Архитектура Аудит Военная наука Иностранные языки Медицина Металлургия Метрология
Образование Политология Производство Психология Стандартизация Технологии


Тараптардын укуктары жана милдеттери



2.1. АТКАРУУЧУ тө мө нкү лө ргө милдеттү ү:

• 2 (эки) ай, 48саат ө лчө мү ндө иш кагаздарын мамлекеттик тилде жү ргү зү ү нү ү йрө тү ү

• келишимде кө рсө тү лгө н иш милдеттерин ө з убагында жана талаптагыдай сапатта,

тиешелү ү кө лө мдө аткарууга;

• иш милдеттерин аткарууга илимий жана чыгармачылык мамиле жасоого;

• аткарган иштери тууралуу жазуу тү рү ндө маалымат берү ү гө;

• келишимди бузуу ниети тууралуу 2 жумадан кечиктирбей жазуу жү зү ндө ТАПШЫРУУЧУГА кабарлоого;

• окуу аяктаганда курстун угуучуларына сынактын жыйынтыгынын негизинде

тастыктама (сертификат) тапшыруу;

 

2.2.АТКАРУУЧУ ө з ишин аткарууда ТАПШЫРУУЧУНУН иш сапатын жогорулатуу

максатындагы кө рсө тмө -сунуштарын эске алып, аткарылган иштер тууралуу

ТАПШЫРУУЧУГА зарылчылыкка жараша маалымат берип турат.

2.3.ТАПШЫРУУЧУ тө мө нкү лө ргө милдеттү ү:

• АТКАРУУЧУНУН окуу процессин аткаруусу жана жакшыртуусу ү чү н зарыл

болгон материалдык-техникалык шарттарды тү зү ү гө;

• кызматкердин сабакка ө з убагында катышуусун камсыздоого;

• келишимге ылайык АТКАРУУЧУНУН кызмат кө рсө тү ү акысын ТАПШЫРУУЧУ

ар кызматкердин 1 (бир) айлык окуу курсу ү чү н 650 (алты жү з элү ү ) сом эсебинде

тө лө п берү ү гө.

3. Эмгек акы тө лө ө

3.1. Иш кагаздарын мамлекеттик тиде жү ргү зү ү курсунун жалпы саны ________ угуучу;

3.2. Келишимдин 2.1. жана 2.3. пункттарында кө рсө тү лгө ндө й ар бир угуучуга ай ү чү н 650 (алты жү з элү ү ү ) сом.

3.3. АТКАРУУЧУ кө рсө тү лгө н мө ө нө ттө жана ө лчө мдө, кө рсө ткө н кызматы ү чү н

ушул келишимдин 2.3. пунктуна ылайык ТАПШЫРУУЧУ кызмат акыны

келишим кү чү нө кирип, окуу процесси башталган мө ө нө ттө н 5 (беш) банктык кү ндө н кийин тө лө п берет.

3.4.Жеке себептери менен окуу курсуна катышпай калган кызматкерлердин тө лө м

акысы кайтарылып берилбейт.

4. Келишимди бузуу, ө згө ртү ү, узартуу

4.1. Тө мө нкү учурларда Келишим бузулат жана эмгек мамилелери толукталат:

• тараптардын макулдашуусу боюнча;

• келишимдин мө ө нө тү бү ткө н учурда;

• келишимде кө рсө тү лгө н милдет, талаптар так аткарылбаган учурда;

4.2. Келишимдин шарттары тараптар ү чү н милдеттү ү юридикалык кү чкө ээ жана

тараптардын ө з ара макулдугу боюнча гана ө згө ртү лү шү мү мкү н.

Башка шарттар

5.1. Келишим тараптар кол койгон кү ндө н тартып жана тараптар ө з милдеттерин

толук аткарганга чейин юридикалык кү чкө ээ.

5.2. Келишим 2 нускада тү зү лө т жана экө ө тең бирдей юридикалык кү чкө ээ.

5.3. Тараптардын ортосунда пайда болгон талаш мыйзамда белгиленген тартипте

чечилет.

5.4. Бул келишим колдонулган учурда АТКАРУУЧУ башка ишканалар, уюмдар

менен ушундай келишим тү зү ү гө жана эки ишти айкалыштырууга укуктуу.

 

6. Тараптардын даректери жана колдору:

ТАПШЫРУУЧУнун дареги: АТКАРУУЧУнун дареги:
Бишкек шаары, Бишкек шаары,
Чү й чоң кө чө сү, 205 Киев кө чө сү, 96 Б
Биринчи май РОК №2 Эсеп-кысап 12905223810048 БИК 129052 ОКПО 22148140 ИНН: 01806199610125 Окуу-маалымат борбору “РСК Банкы” ачык акционердик коому Эсеп-кысап: 1290521900022970
 
БИК 129052 ОКПО 24280607
ИНН 00809200610308
   
   
   

 

ТАПШЫРУУЧУнун колу: АТКАРУУЧУнун колу:
  Окуу-маалымат борборунун
КРнын ЖКнын Аппарат жетекчиси__________Р. Б. Ешмамбетов директору _________А.Т. Исманкулова

 

КЕПИЛДЕМЕ

(Рекомендация)

Кепилдеме тигил же бул адамды кызматка кө тө рү ү гө ылайыктуу, татыктуу жана тапшырылган ишти аткарууга жө ндө мдү ү экендигин билдирү ү чү документ болуп эсептелет.

