Архитектура Аудит Военная наука Иностранные языки Медицина Металлургия Метрология
Образование Политология Производство Психология Стандартизация Технологии


Уюштуруу-тескеме иш кагаздары (расмий иш кагаздары)



Жеке уюштуруу иш кагаздары жарандар тарабынан даярдалат. Мындай иш кагаздары жарандар менен жарандардын же жарандар менен мекемелердин ортосундагы тү рдү ү укуктук мамилелерди тейлейт. Ушундан улам жеке уюштуруу иш кагаздарын - ө здү к иш кагаздары, же болбосо расмий эмес иш кагаздары деп дагы белгиленип жү рө т. Аларга: арыз, тү шү нү к кат, тил кат, ө мү р баян, анкета, ө здү к баракча, кулактандыруу, жарыя жана башкалар кирет.

Уюштуруу-тескеме иш кагаздарына ө кмө т, мамлекет тарабынан кабыл алынган расмий иш кагаздары кирет. Аларга токтом, жарлык, буйрук, кө рсө тмө, акт, тескеме, пртокол ошондой эле уюштуруу, башкаруу мү нө зү ндө гү башка иш кагаздары да кирет. Негизинен, иш кагаздарынын ичинен уюштуруу-тескеме иш кагаздары саны, аткарылуу ө згө чө лү гү жана тү рлө рү боюнча жеке-уюштуруу иш кагаздарынан кескин айырмаланат. “Расмий иш кагаздары” деген атоонун ө зү да шарттуу болуп саналат. Ошол себептен, “расмий иш кагаздары” деген атоо бул китепте, уюштуруу-тескеме иш кагаздары (организационно-распорядительные документы) деген атоо менен аталат (КРдин №370 токтомуна ылайык).

Иш кагаздарынын ар бир тү рү ө зү нчө формага ээ. Анын жазылышында же толтурулушунда ошол форма толук сакталууга тийиш. Ал эми тил жагынан да бир иш кагазы экинчисинен кескин айырмаланат[2]. Тү рдү ү тариздерге, аткаруучулук мү нө зү нө, тилдик ө згө чө лү ктө рү нө ээ болгон иш кагаздары бир нече топторго бө лү штү рү лө т. Иш кагаз таануу илиминде алар биринчи иретте ө здө рү жазылган жана колдонуу орду боюнча ички жана тышкы иш кагаздары болуп айырмаланат.

Ички иш кагаздары - белгилү ү бир уюмдун ичинде, анын мү чө лө рү нү н ортосунда же жеке адамдар менен ошол уюмдун ичинде гана пайдаланылат. Мындай иш кагаздарга: арыз, тү шү нү к кат, тил кат, буйрук, ө здү к баракча, мү нө здө мө, ө мү р баян, таржымал ж.б. кирет.

Тышкы иш кагаздары – уюм жана мекемелер ортосунда же алар менен жеке адамдардын ортосунда тү рдү ү мамилелерди тейлө ө ү чү н колдонулуучу иш кагаздары. Мындай иш кагаздарына ишеним кат, кызмат каттары, иш сапар кү бө лү гү, келишим ж.б. кирет.

Иш кагаздарын тү зү лү шү нө жана мазмунуна карап жө нө кө й жана татаал деп бө лү ү гө болот.

Жө нө кө й иш кагаздары текстте зарыл болгон бир гана маселени камтыйт. Мисалы, кө лө мү канча экенине карабастан, ар кандай ө мү р баян бир гана маселени, бир адамдын турмушта басып ө ткө н жолун баяндайт.

Татаал иш кагаздары текстте эки же андан кө п маселени камтыйт. Мисалы, буйрукта аткарылуучу иштер атайын параграфтар менен белгиленет (1§та кимдир бирө ө жумушка алынса, 2§та кимдир бирө ө кызматтан бошотулат). Чогулуш протоколун да татаал иш кагаздар тобуна кошууга болот. Бирок иш кагаздарын мазмунуна карай жө нө кө й жана татаал иш кагаздары деп бө лү ү шартуу мү нө згө ээ. Себеби, кээде буйрук да, чогулуштун протоколу да бир эле маселени камтып калышы мү мкү н.

