Архитектура Аудит Военная наука Иностранные языки Медицина Металлургия Метрология
Образование Политология Производство Психология Стандартизация Технологии


Грыжа оорусу кайсы учурда пайда болот?



Омуртканын сө ө гү менен кемирчегинин ортосунда жү ргө н патологиялык процессти биз остеохондроз деп айтып коёбуз. Омуртка сө ө гү менен кемирчегинин ортосундагы пайда болгон патологиялык процесс­тин ө зү грыжа деп аталат. Грыжа эмнеден пайда болорун жө нө кө й тил менен тү шү ндү рө турган болсок, ар бир омуртканын ортосунда диск болот. Ал диск ү ч функцияны аткарат. Биринчиси амортизация, анын жардамы менен адамдар чуркап, секире жана олтура алса, экинчи функция адамды эң кейтип, чалкалатып жана капталдатып кыймылдатат. Ал эми ү чү нчү функция омуртканы бири-биринен ажыратпай же жармаштырбай бир калыпта кармап туруучу кызматты аткарат. Мына ошол дисктердин ичинде ар биринин ө зү нчө басымы бар. Эки омуртканын ортосундагы дисктеги басым омуртканын кыры менен бирдей болуш керек. Ошондо гана ал нормалдуу болот. Эгер омуртканын кыры менен бирдей болбой бир тарапка чыгып кетсе, анда анын эки себеби бар. Биринчиси, биздин вертикалдуу басканыбыз, экинчиси, зат алмашуунун бузулушу. Негизи, эки омуртканын ортосундагы диск 80 пайыз суу жана 10 пайыз белоктон турат. Мына ушул дисктин химиялык зат алмашуусу бузулганда суу азая баштайт. Суу азая баштаганда диск жарылып, ал жарылганда жү лү ндү тебет. Натыйжада, диск менен жү лү ндү н ортосунда келишпестиктер кү ч алат. Келишпестик ортосунан, оң жана сол тарабынан башталат. Эгер ортосунан тепсе, анда борбордук грыжа деп коёт. Бул учурда эки буту тең алмак-салмак, же бир эле учурда эки буту тең оорушу мү мкү н. Ал эми оң жагынан жү лү ндү кысса, анда таасирин оң бутка берет да, оң буту жана бели ооруйт. Ушул эле кө рү нү ш сол жагынан болсо, анда оорунун таасири сол бутуна жана белине берет.


Грыжа оорусунун белгилери

Грыжа моюн омурткадан кармаган учурда адамдын колдору чымырап, талып уюп, кө тө рү лбө й, баш оорусу кү чө йт.
Эгер грыжа кө кү рө к омурткадан кармаган болсо, анда адамдын жү рө гү кысылат. Ал эми грыжа бел омурткасынан кармаган учурда кысылган нервден улам бутка кан аз кетип, натыйжада бут арыктап, сө ө ктө р кичирейип, буттун баш бармагы жансыз боло баштайт. Бул учурда бел, жамбаш жана бут сө ө ктө р ооруйт.


Грыжа оорусун алдын алуу

 

Адамзаты омуртка грыжасын алдын алууга болот. Ал ү чү н биз балдарыбызды мектепте жана бала бакчада жү ргө н кезинде эле анын омурткасын рентгенге тарттырып коюшубуз зарыл. Себеби биз рентгенге тү шү ү менен тубаса патологиянын бар же жогун аныктайбыз. Эгер кичинекей балада тубаса патология болсо, анда дарыгер ага туура багытты кө рсө тү п, ал спорттун кайсы тү рү менен машыкпоосу, же кандай кесипти аркалабашы керек экенин тү шү ндү рү ү керек. Баланын тубаса патологиясы аныкталып, бирок бала спорт менен машыгууну каалап жатса, анда дарыгер ага ылайыктуу спорттун тү рү менен машыгууга болорун тү шү ндү рү ү сү зарыл. Мындан тышкары, бул оорудан жабыркагандар ашыкча салмак кү тпө ш керек. Ашыкча салмак бел омурткага кү ч келтирет. Ооруган адамдар кандай жумушта иштебесин кыймыл-аракетти кө бү рө ө к жасап жү рсө жана дарыгердин айткандарын кынтыксыз аткарса, бул оорудан алыс боло алат.

