Архитектура Аудит Военная наука Иностранные языки Медицина Металлургия Метрология
Образование Политология Производство Психология Стандартизация Технологии


Президентинин Аппарат жетекчисинин



Орун басары

____________С. Н. Байназаров

“_____”__________ 2011-ж.

Аткарылган иш тууралуу

АКТ

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борборунун директору А. Исманкулова жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Эмилбек Саламатович Каптагаев менен №8 кызматташуу келишими тү зү лгө н.

Келишимде 2011-жылдын 1-октябрынан 30-декабрынан чейин кызматкерлерге мамлекеттик тилди окутууга:

-баштоочу топ ү чү н 72 саат;

- улантуучу топ ү чү н 72 саат;

- иш кагаздарын мамлекеттик тилде жү ргү зү ү гө 48 саат белгиленген.

Окуу-маалымат борбору тарабынан кө рсө тү лгө н иш милдети аягына чыкты. Кызматкерлерден сынак алынып, жыйынтык чыгарылды.

Учурда сынактан ө ткө н курстун угуучуларына тастыктама тапшырууга берилди.

 

 

Окуу-маалымат борборунун

Директору А. Исманкулова

А.Н. Абдылдаева

А. Т. Аликеева

Ж. А. Рахматова

Баяндама кат

(докладная записка)

Тапшырылган иштин аткарылгандыгын же аткарылбай калуу себебин мекеме жетекчисине кызматкердин расмий тү рү ндө билдирип жазган иш кагазы– баяндама кат.

Баяндама катта жетекчиге маалымат гана бербестен, анда коюлган тапшырманы тез жана сапаттуу аткаруу ү чү н кызматкер ө зү нү н сунушун да кө рсө тө алат.

Баяндама каттын маалым даректери тө мө нкү дө й:

1. Кат жиберилген мекеменин аталышы, жетекчинин аты, жө нү;

2. Катты даярдаган адамдын кызматы жана аты, жө нү;

3. Иш кагаздын аты (БАЯНДАМА КАТ);

4. Тексттин темасы;

5. Текст;

6. Тиркеме болсо, алардын аталышы, канча беттен турары, нусканын саны;

7. Баяндама кат жазылган кү н;

8. Колу;

9. Каттын авторунун аты-жө нү.

Баяндама катты адамдар тобу даярдашы да мү мкү н.

Баяндама кат кимге, кайда жө нө тү лү шү нө байланыштуу ички жана тышкы баяндама кат болуп эки тү ргө бө лү нө т.

Ички баяндама кат- ө зү нү н мекеме жетекчисине же бө лү м башчысына жазылат. Ал кол жазма менен жазылышы же компьютерде басылышы мү мкү н. Мындай баяндама катка аны тү згө н киши кол коёт.

Тышкы баяндама кат- мекеменин, ишкананын жетекчисинин жогорку органдарга же анын жетекчисинин жеке ө зү нө, адатта, ал мекеменин бланкына эки нускада жазылат. Иш кагаздын экинчи нускасы мекеменин ө зү ндө калтырылат. Мындай баяндама катка мекеме жетекчиси кол коёт.

Баяндама кат демилгелик, кабарлоо жана иш баяндык ж.б. мү нө здө болот. Мындай белгилер темада жана каттын текстинде тийиштү ү маселелер жана сунуштар биринчи катарга коюлуп, жетекчини аларды чечү ү гө (ишке ашырууга) ү ндө йт.

Кабарлоо баяндама каты жетекчиге иштин жалпы жү рү шү туурасында так, анык кабар берү ү ү чү н жазылат.

Иш баяндык маалым кат белгилү ү бир иштин аякталышы же ар кандай кө рсө тмө, сунуш берү ү, пландын аткарылышы жө нү ндө жетекчини кабардар кылууга жазылат.

Алынган мидеттенменин же тапшырманын аткарылышынын жү рү шү жө нү ндө билдирү ү билдирме (рапорт) деп да аталат. Айрым бир белгилери боюнча баяндама кат билдирмеге да окшошуп кетет. Бирок билдирмеде аткарылган жумуш сыпатталып, анда сунуш же демилге кө рсө тү лбө йт.