Иш кагаздары маалыматтык жана эрк билдирү ү чү иш кагаздары болуп да бө лү нө т. Маалыматтык иш кагаздарына маалым кат, тил кат, тү шү нү к кат, мү нө здө мө, таржымал ж.б. кирет. Булардын мазмунунда иш кагазынын ээси тууралуу маалымат берилет. Ал эми эрк билдирү ү чү, башкача айтканда, буйрук берилген иш кагаздарына токтом, чечим, кө рсө тмө, тескеме, жарлык, жобо, устав ж.б. иш кагаздары кирет. Мында иш кагаздарынын аталыштары айтып тургандай, буйрук берген, тескеген иш кагаздары - эрк билдирү ү чү иш кагаздары (волюнтативдик) болуп саналат. Кээде айрым иш кагаздары жогорудагы эки маселени тең камтыйт, маселен, протокол.

Иш кагаздарында колдонулган сө з каражаттарына карай иш кагаздарын эркин регламенттелген, атайын регламенттелген, жарым жартылай регламенттелген деп ажыратууга болот.

Эркин регламенттелген (тү зү лгө н) иш кагаздарына арыз, тил кат, тү шү нү к кат, таржымал, ө мү р баян, мү нө здө мө ж.б. кирет. Себеби аларда туюндурулган мазмун, каралган маселе бири-биринен айырмаланат, эркин тү зү лө т.

Атайын регламенттелген иш кагаздарына токтом, мыйзам, кодекстер, жобо, чечим, тескеме, нускама, кө рсө тмө, буйрук ж.б. иш кагаздары кирет. Мындай иш кагаздарында козголгон маселелер ар кандай болгону менен, ө зү нө тиешелү ү, мү нө здү ү сө здө р менен жазылат жана тү зү лө т.

Жарым жартылай регламенттелген иш кагаздарына протокол, акт ж.б. иш кагаздары кирет, мында жогорудагы эркин жана атайын регламенттелген иш кагаздарынын экө ө нө тең мү нө здү ү белгилер сакталат.

 

Иш кагаздарынын тили

Иш кагазынын тили, стили, аларды жазуунун мү нө зү, негизинен, жазылып жаткан документтин тү рү нө байланыштуу болот. Документ объективдү ү чындыкты чагылдырууга тийиш. Ошондуктан иш кагаздарына коюлуучу негизги талаптарга окуяларды чындык менен так, туура, ачык-айкын чагылдыруу, документтин таризделиши, юридикалык жактан сабаттуу болушу кирет. Ошондой эле иш кагаздар стилиндеги текст ача пикирди туудурбашы керек. Ошондуктан иш кагаздарынын текстинде сө здө р бир гана мааниде колдонулат. Дагы белгилей кетү ү чү нерсе, ашыкча маалыматты камтыган, конкреттү ү бир маанини туюндура бербеген сө здө рдү иш кагаздарында колдонуу негизсиз. Маселен ө здү к, жеке пикирлерди, ички сезимдерди билдирген, жеке кө з караштагы кооз же аша чапкан тилдик каражаттарды (мактоо, кемсинтү ү, баалоо у.с.) пайдалануудан алыс болуу зарыл. Иш кагаздарында диалектилик сө здө р, фразеологиялык айкаштар, архаизм, тарыхый сө здө р, вульгаризмдер, жаргондор дээрлик колдонулбайт. Зарылдыгы болбосо, тууранды, сырдык жана модал сө здө рдү н да иш кагаздарында колдонулушу аз кездешет. Ал эми кулактандыруу, жарыя, чакыруу, куттуктоо сыяктуу иш кагаздарында каратма сө здө р аз болсо да кездешет. Иш кагазында жаң ы термин же кесиптик сө здө р кездешсе, аны туюндуруу талап кылынат да, тү шү ндү рмө сү кашаага алынып жазылат. Кыскартылган сө здө р иш кагаздарында кө п колдонулат. Алар адабий тилдин нормаларын жана жазуу эрежелерин сактоо менен иш кагаздарынын текстинде ээлеген орунду жана аны жазууда кеткен убакытты ү нө мдө ө гө ө бө лгө тү зү шө т.

Иш кагазын тү зү ү дө, эң алды менен, анын максатка ылайыктуулугун, тексттин мазмуну ошол мекеменин макамына ылайык келерин аныктап туура тандап алуу керек.