Кепилдеме мекеме же уюм тарабынан да, жеке киши тарабынан да берилет.

Ар кандай кепилдеменин текстинде кепилдеме берилип жаткан кишинин ишмердү ү лү гү, жү рү м-турумуна объективдү ү баа берилет.

Кепилдеме мазмуну жагынан кө п учурда мү нө здө мө гө жакын болот. Ошондуктан жеке кишиге берилген мү нө здө мө дө кө рсө тү лгө н объективдү ү чындык кепилдеме деп айтылат. Кепилдеме берилип жаткан кишинин активдү ү ишмердү ү лү гү, адамгерчилиги жана жогорку маданияттуулугу, ар бир кишиге жасаган объективдү ү мамилеси, тереӊ билимдү ү лү гү менен ага бериле турган жооптуу кызматты ийгиликтү ү аткара ала тургандыгына ишеним кө рсө тү п, ага кепилдеме берилгендиги билдирилет.

Кепилдеме менен мү нө здө мө нү н айырмасы мү нө здө мө дө мү нө здө лү п жаткан адамдын оӊ жана терс сапаттары кө рсө тү лсө, кепилдемеде жалаӊ оӊ сапаттары баяндалып, кепилдеме алып жаткан адамдын ошол белгиленген милдеттерди аткарып кете аларына ишенич билдирилет жана ошол кызматта иштө ө гө же уюмга мү чө болууга ж.б. сунуш кылынат, мү нө здө мө мекеме жетекчилиги тарабынан берилет жана ага экиден кем эмес тарап колун коёт. Кепилдемени жеке адам да, жетекчилик да жана эмгекчилер жамааты да бере алат.

Тү рдү ү сыйлыктарды, мисалы, медаль, орден, автомашина ж.б. алууда да тиешелү ү адамдарга кепилдеме берилет.

Кепилдеме бир нускада жазма тү рү ндө же компьютерде даярдалат. Ага мө ө рдү н коюлушу милдеттү ү эмес.

 

Кепилдеменин маалым даректери:

1.Иш кагаздын аты (КЕПИЛДЕМЕ);

2.Текст;

а) кепилдеме берген адамдын аты-жө нү же мекеменин аталышы;

б) кепилдеме берилип жаткан адамдын аты-жө нү, кайсы мезгилден бери аталган

уюмда иштеп жатканы;

в) кепилдеме берилип жаткан адамдын ө з кызматына жасаган мамилеси, коомдук иштерге катышуусу;

г) кепилдеме алып жаткан адамдын коомго, дү йнө гө болгон кө з карашы, жалпы ой

ө рү шү;

д) кепилдеме алып жаткан адамдын ү й- бү лө сү жө нү ндө кыскача маалымат;

3. Кепилдеме алып жаткан адамдын кызматындагы, ө нө р тармагындагы же

илимдеги ийгиликтери;

4.Кепилдеме берү ү чү нү н кызматы, аты-жө нү жана кепилдеме алып жаткан

адамдын сө з болуп жаткан кызматта иштеп кете ала тургандыгы жө нү ндө

билдирген ишеничи;

5. Кепилдеме жазуучунун кызматы;

6. Кепилдеме берү ү чү нү н колу;

7. Кепилдеме берү ү чү нү н аты-жө нү;

8. Кепилдеме жазылган кү нү, айы, жылы;

 

Кепилдеменин ү лгү сү:

Кепилдеме Кепилдеме Кубанычбек уулу Кабылбекке берилет. Кубанычбек уулу Кабылбек 2009-жылдын 16-июнунда №67 буйрук менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын иш кагаздары, кадрлар жана уюштуруу иштери бө лү мү нө жетектө ө чү адис – юрист кызматына кабыл алынган. Жумушка кабыл алынган кү ндө н тартып Кубанычбек уулу Кабылбек ө зү н дасыккан адис катары кө рсө тө алды. Ал Мамлекеттик тил комиссиясына тиешелү ү иш кагаздарын сапаттуу жү ргү зү ү гө жана юридикалык документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга активдү ү катышкан. Бардык ишке жоопкерчилик жана чыгармачылык менен мамиле жасайт. Анын ишмердиги учурдагы талаптарга толугу менен жооп берет. Кубанычбек уулу Кабылбек токтоо жү рү ш-турушу, сылыктыгы, коммуникабелдү ү лү гү менен айырмаланып турат. Ал ө зү нө карата айтылган сын пикирлерди туура кабыл алат. Мекеменин коомдук иштерине такай катышып, ө зү нү н активдү ү лү гү н кө рсө тө алды. Yй бү лө лү ү. Эки баланын атасы. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы Кубанычбек уулу Кабылбекти жоопкерчиликтү ү жана жө ндө мдү ү адис катары сунуштайт. Кепилдеме талап кылынган жерге берилсин. Иш кагаздары, кадрлар жана уюштуруу иштери бө лү мү нү н жетекчиси (колу) Г. Бирназарова   23.03.2012-ж.  