Жаныш Сулайманов: " Грыжанын эркек, ургаачы же ичинде, сыртында дегени болбойт"
Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдө ө борборунун директорунун орун басары жана медицина илимдеринин доктору Жаныш Дайырович бел омурткасында грыжа оорусу кө п кездешип жатканын айтып коң гуроо какты.

- Жаныш Дайырович, тубаса грыжа оорусун эртерээк аныктоого болобу?

 

- Албетте, болот. Кээ бир балдар тубаса грыжа менен тө рө лө т. Тө рө лгө ндө эле алардын омурткаларынын артында кемирчек болот. Ал кемирчек 5 жаштан кийин сө ө ккө айланып катып калышы керек. Эгер беш жашка чейин, же андан кийин кемирчектер сө ө ккө айланбай калса, анда ал бала тубаса патология менен тө рө лгө н болот. Бул адамдын ө зү нө н кө з каранды эмес. Илимде азырынча тубаса грыжа менен тө рө лгө ндө рдү н себеби аныктала элек. Тилекке каршы, бизде ата-энелер балдарын эч кандай текшерү ү дө н ө ткө рбө й туруп спорттун оор тү рлө рү менен машыктыра берет. Иш тажрыйбамда эч кандай текшерү ү дө н ө тпө й эле оор атлетика менен машыгып башташкан спортчулар кийин бели ооруп рентгенге тү шсө патология бар экени аныкталгандар болгон. Натыйжада, алар кичинесинен машыгып келе жаткан сү йү ктү ү спорттун тү рү нө н алыстоого туура келген. Ошондуктан баланы кичинекейинен кандайдыр бир ийримдерге берер алдында аны текшерү ү дө н ө ткө рү ү зарыл.


- Грыжа оорусу тукум кууйт деп айтылган кептер чындыкка дал келеби?

 

- Грыжа тукум куушу мү мкү н. Себеби айрымдар ашыкча салмактуу болушат. Алардын ашыкча салмактуулугу кийин балдарына да ө тө т. Бул учурда бел омурткаларына кү ч келип, натыйжада балдары да омуртка грыжасы менен оорушат.


- Акыркы мезгилде кө чө дө н же тааныштардан " меники ургаачы грыжа окшойт" деген сө здө рдү кө п укчу болдум.


- Ооба, туура айтасың. Мага да " менин грыжам ургаачы бекен же эркек бекен, мындан тышкары, грыжам ичинде бекен же сыртында бекен? " деген сыяктуу суроолорду кө п узатышат. Мен гезитти окуп жаткан окурмандарга тү шү ндү рү п айта кетсем, грыжанын эркек, ургаачы же ичинде, сыртында дегени болбойт. Болгону грыжанын жү лү ндү ортосунан, оң жана сол капталынан кыскан ү ч гана тү рү бар.


- Грыжа оорусун операциясыз дарылоого болобу?


- Бү ткү л дү йнө лү к саламаттыкты сактоо уюмунун изилдеп чыккандан кийинки берген статистикасына таяна турган болсок, дү йнө дө гү элдердин 80 пайы­зы грыжа менен ооруйт экен. 80 пайыздын ичинен 10 пайызын ал каалабаса дагы операция жолу менен дарылоого туура келет. Себеби оору ө тү шү п кеткенде эч кандай дары-дармек жардам бере албай калат да, натыйжада ал операция жолу менен гана айыгат. Ал эми 70 пайызын дары-дармектин, массаж, баткак, ийне саюу, суу ичинде кө нү гү ү жасоо сыяктуу ар кандай процедуралардын жардамы менен айыктырууга болот.


- Айтсаң ыз, грыжа менен кө бү нчө кайсы курактагылар кайрылышат?