Документтердин текстиндеги ойдун кыска жана нускалуулугу, мазмунду чагылдыруудагы логикалуулугу жана айкындыгы текст ичиндеги сү йлө мдө рдү н тү зү лү шү нө, сө здө рдү н айкалышына жана сү йлө мдө рдү н формасына жараша болот. Иш кагаздарына сү йлө мдү н жө нө кө й тү рү н (бир тутумдуу, эки тутумдуу, жайылма) колдонуу сунуш кылынат. Себеби жө нө кө й сү йлө м ойду тез тү шү ндү рө т да колдонууга оң ой. Бирок иш кагаздарынын ар бир тү рү ө зү нчө синтаксистик тү зү мгө ээ. Чечмелеп айтканда, иш кагазынын ар бир тү рү ө зү нө гана тиешелү ү ө згө чө лү к менен жазылат. Мисалы, арызда жө нө кө й сү йлө мдө рдү н колдонулганы ың гайлуу болсо, жобо, токтомдордо татаал сү йлө мдө р ү стө мдү к кылат да, сү йлө м мү чө лө рү жалпыланып берилет. Ошондуктан булар туурасында ар бир иш кагазын талдаганда кең ири тү шү ндү рмө берилет.

 

Иш кагаздарынын тексттерин тү зү ү

Иш кагаздарын жазууда, колдонууда жана жү гү ртү ү дө алардын юридикалык кү чү н, сапатын жана тез аткарылышын камсыз кылуучу белгилерди сактоо зарыл. Ансыз документ юридикалык жактан жараксыз болушу мү мкү н. Иш кагаздарындагы мындай белгилерге маалым даректер (реквизит) кирет. Уюштуруу-тескеме иш кагаздары ү чү н МАМСТ 6.38-90 талаптарына ылайык 31 маалым дарек белгиленет. “Маалым дарек” сө зү “реквизит” деген орус сө зү нө н алынды. Ал ө з кезегинде requisitus деген латын сө зү нө н алынган. Бизге которгондо зарыл дегенди билдирет. Иш кагаздарынын маалым даректери “Кыргыз Республикасында башкарууну документ менен камсыз кылуу (иш кагаздарын жү ргү зү ү ) боюнча Типтү ү нускоо жө нү ндө ” Кыргыз Республикасынын Ө кмө тү нү н 1995-жылдын 25-августундагы №370 токтому менен бекитилген. Ал маалым даректер тө мө нкү лө р:

1.Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби;

2.Уюмдун эмблемасы;

3.Уюмдун алган сыйлыгынын сү рө тү;

4.Уюмдун жалпы классификатор боюнча коду;

5.Башкаруу иш кагазынын жалпы классификатор боюнча коду;

6. Министрликтин же ведомствонун аталышы;

7. Мекеменин аталышы;

8. Тү зү мдү к тармактын же бө лү мдү н аталышы;

9. Байланыш ишканасынын индекси, почта жана телеграф дареги, телетайп номери, телефакстын коду, телефон номери, банктагы ө здү к эсеп;

10. Иш кагаздын тү рү нү н аты;

11. Дата (жыл, кү н, ай);

12. Катар номери (индекси);

13. Иш кагаздын келип тү шкө н датасына жана индекске шилтеме;

14.Тү зү лгө н же басылган жайы;

15.Иш кагазын пайдаланууга чек койгон гриф (“Кызматта пайдалануу ү чү н”, “Жашыруун”, “Ө тө жашыруун”);

16.Иш кагазын алуучу (адресат);

17. Бекитү ү грифи;

18. Резалюция;

19.Тексттин аталышы;

20. Кө зө мө лдө ө жө нү ндө гү белги;

21.Текст;

22. Тиркеменин бар экендиги жө нү ндө белги;

23. Колу;

24. Макулдашуу грифи;

25. Макулдук белги (виза);

26. Мө ө р;

27. Кө чү рмө нү н кү бө лө ндү рү лгө нү тууралуу белги;

28. Аткаруучунун аты-жө нү, телефон номери;

29. Иш кагазынынын аткарылгандыгы жана анын иш кагаздар кө ктө мө сү нө (делого) жиберилгендиги жө нү ндө белги;

30. Иш кагазындагы маалыматтардын машинада сакталгандыгы жө нү ндө белги;

31. Иш кагазынын келип тү шкө ндү гү жө нү ндө белги.

 

Жогоруда берилген маалым даректердин баары эле иш кагаздарында колдонула бербейт. Ар бир иш кагазы зарылдыгына жараша тиешелү ү белгилер, маалым даректер менен жабдылат. Ошондой эле милдетү ү маалым даректер зарылдыгына жараша башка маалым даректер менен толкталышы мү мкү н. Мамлекеттик стандарт (МАМСТ) бекиткен маалым даректер менен документтерди жол-жоболоштурууда иш кагаздарынын сапаты жогорулайт, иш кагаздарында тактык камсыз болот.

