кайра тү зү ү нү н жана жоюунун негизинде токтотот. 6.2.Ө згө ртү п. кайра тү зү лгө н учурда бардык ө згө ртү ү лө р уюмдун жобосуна киргизилет. 6.3.Борбордун ишмердү ү лү гү н токтотуу учурунда пайда болгон иш кагаздар Кыргыз Республикасынын “Архивдик фонду жө нү ндө ” мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.     Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борборунун директору А. Исманкулова

Жобонун биринчи бетинде номур коюлбайт. Кийинки беттери номурланат.

Жобонун барактарынан жип ө ткө рү лү п, акыркы беттин артына байланып, чие байланган тү йү ндү н уч жактары кагаз менен бастырылып желимденет жана анын ү стү нө мекеменин гербдү ү мө ө рү басылат. Зарыл болсо, жобо канча беттен турары жазылып коюлат.

Жобо бекитилгенден кийин расмий кү чү нө кирет.

 

ИШЕНИМ КАТ

(Доверенность)

Мекеме, ишкана, бирикме же жеке кишинин атынан иш жү ргү зү ү ү чү н экинчи бир кишиге ишеним билдирилген жана анын ө кү лдү гү н аныктап жазылуучу иш кагазы – ишеним кат. Ал мазмуну жагынан ар тү рдү ү келип, бирө ө нү н мал, мү лкү н башкаруу, акча жана материалдык байлыктарын алуу, сот процессинде тигил же бул ишти алып баруу жана башка иштерди турмушка ашырууга укуктуу экендигин кү бө лө ндү рө т.

Иш-аракетти жү зө гө ашырууга ө кү лдү к укук ишкана, мекеме, бирикме же жеке адам тарабынан берилгендигине байланыштуу ишеним кат кызматтык ишеним кат жана жеке ишеним кат болуп эки тү ргө бө лү нө т.

Кызматтык ишеним кат мамлекеттик мекемелер, акционердик коомдор, агрофирмалар, банктар, кесиптик бирикмелер, партиялар, ар тү рдү ү кооперативдер, чакан ишканалар, коммерциялык мекемелер ж.б. кызматкерге мекеменин атынан иш жү ргү зү ү гө укук берилгендигин расмийлештирү ү максатында берилет. Мындай ишеним катка мекеме жетекчиси колун коюп, мө ө р басып, кү блө ндү рө т.

Айрым учурда, мисалы, жеӊ ил машинаны айдоого, кооперативдик же коомдук мү лктү башкарууга берилген ишеним кат мыйзамдын талабына ылайык нотариат мекемеси тарабынан тастыкталышы зарыл.

Ишеним каттар жарактуулук мө ө нө тү нө карата жө нө кө й ишеним каттар жана ө згө чө ишеним каттар болуп бө лү нө т.

Жө нө кө й ишеним кат бир гана ишти ишке ашыруу милдетин аткарыш ү чү н, мисалы, бир жолу акча же баалуу буюмду алуу ү чү н берилет. Ал эми ө згө чө ишеним каттар узак убакка (мезгилге) созулуучу бир тү рдө гү милдетти аткаруу ү чү н берилет.

Ө згө чө ишеним каттар документ жү ргү зү ү дө расмий ишеним каттар деп да аталат. Биз ушул терминди колдонобуз.

Ишкананын, мекеменин атынан ө кү л катарында иш жү ргү зү ү ү чү н берилген ишеним кат ушундай ишеним каттын тү рү нө кирет.

Расмий ишеним каттардын укуктук кү чү нү н мө ө нө тү кө рсө тү лө т. Андай ишеним каттар бир нече кү ндө н ү ч жылга чейинки мө ө нө ткө берилиши мү мкү н. Эгерде расмий ишеним каттын мө ө нө тү кө рсө тү лбө сө, андай учурда ал берилген кү ндө н баштап, бир жыл бою ө з кү чү н сактайт.