- Автокырсыктан улам, же кө кү рө к тушка катуу сокку алгандан кийин пайда болгон грыжалар кары-жашка карабайт. Мурун грыжа менен 40-50 жаштан ө ткө ндө р гана ооруйт деп айткан болсок, азыр андай эмес. Учурда бул оору менен 10 жаштагы бала дагы ооруйт. Кө бү нчө аталган оору менен курулушта жана башка оор жумуштарда иштегендер кайрылышат. Кээ бир учурда 4-5 килограмм салмактагы бала тө рө гө н аялдар тө рө ттө н кийин ушул оору менен ооруп калышат. Ошондуктан бир тараптуу бул курактагылар кө п ооруйт деп так айта албайм. Бул оору ө нө кө т патологияга киргендиктен кү зү ндө жана жазында кү ч алып турат. Ошол себептен бул мезгилдерде дарыланып туруу зарыл.













Корутунду

ǀ бап

Сө ө к системасы

Кишинин скелети (байыркы грек тилинен σ κ ε λ ε τ ο ς — «кургатылган») 200дө н ашуун тү рдү ү формадагы сө ө ктө рдө н тү зү лө т. Организмдеги жайланышы боюнча алар баштын, тулку бойдун, ийин жана бел курчоонун, кол жана буттун скелетине бө лү нө т. Скелеттин составына сө ө ктө рдө н башка кемирчектер да кирет. Кемирчектер тү йү лдү ктү н жана жаш балдардын денесинде кө п болот. Киши улгайган сайын денедеги кемирчектер акырындап сө ө ккө айланат. Баштын скелети жуп жана тү гө йсү з 29 сө ө ктө н турат (Баш сө ө к).

Баштын скелети

Мээ жана бет бө лү ктө рдө н турат. Бири бири менен бекем жана кыймылсыз кошулган маң дай эки тө бө, эки чыкый жана каракуш сө ө ктө р баш сө ө гү нө н мээ бө лү гү н тү зү шө т. Булар мээге эң ишенимдү ү коргоо болушат. Чыкый сө ө гү ндө угуу тешиги, ал эми каракуштун тө мө нкү бетинде чоң желке тешиги бар. Ал тешик аркылуу баш сө ө ктү н кө ң дө йү омуртка каналы менен кошулат. Бул эки тешиктен башка баш сө ө ктү н тү п жагында кө птө гө н майда кан тамырлар жана нервдер ө тө турган тешиктер орун алган. Баш сө ө ктү н бет бө лү гү ндө 14 сө ө к бар. Булардын эң ириси кыймылсыз бекиген жуптуу ү стү ң кү жана кыймылдуу жупсуз астың к жаак сө ө ктө рү. Бул жаак сө ө ктө рү ндө тиштин тамырлары жайланышуучу оюкчалар бар. Ү стү ң кү жаактардын жогору бет сө ө ктө р жайгашышат. Булардын башка мурун, жаш сө ө ктө рү, каң ылжаарлар жана башка бет бө лү гү н тү зө т. Баш скелети омуртка тутумуна бекийт.

Тулку бой

Тулку бойдун скелети омуртка тү ркү гү жана кө ө дө ндө н турат. Омуртка тү ркү гү биринин ү стү нө бири катары менен жайланышкан 33—34 омурткадан турат. Алардын арасында солкулдак кемирчек ткандан турган аралык кепилдер бар. Ошонун таасири менен омуртка тү ркү гү алдыга, артка жана оң го, солго ийилет. Омуртка тутумунан жана кө ө дө ндө н турат. Омуртка тутумундагы кыска сө ө ктө рдү н, омурткалардын саны 33-34. Ар бир омуртканын тулкусу, догосу жана урчуктары бар. Омурткалардын тулкусу биринин ү стү нө бири жайгашып, кемирчек тканы омуртка тутумунун ийилгичтигин камсыз кылат. Омуртка тутумунун ичиндеги омуртка каналында жү лү н жайгашкан. Адамдын омуртка тутуму беш бө лү ккө бө лү нө т. Моюн бө лү гү 7, арка 12, бел 5 куймулчак бири бирине ширелишкен 5 жана чычаң бө лү гү 4-5 омурткаларды ө зү нө камтыйт. Омуртка тутуму 4 жеринен: моюн, арка, бел жана куймулчакта ийилген. Бул ийилген жерлери басканда, жү гү ргө ндө жана секиргенде керек бири бири ийилгичтикти камсыз кылат, мээни чайкалуудан сактайт.