 

КЫЗМАТ КАТТАРЫ

(Служебные письма)

Мекемелер арасындагы кызматташууну ишке ашыруучу негизги документ-кызмат каттары. Кат аркылуу аткарыла турган маселелердин кө лө мү ө тө кеӊ. Анткени мындай каттар аркылуу кө п тү рдү ү кө рсө тмө лө р, суроолор, жооптор, тү шү ндү рү ү лө р, ө тү нү чтө р кабарлар, сунуштар, кепилдиктер ж.б. берилет. Мазмуну жагынан ө тө ар тү рдү ү болгон мындай документтер жалпысынан кызмат каттары деп аталат. Кызмат каттары мекемелер, уюмдар арасында иш жү ргү зү ү нү н, байланыштын басымдуу бө лү гү н ишке ашыруучу документ болуп саналат. Кызмат каттары ө згө чө лү ктө рү боюнча экиге бө лү нө т:

1. Жооп берү ү нү талап кылуучу каттар (доо каттар, суроо каттары, ө тү нү ч каттар);

2. Жооп берү ү нү талап кылбай турган каттар (кошумча кат, аныктоочу кат, эскертү ү каты, маалымдама кат, кепилдик кат ж.б.)

Мындай каттар белгилү ү бир максатта жазылат, маселен, кепилдик каттарда кепил болуу кө рсө тү лсө, тиркеме каттарда тиркеме кылына турган каттар жө нү ндө кабарлайт. Айрым учурда бир эле катта кепилдик да, сунуш да, эскертү ү мазмуну да жазылган учурлар орун алышы мү мкү н.

Кызмат каттары, адатта, каттар ү чү н атайын даярдалган иш кагаздарына –мекеменин бланкына жазылат. Атайын бланк болбогон учурда кызмат каттары кадимки эле жазуу кагазына жазылат. Мындай учурда анын сол жаккы жогорку бурчуна кат жө нө тү п жаткан мекеменин штампы коюлат.

Кызмат каттары атайын басма кагазга (уюмдун, мекеменин фирмалык бланкына) жазылат. Мындай кагаздарда сол жагына тигинен кыргыз тилинде, оӊ жагында расмий тилинде маалым даректери толтурулган атайын кагаз колдонулат.

Кызмат каттары эки негизги бө лү ктө н –биринчи уюм жө нү ндө басмаканалык ыкма менен басылган ар кандай маалыматтардан (уюмдун аталышы, дареги ж.б.), экинчиси-уюм тарабынан даярдалып, компьютерде жазылган тексттин темасы, текст, жетекчи жө нү ндө гү маалыматтардан турат.

Кызмат каттарынын маалым даректери тө мө нкү дө й:

1-бө лү к.

1.Кыргыз Республикасынын герби же уюмдун эмблемасы;

2. Уюм баш ийген министрликтин, комитеттин же республикалык маанидеги

башкарманын аталышы;

3. Уюмдун алган мамлекеттик сыйлыктары (ордендери);

4. Уюмдун аты;

5. Бө лү мдү н аты;

6. Уюмдун коду;

7. Иш кагазынын коду;

8. Уюмдун почта индекси, толук дареги, телефон, телетайп номуру, телефакс коду, мамбанктагы эсеп-кысап номуру;

9. Жыл, кү н, ай, жиберилген каттоо белгилери (шарттуу номери, келген кү нү, айы, жылы);

10. Келген иш кагазынын катталуу белгилери (шарттуу номуру, келген кү нү, айы, жылы);

11. Резолюциялык белги;

12. Тескө ө жө нү ндө белги;

13. Иш кагаз жө нө тү лгө н дарек (уюмдун аты, эгерде анык болсо, жетекчинин кызматы, аты-жө нү ).

2-бө лү к

14. Тексттин темасы;

15. Текст;

16. Тиркемелер жө нү ндө белги;

17. Жетекчинин кызматы, колу, аты-жө нү;

18. Макулдук белгиси;

19. Макулдашуу жө нү ндө белги;

20. Аткаруучу жө нү ндө белги жана анын дареги же телефон номуру;

21. Аткарылгандыгы жө нү ндө белги;

 

Кызмат каттарын даярдоодо жана жиберү ү дө тө мө нкү лө ргө кө ӊ ү л буруу керек:

1. Кызмат каттарынын мазмунунун кө п тү рдү ү лү гү жогоруда айтылды, бирок анын кайсы тү рү нө кире тургандыгы мазмундан гана билинет;

2. Кызмат каттарынын экинчи бө лү гү компьютерде басылат;

3. Кызмат каттары эки нускада даярдалат. Анын биринчи нускасы атайын басма (фирмалык) кагазга басылат. Биринчи нуска башка уюмга жиберилет.

Ал эми экинчи нуска жө нө кө й кагазга басылат жана уюмда сакталат;

4.Кызмат каттарына уюмдун жетекчиси же жетекчинин биринчи орун басары кол коёт.