Расмий ишеним каттар, адатта, Кыргыз Республикасынын улуттук статистика комитети бекиткен даяр ү лгү дө аткарылат. Мындай басма иш кагаздарында ишеним каттын тийиштү ү бө лү мдө рү н туура жана анык толтуруу ү чү н атайын орун жана кө рсө тмө лө р болот. Аткаруучу аны толтурат. Басылган бланк болбогон учурда ишеним кат кадимки кагазга жазылып, анын жогорку сол четине ишеним кат берген мекеменин, ишкананын, бирикменин же уюмдун штампы басылат.

Материалдык буюм байлыктарына байланыштуу расмий ишеним катты пайдаланууда атайын жоболор белгиленген. Мындай атайын формадагы ишеним каттар мекеме башчысынын жана башкы эсепчинин колу менен бекитилип, ушул мекеменин кызматкерине гана берилет.

 

Расмий ишеним каттын маалым даректери:

1. Иш кагазынын аталышы (ИШЕНИМ КАТ);

2. Мекеменин штмпы;

3. Текст;

4. Ишеним каттын жарамдуулук мө ө нө тү;

5. Ишеним кат берилген адамдын колунун ү лгү сү;

6. Ишеним кат берилген адамдын паспортунун (же башка документинин) маалыматтары;

7. Мекеме жетекчисинин кызматынын аты;

 

8. Жетекчинин колу;

 

9. Жетекчинин аты-жө нү;

 

10. Башкы эсепчи же эсепчи;

 

11. Башкы эсепчи же эсепчинин колу;

 

12. Башкы эсепчи же эсепчинин аты-жө нү;

 

“Мекеменин штампы 2-маалым дарегинде ишеним кат берилген кү н жана ишеним каттын номуру так кө рсө тү лү шү зарыл. Адатта, ишеним каттарды каттоо журналын жү ргү зү ү максатка ылайыктуу.

“Текст” маалым дарегинде ишеним кат берилген уюмдун расмий аталышы, ишеним кө рсө тү лгө н адамдын аты-жө нү, кайсы мекемеден эмнени канча алары, алуу мө ө нө тү так кө рсө тү лү шү керек. Тексттен ишеним кат берилген адамдын ыйгарым укугу даана кө рсө тү лү шү талап кылынат.

“Ишеним каттын жарамдуулук мө ө нө тү ” маалым дарегинде кү нү, мө ө нө тү так кө рсө тү лө т. Ал кээде тексттен мурда да берилиши мү мкү н.

“Ишеним кат берилген адамдын колунун ү лгү сү ” маалымдарегинде ишеним кат берилген адамдын колунун ү лгү сү кө рсө тү лө т. Бул колдун ү лгү сү башка мекемеден буюм же акча алууда коюлган колу менен дал келиши керек. Ансыз колдун экө ө нү н бирө ө жасалма деп эсептелинип, ишеним кат кү чү нө н ажырайт.

Колдун ү лгү сү мү мкү нчү лү к болсо, кара сыя (паста же туш) менен коюлса болот.

“Ишеним кат берилген адамдын паспортунун (же башка документинин) маалыматтары” маалым дарегинде ишеним кат берилген адамдын паспортунун сериясы жана катар номуру, ал качан, кайсы мекеме тарабынан берилгени кө рсө тү лө т. Кү ч жана фискалдык органдардын кызматкерлеринин кү бө лү ктө рү паспортту алмаштырат.

Ишеним каттын 8, 9, 10–маалым даректери зарыл учурларда гана кө рсө тү лө т.

Расмий ишеним каттардын тексти эркин аткарылат жана ал компьютерде даярдалат.

