Архитектура Аудит Военная наука Иностранные языки Медицина Металлургия Метрология
Образование Политология Производство Психология Стандартизация Технологии


Гайморитти дарылоонун элдик ыкмалары



Лавр жалбырагы. 3 чоң -чоң лавр жалбырагын мискейге салып, ү стү нө аларды кө мгү дө й кылып суу куясыз. Анан отту кү йгү зү п суу кайнаары менен кайра ө чү рө сү з. Ысык абалында ага кичинекей сү лгү нү салып суусун сиң иргенден кийин сү лгү менен мурунду, бетти жаап муздаганча чалкалап жатасыз. Дарылоо курсу – 6 кү н.

Байчечекей. Бул жазгы кар кете элек маалда кү нү нө бир жолудан 1-2 жума бою жасалуучу ыкма. Ал ү чү н кө к тү стө гү л ачуучу байчечекейдин тамырындагы пиязчасын бү тү н бойдон казып келесиз. Анын ширесин суу менен 1: 5 кө лө мү ндө аралаштырып, мурунга 3 тамчыдан тамчылатып турасыз.

Хрен. Алгач хрендин тамырын таза жууп, аарчып, кыргычтын майда тишинен ө ткө рү ү керек. Мындан идишке 70 г салып, буга 3 даана лимондун ширесин сыгып кошосуз. Даяр болгон аралашмадан 4 ай бою кү н сайын эртең менен тамакка 20 мү нө т калганда жарым чай кашыктан жеп турасыз.

Тү рп. Гаймориттен мурун бү тү п, баш ооруп, кулак чымырап турганда колдонуучу ыкмалардын бири. Тү рптү н ширесин сыгып, ага узунунан оролгон кебез тыгынды малып туруп мурундун таноолоруна салып жатуу керек.

Сарымсак. Сарымсактын 8 тишчесин майдалап туурап 1 аш кашык алма уксусуна аралаштырасыз. Анан аны термоско салып ү стү нө 1 стакан кайнак суу куюп, тегерек-четин сү лгү менен тумчулап 20 мү нө т жыттап отурасыз. Кү нү нө 2 жолудан.

 

Жумабек Сулайманов, Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана билим ө ркү ндө тү ү институтунун профессору: “Кө з жумуп койсо, гайморит ракка айланат”

– Агай, айтсаң ыз, “гайморитмин” деп жү рө берген адамдар кө п кездешет го, бул оору коопсуз элеби?

– Башында коопсуз болушу мү мкү н, бирок, кийинчерээк абдан эле кооптуу болот. Себеби, гайморит бара-бара кишини кыйнап коёт. Мисалы, гайморитте дарыланбай коюудан мурундагы суюктук чыгуучу тү тү кчө лө р бү тө лү п, андан улам ичине ириң толуп кетсе ал кө бө йө берет да, акыры бир кү нү бир жерин тешип чыгат. Тешип чыгат дегеним, ириң сө ө ктү чиритип жиберет, анан кайсы бир жумшак жерин кадимкидей эле тешип чыгат. Албетте, бул узак убакытта гайморит ө тү шү п кеткенде гана боло турчу процесс. Эң коркунучтуусу улам-улам кармап ө нө кө т тү рү нө ө тү п кетсе жана оорулуу буга да кө з жумуп койсо, ал кийин тез эле ракка айланып калат. Ошон ү чү н муну убагында эле дарылаган жакшы.

– А гаймориттин ракка айланган кө рү нү шү кандай?

– Негизи рак жө ндө н-жө н эле пайда боло бербейт, ал сө зсү з кайсы бир оорунун ө ө рчү п-ө нү гү шү нө н жаралат. Ал эми гайморитте рак деп мурундун ичине токтобой эле кайра-кайра эт ө сө берү ү сү н айтса болот. А ракты ө зү ң ө р билесиң ер, азыркы учурда айыктырууга мү мкү н эмес дарттардын катарында.

– Азыр “мурдума эт ө сү п кетиптир” дегендер кө бө йбө дү бү, анда ошолор рак болуп калышабы?

– Жок, рак деп эттин токтобой кайра-кайра ө сө берү ү сү н тү шү нү ү керек. Ал эми “мурдума эт ө сү п кетиптир” дегендер ушул эле гаймориттен жана кайра-кайра сезгене берү ү дө н жанагы кө ң дө йчө лө рү нө кадимки эле эттин ө сү п кеткендери. Ал эт медицинада “полип” деп аталат. Аны операция жолу менен алып салганда кетип калат.

– Гайморит ө зү кайсы учурда кө бү рө ө к кармашы мү мкү н?

– Жазгы, кү згү алашалбыртта кө п кармайт. Анткени, бул учурда аба ырайын тү шү нү п болбойт эмеспи, ушундайда мурда гайморитке чалдыккан адамдын оорусу да ө нө кө ткө айланып калган болсо козголот. Мисалы, ушул учурда биздин бө лү мгө кайрылгандарды эле алсак, арасынан кү н сайын сө зсү з 3-4 адамга “гайморит” деген диагноз коюлуп жатат.

– Оорунун алдын кантип алса болот?

– Жогоруда айтып кеткендей эле гайморит сө зсү з кайсы бир себептен улам пайда болуп жатпайбы. Мына ошондой оорулар менен ооруганда аларды толук айыктырууга, тиешелү ү дары-дармектерди ичү ү гө аракет кылуу керек. Болбосо ошолордун кесепети ушул ооруну жаратат да.

– Гайморитте мурунду бү тү рбө ө ү чү н такай “нафтизин” колдонгондор бар. Бул натыйжалуубу?

– Эң туура эмес ыкма. Анткени, нафтизинди дарыгер сасык тумоо учурундагы мурундун бү тү ү сү н жокко чыгаруучу дармек катары сунуштайт. Ал деле талап боюнча 5-7 кү нгө, ашып кеткенде бир айга гана колдонууга уруксат этилет. Мындан ашык пайдаланганда нафтизин мурундун клеткаларынын сезү ү мү мкү нчү лү гү н жоготушу ыктымал, андан кийин ал гаймориттин кү чө гө нү н, ө ө рчү гө нү н деле сезбей калып оорулуу жакшы эмес абалга кептелиши мү мкү н.

 

 


Поделиться:



Последнее изменение этой страницы: 2019-06-09; Просмотров: 491; Нарушение авторского права страницы


lektsia.com 2007 - 2024 год. Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав! (0.014 с.)
Главная | Случайная страница | Обратная связь