Катта баяндалган маселелер боюнча жоопкерчилик бир нече адамдарга жү ктө лсө, коюлган колдордун саны эки же андан ашык болот;

5.Кызмат каты эки же андан кө п уюмга жиберилсе, кат жө нө тү лү п жаткан негизи уюм же анын жетекчисинин аты-жө нү биринчи жазылат;

6. Бир эле кызмат катын алуучулардын саны тө рт адамдан ашпаганы ылайык;

7. кызмат каттарынын текстинин темалары кыска, так жана мазмунун толук камтый алгандыгы мааниге ээ. Теманын тө мө нкү дө й аталыштары сунуш кылынат.: Жиберилген товарлардын кем чыкаандыгы жө нү ндө ”, “Мектепе ремонту ү чү н кошумча каражат бө лү штү рү ү тууралуу”, “Азык-тү лү к салыктарын кыскартуу жө нү ндө ” ж.б. у.с.;

8. Кызмат каты атайын басма кагазга эмес жө нө кө й жазуу кагазына жазылса, каттын жогорку сол жак бурчуна уюмдун штампы басылат. Кол коюучу жооптуу адамдын кызматы менен кошо уюмдун аталышы кө рсө тү лө т 9мисалы: “Ош машина куруу заводунун” башкы инженери ж.б.);

9. Жетекчинин ордуна анын орун басарынын кол коюшу иш кагаздарын колдонууда кеӊ ири практикаланып келе жатат. Бирок иш кагазына кол койгон адамдын кызматы так кө рсө тү лү шү керек.

10. Кызмат каттары биринчи жактын жекелик же кө птү к тү рлө рү нү н сылык формасы менен баяндалат. Тексттин мазмунунун сыйымдуулугу талап кылынат.

11. Кызмат каттарынын текстти каттын калган бө лү ктө рү менен кошо бир беттен ашпаганы максатка ылайыктуу.

Ө тө так, анык жана тереӊ баяндоону талап кылган маселелерге 3 бетке чейин орун берилет;

12. Кызмакт каттарынын текстин тү зү ү дө анын тү зү лү шү н билү ү мааниге ээ. Ар кандай каттын тексти ө з ара логикалык байланышты тү згө н ү ч бө лү ктө н турушу зарыл. Биринчи-киришү ү -бө лү ктө кат аркылуу тиешелү ү уюмга кайрылуунун негизги себеби, экинчи бө лү ктө катта коюлуп жаткан маселени чечү ү зарылдыгы далилдердин негизинде баяндалат жана ү чү нчү (тыянак) бө лү ктө кат жазуудагы негизги максат кө рсө тү лө т.

Айрым кызмат каттарынын мазмунун тексти 1 же 2 бө лү ктө н турушу да ыктымал.

Катта баяндалган маселелер жоопкерчиликти ө зү нө ала турган бир нече кишиге тапшырыла турган болсо, кол коючулардын саны эки же андан кө п болушу мү мкү н. Мисалы, тө лө ө нү кепилге алуу жө нү ндө, финансы ж.б.у.с. документтерде катка жетекчи менен бирдикте башкы бухгалтер, экономист кол коюшу мү мкү н.

Катта кол коюу белгилү ү тартиптин негизинде, тагыраак айтканда, аткарган кызматына ылайыктуу жайгаштырылат. Кол коюдан соӊ кол койгон кишинин фамилиясы кашаага алынбай, ысымынын баш тамгалары фамилиядан мурун жазылат:

 

Директор (колу) А. Супатаева

Баш бухгалтер (колу) Р. Солтобаева

 

Чакыруу кат

(Приглашение)

Чакыруу каты чогулушка, салтанаттуу жыйынга белгилү ү адамдарды чакыруу ү чү н жиберилет.

Тексттин мазмунунда ө ткө рү лү п жаткан жыйын качан, кайсы жерде боло тургандыгы, адамды чакыруудагы негизги максат эмне экендиги так кө рсө тү лө т.

Чакыруу катынын тилинде расмийлү ү лү к (ал “жолдош”, “мырза”, “айым” деген сө здү н бири менен башталат) жана салтанаттуулук (ал кө бү нчө “Урматтуу”, “Улуу урматтуу”, “Азиз”, “Кадырлуу” деген сыяктуу сө здө р менен башталат) даана байкалып турушу зарыл.

Чакыруу катынын текстиндеги каратма сө з беттин (барактын) ортосуна жазылат да, текст жаӊ ы абзацтан жана баш тамга менен башталат.

Чакыруу катынын текстиндеги салтанаттуулукту сактоо жана кү чө тү ү максатында текст аяктагандан кийин, “Урматтоо менен” деген клишени пайдаланууга болот.

Чакыруу каты эки нускада –биринчи нуска мекеменин бланкына. Экинчи нуска А4 жазуу кагазына даярдалат. Экинчи нуска мекемеде калтырылат. Чакыруу катынын эки нускасы теӊ каттоодон ө ткө рү лү п, зарыл маалыматтар менен жабдылып, тиешелү ү тарапка жиберилет.