 

 

Мө ө р Ишеним кат Кыргыз Республикасынын Ө кмө тү нө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Камсыздоо борборунун эсепчиси Кыдыров Кайрат Рысбековичке   “Эл аралык “Манас” ачык акционердик аэропорту менен 2011-жылдын экинчи жана ү чү нчү кварталында Кыргыз Республикасынын Ө кмө тү нө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына Франция, Германия, Англия ө лкө лө рү нө каттамдарды уюштуруу келишимин тү зү ү жө нү ндө жана ага байланыштуу бардык жумуштарды аткарууга укук берет. Ишеним кат 2011-жылдын 30-ноябрына чейин жарактуу.   К.Р. Кыдыровдун Токмок шаарынын ички иштер Колунун ү лгү сү бө лү мү тарабынан 2005-жылдын 10-октябрында берилген АN 567435 паспорту кө рсө ткө нгө жарактуу Бажы кызматынын Президенти (колу) К.Кулматов Бухгалтер (колу) Г. Акынбекова  

Жогорудагы ишеним кат бир гана жолу, кызматкер кыска мө ө нө ттө бир гана ишти бү ткө рү ү гө, тагыраак айтканда келишим тү зү ү гө мү мкү нчү лү к берет.

Ө згө чө мү нө здө гү ишеним каттын ү лгү сү:

Ишеним кат Ушул ишеним кат Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борборунун директору Исманкулова Айнура Тө лө бековнага (паспорт АN 1859316 ИИМ 50-55 2010-жылы 8-июлда Бишкек шаардык ички иштер бө лү мү тарабынан берилген) берилди. Ишеним кат аркылуу Исманкулова Айнура Тө лө бековна Окуу-маалымат борборунун тиешелү ү документтерин Бишкек шаарынын юстиция башкармалыгынан каттоодон ө ткө рү ү ү чү н даярдоого жана кү бө лү гү н алууга укуктуу. Ишеним кат бир айлык мө ө нө ткө 2011-жылдын 22-июлуна чейин берилди. Тө рага Р. Момбеков

Расмий ишеним каттын зарыл бө лү ктө рү бузулбай жана оӊ долбой анык, так жазылышы керек. Негизделген маселесиз материалдык-буюм байлыктарын кимдир бирө ө гө берү ү гө уруксаат этилбейт. Материалдык-буюм байлыктарын алуу ү чү н ишеним катты тү зү ү, аны берү ү жана аткаруу тартибин сактоо, андан соӊ алардын пайдаланышына кө зө мө л кылуу мекеменин башкы эсепчисинин милдети болуп саналат.

Жеке ишеним катты бир гана киши башка бир кишиге анык бир ишти аткарууга ишеним кө рсө тү п жазат. Бул иш кагазы аркылуу белгилү ү мекемеден акча же баалуу буюм, тү рдү ү документти алууга, сатуу жана сатып алуу келишимдерин тү зү ү гө, кимдир бирө ө нү н машинасын айдап жү рү ү гө, менчик мү лкү н башкарууга жана башка ушул сыяктуу жумуштарды жү зө гө ашыруу ү чү н ишеним билдирет.

Жеке ишеним каттын кеӊ ири таралган кызматы маяна, алимент, стипендия, жө лө к пул ж.б. алуу болуп саналат. Мындай ишеним катты нотариустун бекитиши зарыл эмес. Ишеним билдирген кишинин колун ал иштеп же окуп жаткан мекеменин башчысы, ооруканада дарыланып жатса, оорукананын администрациясы, армияда ар бир бө лү ктү н командири жана ушул сыяктуулар бекитиши (кү бө лө ндү рү шү ) мү мкү н.