Омуртка тү ркү гү

Омуртка тү ркү гү 7 моюн, 12 арка, 5 бел, 5 куймулчак, 4—5 чычаң омурткасынан турат. Ар бир омуртканын тулкусу, догосу жана бир канча урчуктары бар. Омуртканын тулкусу менен догосунун ортосунда омуртка тешиги жайгашкан.
Булар чогулуп омуртка каналын тү зө т. Каналдын ичинде узунунан созулуп кишинин жү лү н мээси жатат (Омуртка тутуму).

Кө ө дө н

Кө ө дө н кө п сө ө ктө н туруп, арт жагы 12 арка омурткасынан, капталы 12 кабыргадан, ал эми алды жагы болсо тө ш сө ө гү нө н турат. Он эки кабырганын ар биринин арткы башы (учу) аркалар менен ашташат, ал эми жогорку 8 кабырганын алдың кы учу тө ш менен тү здө н-тү з туташат. Тө мө нкү тө рт кабырга алдың кы учтары кыска болгондуктан тө ш менен туташпастан карчыганын бү лкү лдө гү нү н арасында эркин жайгашат. Ушул аркалар, кабыргалар жана тө ш сө ө гү нү н ө з ара кошулушунан турган кө ң дө й кө кү рө к кө ң дө йү деп аталат. Анын ичинде ар кандай уруу, согуу кырсыктарынан жашырылып, ө пкө, жү рө к жана башкалар кан тамыр органдары жайгашат. Кө ө дө н: арка омурткалардан, он эки жуп кабыргадан жана тө ш сө ө гү нө н турат. Кабырга дого сымал ийилген сө ө к. Алардын арткы учу кыймылдуу омурткага бекилет алдың кы учтары кемирчек аркылуу тө шкө ашташат. Тө мө нкү 2 жуп кабырганын учтары кыска болгондуктан тө шкө жетпей бош калат. Боор эт кө ө дө н менен ич кө ң дө йү н бө лү п турат. Дем алганда кө ө дө н кең ейү ү гө жанан дем чыгарганда куушуруулуга жө ндө мдү ү ичинде орун алган жү рө ктү жана ө пкө нү, боорду жана ашказанды кө ө дө н механикалык таасирлерден бек сактап турат


Ийин

Кишинин ийин курчоосу кө ө дө ндү н арткы бетинде орношкон ү ч бурчтуу эки далыдан жана эки акырек сө ө гү нө н турат. Ар бир далынын башындагы тегерек чуң куру колдун биринчи жилиги кү ң жиликтин ийин башы менен ашташат Колдун жана ийин курчоосунун скелети. Ийин курчоосу аркылуу кол скелети дененин скелети менен байланышып турат. Ийин курчоосун 4 сө ө к 2 далы, 2 акырек тү зө т. Далы кабыргалардын ү стү ндө жайгашкан жалпак ү ч бурчтуу чоң сө ө к “S” тамгасына окшош акыректер бир жагынан далы, ал эми экинчи жагынан тө ш сө ө гү менен бириккен. Кол скелети каруу, билек жана чең гил деген эркин кыймылдаган бө лү ктө рдө н турат. Каруу бө лү гү н тү зү ү чү кү ң жиликтин шар сымал жогорку учу далынын тегерек чуң курунан орун алган. Билек бө лү гү ндө кар жилик жана укурук сө ө к жайгашкан. Чең гел кырк муун алакан жана манжалар деген ү ч бө лү ктү камтыйт. Кырк муун майда сө ө ктө рдө н, ал эми алакан беш шакшак сө ө гү нө н тү зү лү п манжаларга таяныч болот.

(Ийин курчоосу, Кол).