Чакыруу катынын негизги маалым даректери:

1. Катты алуучунун иштеген мекемеси, кызматы жана аты-жө нү;

2. Каратма сө здү ү сү йлө м;

3. Текст;

4. Катты жиберген мекеме жетекчисинин кызматы, колу жана аты, жө нү;

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын укук кызматкери Ж.Мү сү ралиевге Урматтуу Жумабек Керимович! Ушул жылдын 2-апрелинде саат 10.00дө Кыргыз Мамлекеттик тарых музейининде журналист Мирлан Алымбаевдин “7-апрель” аттуу китебинин бет ачаарына Сизди чакырабыз.   Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жооптуу катчысы Ч. Тү мө нбаева  

ДОО КАТ

Доо кат белгилү ү бир уюмдун башка бир уюмга карата талабын жана нааразылыгын билдирү ү дө колдонулат. Бул каттын жазылышына негизги себеп-тү зү лгө н келишимдин бир тараптуу аткарылбай калышы.Ушундай шартта доо кат жазган тарап ө зү нү н мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого аракеттенет.

Доо кат ү ч нускада даярдалат. Биринчи нуска келишимди бузган тарапка берилет. Экинчи нуска зыян тарткан тарапта калтырылат. Доо катта кө рсө тү лгө н мө ө нө ттө болгон чыгым тө лө нү п берилбесе, анын ү чү нчү нускасы сотко же арбитраждык сотко ө ткө рү лө т.

Статистикалык маалыматтарга караганда, доо катары, негизинен, транспорт ишканаларына, темир жол жана аба жолдор башкармалыгына даректеле тургандыгы байкалат. Анткени алар жү к ташуу боюнча ө здө рү нө алган милдеттенмелерди жү к ташуу процессинде бузуунун натыйжасында товардын кемип калышы, жү ктү н бузулушу ж.б.у.с. жагымсыз натыйжалар келип чыгат.

Доо каттарында доогердин талабын негиздеген жана тастыктаган далилдер, кө рсө тмө лө р менен соода кү бө лү гү (коммерциялык акт) тиркелип, алардын канча беттен (барактан) экендиги белгилениши керек.

Доо каттарында тө мө нкү лө р тиркелет:

1.Товар-транспорт коштомо кагазы (темир жолдогу, аэрофлоттогу, автотранспорттогу жү к);

2. Соода кү бө лү гү (жү ктү н бө лү гү жоголсо же жү к бузулса);

3. Жү ктү ташуу ү чү н алгандыгы жө нү ндө дү мү рчө к (жү к бү тү ндө й жоголгон учурда);

4. Жө нө тү лгө н жү ктү н, товардын саны кө рсө тү лгө н документ (эсеп-фактура, тө лө м эсеби, наряддар, продукция жө нө тү ү ү чү н берилген документ;

5. Дооланган сумма (бул сумма доо катынын текстинде кө рсө тү лбө гө н учурда жазылат);

6. Доогердин пикири боюнча доонун тууралыгын тастыктай турган документтер;

Доо катынын экинчи бө лү гү нү н негизги маалым даректери тө мө нкү лө р:

1. Кат жиберилү ү чү уюмдун аталышы жана дареги;

2. Доонун баасы (тексттин темасы катары берилет);

3. Текст;

4. Тиркемелердин тизмеси (ар бир иш кагазынын канча беттен турары кө рсө тү лө т);

5. Жетекчинин кызматы, колу жана аты-жө нү

6. Доо каттын ү лгү сү тө мө нкү дө й:

“Эдельвейс” соода борбору Бишкек шаары, Турдубеков кө чө сү 121   Мө ө нө тү ө тү п кеткен тамак-аш азыктарын кайра артка кайтаруу жана компенсация тө лө тү ү жө нү ндө ДОО КАТ   2012-жылдын 12-майында Тараз шаарындагы “Татым” азык-тү лү к борборунан Бишкек шаарындагы “Эдельвейс” соода борборуна 5 тонна тамак-аш азыктары (анын ичинде балык, сү т жана кондитер азыктары бар) ташылып келинген. Бул азыктарды сатып алган адамдар ууланганына байланыштуу Керектө ө чү лө рдү н укугун коргоочу уюмга кайрылышкан. Тамак-аш азыктары экспертизадан ө ткө рү лү п, жыйынтыгында алардын жарактуу мө ө нө тү нү н ө ткө ндү гү аныкталды. Натыйжада жеке жарандар: 1. Асанов К 2. Муратова Н 3. Сариев Р 4. Нуралиев У 5. Шишкин Е 6. Власова К 7. Мураталиева Х ден соолугунан жабыркап, соода борбор 75 000 (жетимиш беш миң ) сом ө лчө мү ндө зыянга учурады. Керектө ө чү лө рдү н укугун коргоочу уюмдун ө кү лдө рү, Бишкек шаардык экспертизанын эскперттери, Санэпидемстанциянын ө кү лдө рү жана башка тиешелү ү органдардын катышуусу менен тамак-аш азыктарынын жарактуу мө ө нө тү нү н ө ткө ндү гү жө нү ндө документ тү зү лү п, 20-майда жазылган акт аркылуу бекемделди.   Бул жө нү ндө Тараз шаарындагы “Татым” азык-тү лү к борборуна жана тиешелү ү органдарга билдирү ү жиберилди. Жогоруда кө рсө тү лгө н жарандардын жана соода борбордун тарткан зыяндарынын ордун толтуруп, 150 000 (жү з элү ү миң ) сом ө лчө мү ндө акча тө лө п берү ү ң ө рдү жана тамак-аш азыктарын кайра кайтарып алууң арды талап кылабыз.   Тиркеме: 1. Тамак-аш азыктарынын жарактуу мө ө нө тү нү н ө ткө ндү гү жө нү ндө акт (2 бет, 1 нуска). 2. “Эдельвейс” соода борборунун ө кү лү нү н актысы (1 бет, 1 нуска) 3. Жарандардын арыздары (7 бет, 7 нуска)   Директор (колу) А.Давлетов  