 

Жеке ишеним каттын маалым даректери тө мө нкү дө й:

1.Иш кагазынын аталышы (ИШЕНИМ КАТ) же Ишеним кат);

2.Ишеним каттын тексти;

-ишеним билдирү ү чү кишинин толук жазылган аты-жө нү;

-ишеним кат берилген кишинин толук жазылган аты-жө нү;

-зарыл болсо анын кызматы, туугандык жайы кө рсө тү лө т;

-ишеним каттын мазмуну, б.а. ишеним кө рсө тү лү п жаткан аткарылуучу иштин

толук баяндамасы;

-ишеним катта кө рсө тү лгө н иш аткарылуучу мекеме;

3. Ишеним кат берилген кү нү, айы, жылы;

4. Ишеним кат берү ү чү нү н колу;

5. Ишеним кат берү ү чү нү н аты-жө нү;

6. Ишеним кат берү ү чү нү н колун ырастаган текст;

7.Ишеним катты кү бө лө ндү ргө н мекеменин аталышы жана жетекчисинин кызматы;

8. Кү бө лө ндү ргө н жетекчинин колу;

9. Кү бө лө ндү ргө н жетекчинин аты-жө нү;

10. Кү бө лө ндү рү лгө н кү нү, айы, жылы;

 

Жеке ишеним каттын даярдалышында ишеним кө рсө тү лгө н адамдын паспорттук (же башка документтик) маалыматтары кө рсө тү лү п, ишеним кө рсө тү лө турган адам ала турган акчанын суммасы, буюмдун тү рлө рү жана саны алдын ала белгилү ү болсо, акчанын суммасы адегенде араб цифрасы, андан кийин жазуу тү рү ндө, буюмдар ирети менен белгиленет.

Жеке ишеним катта ишенилген ишти аткаруу мө ө нө тү кыйыр тү рү ндө “...2000-жылдын февраль айындагы маянамды...” деген сыяктуу формада туюнтулат.

Жеке ишеним каттын укуктук кү нү 3 айга чейин болот.

Жеке ишеним катка кү бө лө ндү рү ү чү тараптын тө гө рө к гербдү ү мө ө рү басылгандан кийин гана ал укуктук кү чү нө кирет.

Эгерде ишеним кат берү ү чү менен ишеним кө рсө тү лгө н кишилердин экө ө теӊ бир мекемеде иштесе (бирге окушса), акча же кымбат баалуу буюмдарды ишеним кат менен алган учурда ишеним кө рсө тү лгө н кишинин ө зү н кү бө лө й турган документтин (паспорт, кү бө лү к) кө рсө тү лү шү зарыл эмес. Бардык башка учурда ишеним катты кө рсө ткө н киши ө зү нү н паспорту же анын ордуна колдонулуучу документин кө рсө тү шү шарт.

Жеке ишеним катттын ү лгү сү:

 

Ишеним кат Мен, Абдылдаева Айнур Нуралиевна, мага тиешелү ү 2011-жылдын май айынын айлыгын кесиптешим Аликеева Айнура Талаповна алып коюусуна ишенем. Абдылдаева Айнур Нуралиевна Паспорт № А 1281812 ИИМ-50-02 (колу)   2011-ж. 1-июнь.

КЕЛИШИМ

(договор)

Эки же андан артык тараптардын жарандык укуктары менен милдеттерин белгилө ө, ө згө ртү ү же токтотуу жө нү ндө гү иш кагазы келишим деп аталат.

Келишим мамлекет, ишкана, фирма илимий мекеме же жамааттык уюмдар, мекемелер ошондой эле эмгекчилердин арасында тү зү лү шү мү мкү н.

Келишим ө з мазмунуна ылайык азык-тү лү ктө рдү ө ткө рү п берү ү, айыл чарба азык-тү лү ктө рү н мамлекетке сатуу, материалдык жоопкерчилик, имарат же курулуш куруу, турак-жайды ижарага алуу, ү й-жай жана транспорт каражаттарын сатуу-алуу, мурас калтыруу, алмаштыруу, мал-мү лкү н ижарага берү ү, карыз берү ү ж.б. жө нү ндө тү зү лө т.


Поделиться:



Популярное:

Последнее изменение этой страницы: 2016-07-13; Просмотров: 811; Нарушение авторского права страницы


lektsia.com 2007 - 2024 год. Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав! (0.101 с.)
Главная | Случайная страница | Обратная связь