Бут курчоосу

Бут курчоосун эки жамбаш сө ө гү тү зө т. Ал ү ч бө лү ктө н (капшыт, отургуч жана чаткаяк сө ө гү нө н) турат. Жамбаш сө ө гү арт жагынан куймулчак менен, ал эми алды жагында бири-бири менен туташып жамбаш чарасын тү зө т. Ар бир жамбаштын тегерек оюгу бар, бул кашка жиликтин ийик башы менен ашташат. Жамбаш курчоосу бири бири менен кыймылсыз жана арт жагынан тү зү лгө н. Ар бир жамбаш сө ө гү ндө шар сымал оюгу бар, ага кашка жиликтин тегерек башы кирет. Буттун скелети сандан, шыйрактан же бут кетменинен турат. Сан бө лү гү н кашка жилик, шыйракты – чоң жото жилик жана кичине балдак сө ө гү тү зө т. Кашка жилик жото жилик менен кошулган жерде тизе томугу орун алган. Бут кетмени кызыл ашыктын кыска сө ө ктө рү нө р алардын ичинде эң чоң у согончок, беш узун таман сө ө гү нө н жана манжалардан турат. (Жамбаш чарасы, Бут).

Сө ө ктө рдү н тү зү лү шү, касиети жана биригиши

Сө ө к тканы – тутумдаштыргыч ткандын бир тү рү. Сө ө ктө рдү н кө пчү лү гү нү н сырт жагы тыгыз, катуу ал эми ич жагы жумшак кемик тканынан тү зү лгө н. Сө ө ктө р сыртынан тыгыз сө ө ккө бекем жабышкан. Сө ө к чели менен капталган. Ал челдин негизги милдети сө ө ктө рдү азыктандыруу жана жооноюп ө сү шү нө кө мө к кө ргө зү ү. Сө ө ктү н сыртында кө птө гө н майда тешикчелер бар. Алар аркылуу сө ө ктү н ткандарына жана сө ө ктү н чучугуна кан тамырлар жана нервдер келип, сө ө к ткандарын азыктандырып жана дем алдырып турат. Клетка аралык зат сө ө к тканынын 2/3 бө лү гү н тү зө т. Адамдын сө ө гү нү н 50% ын суу, 12, 5% ын оссеин жана оссеомукоид деген белоктуу органикалык заттар, 15% ын майлар жана магнийдин, натрийдин ж.б. минералдык кошулмалары кө п болгондуктан, аны минералдык заттарды сактоочу жай дешет. Адамдын сө ө гү н 21, 8% минералдык заттар тү зө т. Сө ө ктө р керек болсо канча минералдык заттарды жиберип же андан алып, мындайча айтканда алар организмди жө нгө салып турат. Органикалык эмес заттар сө ө ктө ргө катуулукту, ал эми органикалык заттар - солкулдактык жана ийилгичтик касиетти берип турат. Сө ө ктө рдү н формасы аткарган милдетине жараша болот. Кө ң дө йлү ү сө ө ктө р – жең ил жана катуу, алардын кө ндө йлө рү ндө тутумдаштыргыч ткань – сары чучук жатат. Жиликтердин баштарын жана жоон, кө ң дө йү жок жерлерин кемик ткань тү зө т. Жалпак кемиктү ү сө ө ктө ргө далы, жамбаш, тө ш сө ө гү, кабыргалар, омурткалар жана баш сө ө гү кирет. Кемик тканда кызыл чучук болгон соң анын негизги милдети канды пайда кылуу ө згө чө лү гү бар. Сө ө ктө рдү н ө з ара биригиши. Биригү ү нү н ү ч тү рү бар: кыймылсыз ашташуу, кыймылдуу жана чала кыймылдуу, байламталуу, биригишү ү менен байланышат. Кыймылсыз сө ө ктө р анын ичинен ашташкан сө ө ктө р бири бирине ө сү п ашташат.М: Баш сө ө к, жана куймулчактагы омурткалар. Жиликтердин кыймылдуу байланышын муундар дешет. М: Жамбаш, тизе, чыканак. Муундар аркылуу байланышкан жиликтердин бирө ө сү ндө адатта чуң куру – муун оюгу болот. Аны менен байланышкан экинчи сө ө ктү н оюгуна тоголок формада болгон башы муун оюгуна кирет. Оюк жана ага кирү ү чү сө ө ктө р жылтыраган жылма катмар менен капталган. Бул катмар болсо жиликтин башы муунда кыймылдаган болсо анын оюгундагы жылмышуусуна жардам берет. Муун сыртынан муун кабыгы менен капталган. Муундун, ө йкө лү ү сү н азайта турган муун суюктугу бар. Кээ бир сө ө ктө р ийилгич касиетке ээ болгондуктан кемирчектер менен байланышкан. Мындай байланыштарды чала кыймылдоочу байланыш деп аташат. Сө ө ктө рдү н ө сү шү. Сө ө ктө р узунунан жана туурасынан ө сө т. Скелеттин ө сү шү 25-27 жашка чыкканда аяктайт. Сө ө ктү н туурасынан ө сү шү сө ө к челинин ички бетинин клеткаларынын бө лү нү шү нө байланыштуу. Мында сө ө ктү н тышында клеткалардын жаң ы катмары пайда болот да, ал клеткалардын айланасында клетка аралык зат тү зү лө т. Сө ө ктү н узунунан ө сү шү кээ бир ички секреция бездери, м: гипофиз жө нгө салып турат. Эгерде гипофиздин ө сү ү гормону жаз кезде жетишсиз ө лчө мдө бө лү нү п чыкса, анда баланын бою ө спө йт же абдан жай ө сө т, ал эми тескерисинче кө секрецияланса, анда баланын бою абдан тез ө сү п 2 метрден ашык болушу мү мкү н. Жаш баланыкындай эле чоң кишилердин сө ө гү ндө заттын алмашуусу тынымсыз, ө мү р бою жү рү п турат, бирок ал процесс тез же жай жү рү шү мү мкү н. Эгерде киши дайыма кыймылда болсо, кө п учурда кара жумуш менен иштесе дене тарбия менен машыгууга кө ң ү л бурса, скелеттин сө ө ктө рү ндө зат алмашуу кү чө йт, адамдын дене тү зү лү шү кө ркө мдү ү жана ден соолугу чың болот.