 

Сураныч кат

Сураныч кат- уюмдардын ортосунда жазылат. Бул кат аркылуу кандайдыр бир ишти аткарууу же аягына чыгуу экинчи уюмдан суралат.

Сураныч каттын маалымдаректери тө мө нкү лө р:

1.Катты алуучу уюм жана жетекчинин аты-жө нү;

2. Текст;

3. Тиркеме (эгерде зарылчылык болсо);

4.Жетекчинин кызматы, колу жана аты-жө нү;

Сураныч каттын ү лгү сү:

Фирмалык бланк Коомдук телерадио берү ү кооперациясынын башкы мү дү рү К.Т.Оторбаевге Cураныч кат Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиң ирген ишмер, белгилү ү акын, прозачы жана адабий сынчы, коомдук ишмер, “Даң к” медалынын ээси К. Бобуловдун 75 жылдык мааракесине карата Мамлекеттик тарых музейинде ө тү лү ү чү иш чарага 14.05.2011-ж.саат 11-00 дө (ПТС) жалпыга маалымдоо каражатынын тийиштү ү кызматкерлерин жиберү ү ң ү здү ө тү нө бү з.   Урматтоо менен Тө рага Р. Момбеков

 

Ишенич кат

Ишенич кат -кандайдыр бир шарт же убаданы тастыктоо иретинде тү зү лгө н расмий иш кагазы болуп саналат. Каттын бул тү рү аткарылуучу иш ү чү н акы тө лө ө, иштин аткарылуу мө ө нө тү, кимдир бирө ө жумушка кабыл алууда, турак-жай менен камсыз кылууда, аткарылуучу иштин сапаты ү чү н ишенич билдиргенде даярдалып, уюм же жеке адамдарга жиберилет.

Каттын текстинде “...ишенич билдиребиз”, “...ишендиребиз”, “...ө з милдетибизге алабыз” деген туюнтмалар болот.

Каржылоо маселеси менен байланыштуу ишенич катка уюмдун жетекчиси менен бирдикте башкы эсепчи кол коёт.

Ишенич каттын маалымдаректери:

1. Кат жө нө тү лгө н уюмдун аты, жетекчинин кызматы, аты-жө нү же кат арналган адамдын аты-жө нү;

2. Текст;

3. Уюмдун жеткчисинин кызматы, колу жана аты-жө нү;

Ишенич каттын ү лгү сү:

“Манас” кино театрынын директору К.А. Алымовго 2012-жылдын 21-мартында саат 12.30 да коюулуучу “Мезгил жана Алыкул” киносуна Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери ү чү н 100 (жү з) билет бө лү штү рү ү ӊ ү здү суранабыз. Билет акысын Сиздердин эсебиӊ издерге 30-апрелге чейин которууга сө з беребиз.   Декан (колу) С. Байсабаев

Суроо кат

Башка уюмдан зарыл болгон иш кагаздар, маалыматтар же башка керектү ү нерсе суроо кат аркылуу суралат жана катка жооп талап кылынат.

Бир суроо катта бир гана маселе жө нү ндө сө з болушу (бир гана суроо болушу) максатка ылайыктуу.

Суроо каты, адатта, эки негизги бө лү мдө н: киришү ү дө н жана таржымалдан (негизги маселенин жыйынтыгынан) тү зү лө т. Киришү ү бө лү мү ндө суроону жиберү ү нү н себеби кө рсө тү лө т, ал эми экинчи бө лү мү ндө кат жиберилген уюмдан жооп талап кыла турган маселелер баяндалат.

Суроо каттын маалым даректери:

1.Кат арналган уюм, жетекчинин кызматы, аты-жө нү;

2. Текст;

а)киришү ү бө лү гү;

б)тыянак бө лү гү;

3. Уюмдун жетекчисинин кызматы, колу жана аты-жө нү;

 

 

Мамлекеттик тарых музейинин директору Ж.Ч. Чынаевге Урматтуу Жеӊ иш Чынаевич! КРнын Мамлекеттик ИИМ кызматы салттуу билимдер боюнча дискти даярдоодо. Диск коопсуздук кызматын коргоо жана изилдө ө лө рдү пайдалануу чө йрө сү нө арналат. Тарых музейдин салттуу билимдерге байланыштуу экспонаттарды сү рө ткө тартып алууга уруксаат берү ү ӊ ү здү суранабыз. Сизди урматтап, Директор А.Калмаматов

Тастык кат

Тастык кат уюмдун башка бир уюмга суроо катын алгандыгы жана ал суроого болгон мамилесин туюндургандыгын баяндоочу расмий иш кагазы болуп саналат.

