Архитектура Аудит Военная наука Иностранные языки Медицина Металлургия Метрология
Образование Политология Производство Психология Стандартизация Технологии


Клеткалардын кыймылын камсыз кылган кан суюктугу: Плазма



Кан клеткалары, б.а. эритроцит менен лейкоциттер ө з милдетин аткаруу ү чү н бү т денени кыдырышы керек. Бирок муну ө з алдынча кыла алышпайт. Клеткалардын аларды кыймылдатуучу ар кандай механизмдери болсо дагы, ичинде кыймылдай турган бир суюктук сө зсү з керек болот. Ичинде айланып жү рү ү чү ар кандай клеткалар менен бирге денебиздин бү т тарабын секунда сайын басып ө тү п турган бул суюктук – плазма.

Плазма кандын 55%ын тү зө т. Плазманын курамында 90% суу, кандагы суу кө лө мү н жө нгө салууда колдонулган альбумин, витаминдерди ташууда колдонулган глобулин, кандын уюшунда колдонулган фибриноген, глюкоза жана башка азыктар, клеткалар арасы суюктуктун PH'ын жана суюктук кө лө мү н жө нгө салууда колдонулган иондор, майлар, аминокислоталар, витаминдер жана кычкылтек, кө мү р кычкыл газы жана азот сыяктуу ээриген газдар бар.

Плазма жеген тамактарың ыздан алынган азыктарды дененин ичине таратат. Клеткалар чыгарган калдык заттарды денеден сыртка чыгаруу ү чү н тиешелү ү органдарга жеткирет. Эгер плазма мындай ташып-жеткирү ү кызматын аткарбаганда, жеген азыктарыбыз эч бир ишке жарамак эмес, кыртыштарга азык жетмек эмес жана чыгарылган калдык заттар натыйжасында дене кыска убакытта ууланып калмак.

Плазманын Башка Негизги Кызматтары;

- кан басымынын белгилү ү бир дең гээлде кармалышын камсыз кылуу,

- денеде температуранын бирдей ө лчө мдө таралышына кө мө кчү болуу,

- кан менен башка кыртыштардын кислоталуулугун белгилү ү дең гээлде кармоо.

Плазма белокторунун ар биринин ар кандай функциялары бар. Ал белоктордун ү ч негизги тобу тө мө нкү лө р: альбумин, фибриноген жана глобулиндер.

 

Плазма андагы заттар жана ө зү нү н касиеттери менен дене ү чү н маанилү ү кызматтарды аркалайт. Алардын эң негизгиси – азыктар менен калдыктарды ташуу. Башка негизги ө згө чө лү гү болсо – бул кан басымын белгилү ү бир дең гээлде турушун камсыз кылуу. Жылуулук таратуу да плазманын бир ө згө чө лү гү. Мындан тышкары, плазма кан менен башка кыртыштардын кислота дең гээлин белгилү ү дең гээлде кармоо кызматын аткарат.

Плазма «кан суюктугу» болгондуктан, ашыкча терлө ө учурунда плазманын кө лө мү 50%га чейин азайып, кө п суюктук ичилгенде кадимкинин 60%ы кө лө мү нө кө бө йө алат. Плазмадагы суу болсо кандын негизги элементи. Плазманын ичинде катуу заттар катары белоктор болот. Алар кандын уюшун камсыздоочу фибриноген (кандын уюшу бө лү мү ндө терең каралат), кан клеткалары жана дене суюктугунун кө лө мү н жө нгө салуучу альбумин жана антителого бай глобулиндер. Булардын арасынан биз ү чү н ө тө чоң мааниси бар альбуминдерди карап чыгуу туура болот.