Сө ө ктө р тууралуу

Кишинин сө ө гү ө тө эле катуу, тик абалда турган жото жилиги 1500 кгга чейинки жү ктү кө тө рө алат. Сө ө ктө рдү н бекемдиги анын химиялык составына жараша болот. Сө ө ктө рдү н составында органикалык жана органикалык эмес заттар бар. Аны билү ү ү чү н сө ө ктү отко кү йгү зсө анда анын органикалык заттары кү йү п, органикалык эмес заттары калат. Ал заттар сө ө ктү н сырткы формасын сактап, ага бекемдикти берет. Ал эми сө ө ктү бир суткага 10%тү ү туз кислотасынын эритмесине салып койсо, анда анын составындагы органикалык эмес заттар акырындап эрип кетет да, сө ө к ийилгич жана чоюлгуч болуп калат. Мындай сө ө ктү чү лү к катары ийү ү гө, буроого да болот. Ошентип, органикалык заттар сө ө ккө ийилгичтикти жана чоюлгучтукту берет. Органикалык жана органикалык эмес заттардан турган сө ө к тканы сө ө ккө бекемдикти берет. Жаш балдар, ө спү рү мдө р жана жаш кишилердин сө ө ктө рү ндө органикалык заттар ө тө кө п. Ошондуктан алардын сө ө гү бекем жана ийилгич келип, аз сынат. Ал эми киши улгайган сайын алардын сө ө гү нө борпоң дукту жана катуулукту берү ү чү органикалык эмес заттар акырындап кө бө йө т да, улгайган жана кары кишилердин сө ө ктө рү бат сынат.