Тастык каттын текстинде кайсы суроо катка жооп берилип жаткандыгы мү мкү н болушунча так кө рсө тү лү шү керек. Бул каттын текстиндеги негизги сө з -“тастыктайбыз”.

Тастык кат кээде жооп кат деп да аталат жана ал тө мө нкү дө й маалым даректерден турат:

1.Жооп жазылып жаткан уюмдун аты, жетекчисинин кызматы жана аты-жө нү;

2. Текст:

а)каттын номуру, качан жана эмне сурап жазылгандыгы;

б)суроого, ө тү нү чкө карата уюмдун оӊ же терс жообу;

3. Жетекчинин кызматы, колу жана аты-жө нү.

Кыргыз Республикасынын Ө кмө тү нө Сиздердин 2011-жылдын 15-майында №5 чыгыш ө тү нү ч катыӊ ыздарга КР Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы тө мө нкү дө й шарттарды коюу менен макулдук берет. 1. Аймактык семинар ө ткө рү ү ү чү н 200 кишиге чакан имарат менен камсыз кылууӊ уздарды сиздер тараптан ө тү нө бү з. 2. Семинарга келген катышуучуларды мейманканага жайгаштыруу жана алардын тамак-аш менекамсыз кылуу чыгымдарын 50 % тө лө п берү ү нү сиздер тараптан суранабыз.   2011-ж. 2-майы (колу) А. А. Калмаматов

 

Буйрук кат

Буйрук кат- бир тармакка тиешелү ү болгон уюмдарга бирдей мазмундагы иш чараны аткаруу ү чү н жогорку уюмдан берилген ар кандай буйруктарды баяндоочу иш кагазы.

Буйрук каттын нускасы жиберилү ү чү уюмдардын санына жараша даярдалат. Анын биринчи нускасы катты жиберген уюмда сакталат да. Калган нускалары тизме боюнча уюмдун курамына кирген тө мө нкү инстанциядагы уюмдарга жиберилет.

Буйрук каттын маалымдаректери:

1. Каттын кайсы уюмдардын кандай жетекчилерине жө нө тү лгө ндү гү;

2. Текст;

3. Уюмдун жетекчисинин кызматы, колу жана аты-жө нү;

Буйрук каттын ү лгү сү:

Кыргыз Республикасынын бардык министрликтерине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊ еши тарабынан кабыл алынган жобонун негизинде 2012-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын бардык министрликтеринин кызматкерлери Мамлекеттик тилди билү ү деӊ гээлин аныктоо боюнча сынактан ө ткө рү лө т. Ушул сынакка байланыштуу бардык кызматкерлер даярданууга жана маалымат менен таанышууга милдеттү ү жана бул жоопкерчилик министрлерге жү ктө лө т. Сынактан ө тү ү графиги кошумча тү рдө билдирилет.   Кыргыз Мамлекеттик кадр кызматынын тө рагасы Н. Момуналиев

8. Эскертү ү кат

Эскертү ү кат жиберилген суроо каттарга карата тастык кат алынбаганда, тү зү лгө н келишимдердин мө ө нө тү бү ткө ндө, шарты ө згө ргө ндө же анын аткарылышына кө ӊ ү л бурулбай калганда тиешелү ү уюмга жазылат.

Эскертү ү каты кө лө м жагынан анча чоӊ болбойт. Кайсы мезгилде, канчанчы номур менен жиберилген кат экендиги текстте эскертилип, суроо катынын мазмуну кыскача баяндалат.

Кызмат каттарынын бул тү рү телеграмма формасында да жиберилет. Анда эскертү ү катын жиберген уюмдун аты толук кө рсө тү лө т.

Эскертү ү катынын маалым даректери:

1. Кат жиберилген уюмдун аты;

2. Текст;

3. Катты даярдоочу (референт же катчы), колу жана аты-жө нү;

 

Чү й облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы А. Азыкбаевге Эскертү ү кат 2011-жылдын 4-мартында жиберилген №78-005 номурлуу 5-май КРнын Конституция кү нү нө карата иш чара ө ткө рү ү боюнча катыбызга жооп ала албадык. .   Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Укуктук камсыздоо бө лү мү нү н башчысынын орун басары А.Алыбаев  

 

Маалым кат

(Справка)

Ар кандай абалдарды, болгон окуяны ж.б. маалыматтарды билдирү ү же кабарлоо максатында жазылган расмий иш кагазы-маалым кат. Ал уюм тарабынан жеке адамдарга, жеке адамдар тарабынан уюмга карата жазылат.