 

Иш кагаздарынын бланкы

Иш кагаздарын даярдоодо бланктарды колдонуу башкаруу эмгегинин маданиятын жогорулатат, маалыматка расмий мү нө з берет, документти аткарууну жана андан ары пайдаланууну жең илдетет.

Кызмат иш кагаздары А4 (210х297) менен А5 (148х210) форматында басмаканада басылып чыгарылган жана МАМСТ 9327-60 талаптарына ылайык келген бланктарга даярдалат. Документтердин айрым тү рлө рү ү чү н А3 (297х420) фоматын колдонууга жол берилет[3].

Бланктардын эки тү рү колдонулат: жалпы бланк жана каттар ү чү н бланк.

Каттар ү чү н бланк тө мө нкү ндө й маалым даректерден турат: республиканын мамлекеттик герби, мекеменин эмблемасы, уюмдун алган сыйлыгынын сү рө ттө рү, министрликтин же ведомствонун аталышы, мекеменин аталышы, тү зү мдү н бө лү ктү н аталышы, байланыш ишканасынын индекси, почта жана телеграфтык дарек, телетайптын, телефакстын, телефондун номери, банктын жана банктагы эсептин номери, иш кагазынын тү рү нү н аты жана датасы (кү нү, айы, жылы), катар номери (индекси).

Жалпы бланктарда тө мө нкү дө й маалым даректер болот: ведомствонун же мекеменин аталышы, иш кагазынын аталышы, даярдалган датасы жана номери, документтин тү зү лгө н жана чыгарылган жери кө рсө тү лү шү зарыл[4].

МАМСТ – 6.38.90 бланктардын ар бир тү рү ү чү н маалым даректерди жайгаштыруунун бурчтук тү рү ндө гү жана узата жайгаштыруу тү рү ндө гү эки вариантына жол берет. Маалым даректерди узатасынан жайгаштырууда мекеменин аталыштары документтин жогорку талаасына узатасынан жайгаштырылат. Маалым даректерди бурчтук тү рдө жайгаштыруу кө п колдонулат жана ал белгилер бланктын жогорку сол жана оң бурчтарына гербдин эки жагына жайгаштырылат. Барактын аянтын пайдаланууда абдан ү нө мдү ү жана ың гайлуусу бланктын бурчтук тү рү болуп саналат. Айрым мекеме, уюм, ишканаларда гербдин ордуна ө здө рү нү н эмблемасы колдонулат. Мамлекеттик мекемелердин бланктарында маалым даректер эки тилде берилген учурда бурчтук жазууда талаанын жогору сол жагына мамлекеттик тилдегиси, ал эми оң жагына расмий тилдегиси жайгаштырылат. Маалым даректер узатасынан жайгаштырылган учурда биринчи мамлекеттик тилдегиси, андан соң расмий тилдегиси берилет. Ошондой эле азыркы мезгилде иш кагаздары чет тилдерде дагы жазылат. Ошол чет тилдеги маалым дарек расмий тилдеги маалым даректен кийин орун алат.

Бланктагы чектө ө чү сызыкчалар жана бурчтуктар менен тө мө нкү дө й маалым даректер ү чү н орундар белгиленет: дата, индекс (катар номери), тексттин темасы, иш кагазын тескө ө гө алуу белгиси, кө зө мө л жө нү ндө белгилер жазылат. Ушундай чектө ө чү бурчтуктар менен бланктардын талааларын белгилө ө гө болот: МАМСТ 6.38-90 боюнча бланктардын талаалары тө мө ндө гү дө й: сол жагы – 20-35 мм, оң жагы - 8 мм, ү стү жагы кеминде - 10 мм, тө мө н жагы кеминде – 8 мм.

Мекеменин бланкы жок болгон учурда документке ошол мекеменин бурч мө ө рү коюлат. Бланк бир тү стө гү, негизинен, кара боёк менен жана ак тү стө гү кагазга басылат. МАМСТ 6.38-90 стандартында бланктарды басууда сунуш кылынуучу басмаканалык тарифтер кө рсө тү лгө н (Кыргыз Республикасынын Ө кмө тү нү н 2002-жылдын 30-сентябрындагы № 665 токтомунун редакциясына ылайык).

 


Поделиться:



Популярное:

Последнее изменение этой страницы: 2016-07-13; Просмотров: 1659; Нарушение авторского права страницы


lektsia.com 2007 - 2024 год. Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав! (0.023 с.)
Главная | Случайная страница | Обратная связь