Альбумин саны жагынан эң кө п болгон плазма белогу жана ташыгыч кызматын аркалайт. Альбуминдин жө нө кө й бир ташыгыч эмес экенин белгилеп кетү ү керек. Альбумин кандагы холестерол сыяктуу майларды, гормондорду жана ө т чыгарган уулуу жана сары тү стү ү билирубинди ташыйт. Мындан тышкары, сымап, пенициллин жана башка дарыларды да ө зү нө жабыштырат. Ууларды боордо калтырып, азык заттары менен гормондорду болсо керектү ү жерге алпарат.

Майлардын денеде бир белок тарабынан ташылышынын ө тө зор мааниси бар. Эгер майлар альбумин тарабынан ташылбаганда, бү т май молекулалары бир-бири менен биригип, канда шорпонун бетинде чогулган май топтору сымал кө зө мө лсү з сү зү п жү рү шмө к. Бул болсо белгилү ү убактан соң тамырларда тыгындалууга жана натыйжада ө лү мгө себеп болмок.

Гормондор дене ичинде таратылышы керек болгон кабарлардан жооптуу. Алар ү чү н да сө зсү з бир транспорт жолу керек. Гормондордун керектү ү жерге жеткирилишинде да альбумин белогу кызмат кылат. Эгер альбуминдин гормондорду ө зү нө жабыштыруучу мындай касиети болбогондо, чоң ойуп ө сү шү бү згө чейинки биз менен байланыштуу бү т функциялар жоголуп, курсагыбыз ачуу, суусоо сыяктуу эч бир сигнал дененин тиешелү ү бө лү ктө рү нө жете албай калмак. Денеде суу муктаждыгы болуп жатса да, муну сезбей, кыска убакыт ичинде суу кө лө мү азайып кетмек жана бул ө лү мгө алып бармак. Альбумин – мына ушул укмуштуу кабарчылардын кызматтарын жасай алышы ү чү н атайын жаратылган жана эмнени каерге алып баруу керек экенин «билчү дө й» болгон бир белок.

ǀ ǀ ǀ бап Паталогиясы

Анемия

ГЕМОГЛОБИН КАНЧА БОЛУШУ КЕРЕК?
(Гемоглобиндин граммы 1 литр канга карата)
Эркектерде – 130-160 г/л
Аялдарда – 120-150 г/л

СТАТИСТИКА
Кыргызстанда анемия менен ооругандардын саны –
91 миң 521 адам (2012-жыл).

 

Анемия деген кандай оору? Эмнеден пайда болот? Бул тууралуу Улуттук госпиталдын жалпы терапия бө лү мү нү н башчысы БОЛОТ ТУРУСБЕКОВ баяндайт:

– Анемия же аз кандуулук – учурда эң кө п таралган оору. Аны кө пчү лү к этибарга алышпайт. «Жү зү кубарып, бат чарчаса эмне болуптур? Жакшылап эс алып, уктаса, анан алма менен гречканы кө бү рө ө к жесе эле болду» деп ойлошот. Чынында, мындай эмес. Эмесе, сө з башынан болсун.
«Анемия» – байыркы гректердин сө зү, бизче «аз кандуулук» дегенди билдирет. Кандын курамында эритроцит (кызыл кан денечелери) бар. Эритроцит ө зү ндө гү гемоглобин белогу болуп кычкылтекти адамдын бү т организмине ташыйт. Кандайдыр бир себептер менен канда гемоглобин азайса, анемия келип чыгат.

«БАШКЫ БЕЛГИСИ – ТЕРИ КУБАРАТ»
– Гемоглобин азайганда организмге кычкылтек жетишпей баштайт. Андыктан бул ооруда адамдын териси (анын ичинде жү зү ) кубарат, кургайт, тү лө йт. Башы ооруп, аба жетишпей демигет, алсырайт, бат чарчайт, башы айланат. Буту-колу чымырайт жана муздайт. Тырмактары бат сынма болуп, чачы тү шө т. Ойлоо, бир нерсени эске тутуу кыйындайт. Кээде эстен тануу да кү тү лү шү мү мкү н. Адам кээ бир нерселерди, мисалы, топуракты, борду жегиси келет. Ал тургай мурун ө зү нө жакпаган жыттарды (ацетон, бензин, лактын жыттарын) самай баштайт.