Баяндама каттын табиятынан кө рү нү п тургандай анын эӊ негизги бө лү ктө рү жана жазылышы сыртынан караганда, маалым катка (справкага) да жакын. Булардын айырмасы маалым катта атайын талап кылынган, же суралган окуя жө нү ндө кабар берилет. Ал эми баяндама катта окуяларды атоо менен бирге, аларды пайда кылган себептер кө рсө тү лө т жана тийиштү ү жыйынтыктар чыгарылып, сунуштар берилет.

Баяндама катты даярдаган кишинин жыйынтыктары менен сунуштары так, ачык жана ишенимдү ү болушу зарыл.

Баяндама каттын текстти эки бө лү мдө н турат:

1-бө лү мдө анын жазылышына себеп болгон далилдер, окуялар баяндалышы абзел.

2-бө лү мдө жыйынтыктар жана так аракеттер жө нү ндө гү сунуштар чагылдырылышы зарыл. Тү зү ү чү нү н пикири боюнча, мындай аракеттер баяндалган окуяларга байланыштуу жогорку органдар (мекемелер) же бийлик адамы тарабынан башталышы керек.

Эгерде баяндама кат ички иш кагазы болсо, иш-чараны аткаруу демилгеси мекеме кызматкери болгондуктан, андай баяндама катка тема коюлбайт.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын тө рагасы Р.Ч.Момбековго Окуу-маалымат борборунун директору А.Т. Исманкуловадан   БАЯНДАМА КАТ Сиздин кө рсө тмө ӊ ү з боюнча «Эл аралык «Манас» ачык акционердик аэропортунун кызматкерлерин 2012-жылдын 5-мартынан баштап Мамлекеттик тилди окутууга жетекчилери менен бирге кызматташуу келишимин тү здү к. Мамлекеттик тилди ү йрө нү ү гө аэропорттун бардык кызматкерлери макул экендигин билдиришти. Аэропорттун кызматкерлери Мамлекеттик тилди ү йрө нү ү гө окуу китептери менен камсыз кылууну суранышты. Ошондуктан Сизден жогорку маселени чечип берү ү ӊ ү здү суранып, ишти андан ары уланта берү ү гө толук мү мкү н деп эсептейм.   16.02.2012-ж. (колу) А.Исманкулова  

 

Ал эми тө мө нкү БАЯНДАМА КАТ тышкы иш кагазы болгондуктан тема коюу зарыл.

Кыргызстан-Россия Славян университетинин ректору, академик В.И. Нефадьвге университеттин Чарба иштери боюнча проректору А. Т.Мамасериковдон   БАЯНДАМА КАТ   Медициналык факультеттин жалпы абалы жө нү ндө   Сиздин кө рө стмө ӊ ү з боюнча 2011-жылдын 17-августунда Медициналык факультеттин жалпы абалын текшерип чыктым. Аталган имаратта айрым окуу бө лмө лө рү талапка жооп бербейт, бир бө лмө дө такта жок, эки окуу бө лмө нү н каалгалары жакшы бекилбейт. Спорт аянтчасында волейбол ойноочу торчо коюлбаган. Кө рсө тү лгө н кемчиликтерди тез арада оӊ доо жагын медициналык факультеттин деканына тапшырууӊ узду сураймын. Кө рсө тү лгө н кемчиликтер четтетилгенден кийин гана 2011-2012-окуу жылына имараттын даяр боло тургандыгын билдиремин.   17.08.2012-ж. (колу) А.Т. Мамасериков  

 

Жогоруда келтирилген баяндама каттардын ү лгү сү арызга окшош жазылган. Баяндама каттын дагы бир тү рү нү н аткарылуу ө згө чө лү гү бар. Анда тармактык бө лү ктө рдү н жайланыш тартиби бир аз башкачараак. Андай баяндама каттарда мекеме же ишкананын, тармактык бө лү мдү н жана иш кагазынын аталышы, анын жазылган убагы жана тексттин темасы сол бурчуна, баяндама кат жө нө тү лө турган жетекчинин кызматы, аты-жө нү барактын жогорку оӊ бурчуна жазылат.