Маалым кат кол жазма тү рү ндө, же компьютерде даярдалат. Басмакана ыкмасы менен даярдалган маалым каттын бланкы толтурулат. Маалым катка уюмдун жетекчиси (айрым учурда башкы эсепчи, кадрлар бө лү мү нү н башчысы ж.б.), маалым катты жазган жооптуу адам кол коёт. Уюмдун штампы, мө ө рү жана коюлган колдор менен тастыкталат.

Маалым кат арналышына жана мазмунуна карата кызмат маалым каты жана ө здү к маалым кат болуп бө лү нө т.

Кызмат маалым каты уюмдун ишмердигине ылайык ар кандай окуяларды расмий тү рдө баяндайт жана тастыктайт. Маалым каттын бул тү рү жогорку инстанцияларга же жетекчиге жазылат. Маалым каттын текстинин мазмуну эмгек тартибинин абалы, материалдык товар байлыктарынын сакталышы, ө ндү рү штө гү экологиялык абалдын ө згө чө лү гү, уюмдун каржылык ишмердиги, пландаштырылган милдеттенмелердин аткарылышы ж. б. маселелерди камтышы мү мкү н.

Кызмат маалым каты ички кызмат маалым каты жана тышкы кызмат маалым каты болуп бө лү нө т.

Ички кызмат маалымкаты

Ички кызмат маалым каты уюмдун ички иштери, чарбалык ишмердиги, айрым кызматкерлери жө нү ндө даярдалат жана ошол уюмдун жетекчисине жиберилет. Мындай маалым каттарды уюмдагы кадрлар бө лү мү нү н башчысы, иш жү ргү зү ү чү ж.б. тү зө т жана кол коёт.

Ички кызмат маалым каты жө нө кө й кагазга кол жазма тү рү ндө да жазылат.

Ички кызмат маалым катынын маалым даректери:

1. Маалым кат жө нө тү лү ү чү уюм, жетекчиси, анын аты-жө нү;

2. Иш кагаздын аты (МААЛЫМ КАТ);

3. Тексттин темасы;

4. Текст;

5. Маалым катты тү зү ү чү нү н кызматы;

6. Маалым кат тү зү ү чү нү н колу;

7. Маалым кат тү зү ү чү нү н аты-жө нү;

8. Маалым кат даярдалган кү н, ай, жылы;

Ички кызмат маалым каттын ү лгү сү:

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын тө рагасы Р.Ч. Момбековго   Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору тууралуу Маалымат Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору 2006-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Билим берү ү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин АШ №1263, каттоо номери II-777 лицензиясы, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин 56023-3301-У-е каттоо номериндеги кү бө лү к менен ө з ишмердигин жү ргү зү п келет. 1.Окуу-маалымат борбору ө з алдынча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы билим, илим жө нү ндө гү бардык укуктардан пайдалануу менен, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жобосуна, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жө нү ндө ” мыйзамына жана ө зү нү н жобосуна таянып иш алып барат. Борбор ө з ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын кө рсө тмө лө рү н жетекчиликке алат. 2. Окуу-маалымат борбору юридикалык жак болуп эсептелет, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталыштары жазылган. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби тү шү рү лгө н мө ө рү, штампы жана бланктары, ө з алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы казыналык системасында алыш-бериш эсеби бар. 3.Борбор ө з ишинде мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-уюмдар, кызматкерлер, жогорку жана орто билимдү ү жарандар менен ө з алдынча тө мө ндө гү багыттар боюнча иш жү ргү зө т: -мамлекеттик кызматкерлер, башка улуттун жарандары, кыргыз тилин начар билгендер ү чү н кыргыз тили боюнча тездетилген курстарды уюштуруу; -мамлекеттик жана башка менчигинин тү рү нө карабастан мекеме-уюмдардын, ишканалардын кызматкерлерине иш кагаздарын мамлекеттик тилде жү ргү зү ү гө ү йрө тү ү; -мамлекеттик тилди ө ркү ндө тү ү нү н жана аны жайылтуунун илимий-усулдук иштерди уюштуруу; 4. Окуу-маалымат борбору тарабынан жылына 500-600 кызматкерлерге, жана тил ү йрө нү ү чү лө ргө курстар уюшулуп, тастыктама (сертификат) тапшырылат. 2010-жылдын февраль айынан бери Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын аппараты, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Интеллектуалдык менчик кызматы, Эл аралык “Манас” аэропорту, Бишкек шаардык троллейбус департаментинин ж. б. кызматкерлери мамлекеттик тил боюнча курстардан ө тү штү. Ошондой эле Окуу-маалымат борборуна тил ү йрө нү ү чү лө р тарабынан араб, тү рк тилдери боюнча да курстарды уюштурууга суроо-талаптар тү шү ү дө.   Окуу-маалымат борборунун директору А. Исманкулова

Тышкы кызмат маалым каты


Поделиться:



Популярное:

Последнее изменение этой страницы: 2016-07-13; Просмотров: 948; Нарушение авторского права страницы


lektsia.com 2007 - 2024 год. Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав! (0.128 с.)
Главная | Случайная страница | Обратная связь