Анатомиялык тү зү лү шү

Сө ө ктө рдү н бекемдиги алардын химиялык составына гана эмес, анын анатомиялык тү зү лү шү нө жараша да болот. Сырткы формалары боюнча сө ө ктө р узун, кыска, жалпак жана кө пшө к болуп бө лү нө т. Мисалы, каруу, билек, сан жана шыйрак жиликтери узун сө ө ктө р. Жиликтердин орто жери кө ң дө й келип, ичинде сары чучук бар. Жиликтердин эки учу анын башы деп аталат. Анда каршы-терши кайчылашкан сө ө к эбелектери болуп, арасы кызыл чучукка (кемик майлары) толгон. Сө ө к эбелектери сө ө ккө кайсы тараптан кү ч кө п келсе, ошол жакка багытгалып, сө ө ктү н бекемдигин камсыз кылат. Кыска сө ө ктө ргө кырк муун, кол, буттун манжалары жана кызыл ашыктын сө ө ктө рү; жалпак сө ө ктө ргө кабыргалар, баштын тө бө сө ө ктө рү жана жамбаш сө ө ктө рү кирет. Кө пшө к сө ө ктө ргө омурткалар, тө ш сө ө гү жана томук кирет. Кө пшө к сө ө ктө рдү н ичиндеги сө ө к эбелектеринин арасы кызыл чучукка толгон. Сө ө ктө р сыртынан жука чел кабык менен капталган. Ал эки катмардан турат. Анын сырткы катмарында кан тамырлар жана нервдер ө тө кө п. Алар аркылуу сө ө ктө р азыктанат жана нервдешет. Ал эми ички катмарында сө ө ктө рдү ө стү рү ү чү ткандар жайгашкан. Алардын жардамы менен сө ө ктө р туурасынан ө сө т.

Милдеттери

Кишинин скелетин тү зү ү чү сө ө ктө р организмде ар тү рдү ү милдетти аткарат. Кишинин скелетинин негизги милдеттеринин бири — ал отурганда, турганда, басканда тү ркү к болот. Бул милдетти негизинен омуртка тү ркү гү аткарат. Ошондой эле скелет ө зү нө бекиген булчуң дардын жыйрылып жана бошоң дошунун негизинде муундарды кыймылга келтирет. Сө ө ктө р бири-бири менен туташып, мээ кутусун, кө кү рө к, ич кө ң дө йлө рү н жана жамбаш чарасын тү зө т. Бул кө ң дө йдү тү згө н сө ө ктө р мээни, ө пкө -жү рө ктү, ичеги-карынды жана жыныс органдарын ар кандай урунуу, кагынуудан сактайт. Кишинин сө ө ктө рү организмдеги минералдык алмашуу процесстеринде да катышат. Анткени кишинин сө ө ктө рү ндө кальций, фосфор жана темир туздарынын чоң запасы бар. Кишинин сө ө ктө рү кан денечелерин да пайда кылат. Анткени, сө ө ктө рдү н ичиндеги кызыл кемиктер кан денечелерин жаратуунун негизги булагы. Сө ө ктө рдү н составында микроэлементтер жана витаминдер да кө п. Ошентип, кишинин сө ө ктө рү ага жө нө кө й гана тү ркү к болбостон, ар тү рдү ү милдеттерди аткаруучу маанилү ү органдардын бири болуп эсептелет.

Сө ө к калыптанышы

Сө ө к системасынын калыптанышында туура тамактануу чоң роль ойнойт. Айрыкча балдардын ө сү п жаткан организми сө ө ктү н ө ө рчү шү ү чү н зарыл органикалык жана минералдык заттарды талап кылат. Витаминдердин жетишсиздиги сө ө ктү деформациялап, ө сү ү сү н кечең детет; кальций менен фосфор туздары жетишпесе сө ө к тез сынып, кыйшаят. Ал туздар сү т жана сү т азыктарында кө п болот. Кош бойлуу жана эмчек эмизген аялдар кальций тузун кө бү рө ө к талап кылат.

ǀ ǀ бап.

Бү гү нкү кү ндө остеохондрозду дарылоо ыкмалары жакшы жолго коюлган. Бул тууралуу бү гү н, 27-февралда, Кыргыз илим изилдө ө жана кайра калыбына келтирү ү институтунун кан тамырлар бө лү мү нү н башчысы, жогорку категориядагы дарыгер Атыргү л Чекирова " Биринчи Радиодо" тү з ободо берген маегинде билдирди.