 

Кыргыз Мамлекеттик улуттук ниверситетинин тарых факультети Декан А.К.Кулматовго БАЯНДАМА КАТ 01.02.2012-ж.   Сырттан окуу бө лү мү нү н 4-курсунун студенттеринин педагогикалык практикасынын мө ө нө тү н жылдыруу жө нү ндө   2012-жылдын 19-февралынан башталуучу педагогикалык практика Бишкек шаарында грипп оорусунун эпидемиялык мү нө з алгандыгына байланыштуу ө тү лбө й тургандыгын билдирем. Педагогикалык практиканы 2-апрелден баштоону сунуш кылам. Бул мө ө нө ткө Бишкек шаардык билим берү ү департаментинин жетекчилигинин макулдугу алынды.   Бишкек шаардык билим берү ү департаментинин макулдук каты (1 бет), 1 нуска) тиркелет.   Факультеттин деканын сырттан окуу боюнча орун басары 01.02.12 (колу) Р. Касымов  

 

Баяндама кат мекеме иш кагаздарынын жү гү ртү ү сү ндө кө п пайдаланылат.

Жогоруда белгиленгендей, баяндама катар формасы боюнча 2-3 тү рдү ү болот. Ал айырмачылыктарды баяндама каттын текстинин темасынын белгиленбеши же белгиленгендиги, баяндама кат жиберилчү мекеменин жана анын тү зү мдү к бө лү мү нү н аталышынын барактын оӊ же сол жагында белгилениши, баяндама каттын авторунун каттын баш жагына же аягына жазылышы жана ушуга байланыштуу мө ө нө тү, кү нү нү н белгилениши сыяктуу ө згө чө лү ктө р тү зө т.

 

БИЛДИРМЕ

(Рапорт)

Пландын, берилген ар кандай тапшырманын аткарылгандыгы, эмгек ө ргү ү сү нү н, чет ө лкө гө жасалган саякаттын аяктагандыгы, иш сапарынын бү ткө ндү гү, айрым иш чаралардын жыйынтыкталгандыгы ж.б. жө нү ндө жогорку инстанцияларга (уюмга) жиберилген расмий иш кагазы –билдирме болуп саналат.

Билдирме арналышы жана тү зү лү шү боюнча баяндама катка окшош болот, бирок текстинин темасынын жоктугу менен айырмаланат.

Билдирменин маалым даректери тө мө ндө гү дө й:

1-А Билдирме арналган уюмдун аталышы жана анын жетекчисинин кызматы, аты-жө нү;

1-Б Билдирме жазуучунун иштеген мекемеси, кызматы жана аты, жө нү;

2.Иш кагазынын аталышы (БИЛДИРМЕ);

3. Текст;

4. Билдирме жазылган кү н;

5. Билдирме жазуучунун колу;

6. Билдирме жазуучунун аты, жө нү

 

Билдирменин ү лү гү сү:

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык Менчик кызматынын директору А. А. Калмаматовго Кадр жана иш кагаздар бө лү мү нү н башчысы Д.Казаковдон Билдирме 2011-жылдын 10-май кү нү экспериза башкармалыгынын башкы адиси А.А. Иванов эмгек тартибин бузуп, эч себепсиз жумушка келбеди А. А. Иванов боюнча чара кө рү ү профсоюздун чогулушунда каралмакчы Кадр жана иш кагаздар боюнча бө лү мү нү н башчысы Д. Казаков 10-май, 2011-ж.

Билдирме кол жазма тү рү ндө же компьютерде эки нускада даярдалат. Биринчи нуска тиешелү ү уюмга жиберилет.Экинчи нуска уюмда сакталат.

Билдирме айрым учурда телеграмма формасында да жиберилет.

Мындай билдирме билдирме-телеграмма деп аталат. Билдирме телеграмма телеграф стили менен жазылат.

 

 

БУЙРУК

(Приказ)

Буйрук –мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилеринин жеке бийлигине негизделген укук документи. Ал мекеменин ишмердигиндеги негизги жана кү ндө лү к милдеттерди, иш чараларды чечү ү максатында колдонулат. Буйрук негизги иш аракеттерге жана кардарлардын жеке ө зү нө тиешелү ү маселелерге байланыштуу жазылат (буйрук берилет). Алар белгилү ү тартипте ө зү нчө номурланып, айрым кө ктө мө дө сакталат.

Буйрук формасына жана мазмунуна карата жалпы ишмердик боюнча буйрук жана ө здү к курам боюнча буйрук болуп экиге бө лү нө т. Бул буйруктардын аткарылуу жолуна айрым-айрым токтолобуз.

 


Поделиться:



Популярное:

Последнее изменение этой страницы: 2016-07-13; Просмотров: 649; Нарушение авторского права страницы


lektsia.com 2007 - 2024 год. Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав! (0.018 с.)
Главная | Случайная страница | Обратная связь