Дарыгердин айтымында, остеохондроз оорусу адамдын кичине кезинде эле пайда болот. Мисалы денедеги зат алмашуу бузулганда, оор нерсени кө тө ргө ндө, артерия кысылып калып пайда болушу мү мкү н. Бул учурда ооруну сө зсү з тү рдө дарылаш керек. " Рентгенден ө тү п, комплекстү ү дарыланыш керек. Бү гү нкү кү ндө остеохондрозду дарылоо ыкмалары жакшы жолго коюлган. Учурда кургак жана суу алдында сордуртуп алуу ыкмалары колдонулуп келет. Моюн омурткасында остеохондроз болсо кургак, ал эми кө кү рө к, бел омурткаларында болсо суу алдында тарттыруу ыкмалары колдонулат", - дейт Чекирова.

Маалыматка караганда, остеохондроз (байыркы грек тилинен ὀ σ τ έ ο ν - сө ө к жана χ ό ν δ ρ ο ς - кемирчек) - сө ө к жана кемирчек ткандарында зат алмашуу продуктуларынын топтолушунан келип чыккан ө нө кө т оору.

Омурткалардын остеохондрозу кө п жолугат. Анда омуртка дисктеринин дистрофияга учурашы жана жукарышынан омуртка сө ө ктө р ө сө т, муун арасында артроз, кө п учурда диск чуркусу ө ө рчү п, жү лү ндү, жү лү н нервдеринин дү мү рчө ктө рү н кысат. Андыктан омуртка тутумунун ийилгичтиги жана кыймылы тө мө ндө йт. Оорунун жү рү шү ар кандай факторлорго (зат алмашуу жана эндокриндик бузулуулар, травма жана башкалар) байланыштуу. Омурткалар бири бирине салмагын тийгизип баскандыктан, омуртка дискинин бийиктиги тө мө ндө п, омурткалардын ортосунда фиброздук шакекче чыгып, жү лү ндү н элементтерине таасир этиши мү мкү н.

" Моюн омурткасында остеохондроз болсо башты оорутат, айландырат, кол буттар чымырайт, дем жетпейт, адамда кыжырданууну пайда кылат. Ошондой эле эс тутумду начарлатат. Омурка тушу оорутуп, булчун эттерди бошотот. Ал эми белде остеохондроз болсо белди оорутат. Адам кыйшайып баспай калат, эки бутка тен таасир берет", дейт дарыгер айым.

Чекированын айтымында, бул ооруну алдын алуу ү чү н бала эненин ичинде жаткандан баштап жакшы тамактанышы керек. Эне нерв системасын сакташы зарыл. Кү ндү н нурунан D витаминин алышы керек. Наристе тө рө лгө ндө кө нү гү ү жасатып туруу шарт. Кальцийге бай тамактарды кө п берип, витаминдү ү азык менен камсыздандырып туруу керек. Мектепке барганда баланын туура отурушуна кө нү л буруп, сумканы кө тө ргө ндө байкоо салыш керек.

Маалыматка таянсак, остеохондроз кө бү нчө бел, моюн, кө кү рө к бө лү гү ндө кездешет. Оорунун негизги белгиси- белдин белгилү ү жери ооруп, ал жамбашка жана бутка берилет. Кө п учурда куяң га окшойт. Омурткалардын бузулган дисктин тушундагы кылкандай урчугу пальпация жасаганда ооруйт. Эгерде нерв кыпчылып калса, ал нервдештирген жерде оору сезилип, сезгичтик бузулат, буттун алсыздануусу жана башкалар байкалат.

 

 

Колдонулган адабияттар.


Поделиться:



Последнее изменение этой страницы: 2019-06-09; Просмотров: 633; Нарушение авторского права страницы


lektsia.com 2007 - 2024 год. Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав! (0.049 с.)
Главная | Случайная страница | Обратная связь