«ЭҢ КӨ П КЕЗДЕШКЕНИ – ТЕМИР ЖЕТИШСИЗДИГИ АНЕМИЯСЫ»
– Анемия негизинен 4 тү ргө бө лү нө т: Темирдин, B12 витамининин, фолий кычкылынын жетишсиздигинен келип чыккан анемиялар жана тубаса тү рү. Булардын ичинен эң кө п тараганы – темир жетишсиздигинен пайда болгон анемия.
Адамдын организминде 3-4 грамм темир болот. Булардын 70 пайызга жакыны гемоглобинде, калгандары кө к боор, боор жана сө ө к чучугунда кармалат.
1 суткада адам темирдин 1-2 граммын жоготуп турат (тер, заара менен чыгат, чачтын жана тырмактын ө сү шү нө кетет). Туура тамактанганда биз тамак-аш аркылуу 1 суткада 1-2 грамм темир алып, жоголгон темирдин ордун толуктай алабыз. Бирок бул баланс дайыма сакталбайт, анын ү стү нө кырсык же оорулардын айынан да темирди кө бү рө ө к жоготушубуз мү мкү н.
Тагыраак айтканда, темир жетишсиздиги анемиясын тө мө нкү лө р шарттайт:

• Туура эмес тамактануу
Фастфуддарды жеп, газдалган таттуу суусундуктарды ичү ү адаты. Ошондой эле жашоо-тиричилиги начар болуп, нан, чай менен гана тамактануу. Курамында темири эң кө п азыктардын бири бул – эт. Бирок муну кө п жеген адамдар деле анемияга чалдыгат. Изилдей келсең, тамактын артынан дароо чай ичет. Чай – жакшы суусундук. Бирок тамактын артынан чайды кө п ичкенде анын курамындагы кофеин ашказан менен ичегинин бетин плёнка сымал каптап, керектү ү заттарды, анын ичинде темирди организмге жакшы сиң ирбей коёт. Андыктан чайды тамактангандан кийин 30-60 мү нө т ө ткө н соң ичү ү зарыл.

• Кан жоготуу
Муну тө мө нкү лө р шарттайт: Ашказандагы жана ичегилердеги жаранын канашы, органдардын биринде рактын болушу, геморройдо жана миомада кан кетү ү, кө п ирет тө рө ө жана аборт, этек кирдин кө п келиши, сө ө к чучугунун оорусу (жаң ы кан сө ө к чучугунда жаралат, андыктан сө ө к чучугу ооруга кабылса анемия келип чыгат), операция жасатуу жана башкалар.

• Темирди керектө ө нү н ө сү шү
Буга боюнда болуу, бала эмизү ү, бойдун ө сү шү кирет.

«ЭМНЕ ЖЕТИШПЕСЕ, ОШОНУ ТОЛУКТАП ООРУДАН КУТУЛУУГА БОЛОТ»
– Врач анемиянын кайсы тү рү экенине карап дары-дармек жазып берет. Мисалы, темир жетишсиздигинде тардиферон, тотема, феррум Лек сыяктууларды жазып, кү чтү ү тамактанууну сунуштайт. Алып айтсак, бозо, кымыз ичип, этти (ө згө чө уйдун тилин) кө п жеш керек. Ал эми фолий кычкылынын жетишсиздигинде негизинен фолий кычкылын, B12 витамининин жетишсиздигинде ошол витаминди жазып берет. Кан кө п жоготууда кан куюулары мү мкү н.

«ДАРЫЛАНБОО Ө ЛҮ МГӨ ЖЕТКИРЕТ»
– Анемиянын белгилери билинер замат гематологго (же терапевтке) кө рү нү п, диагнозду тактатуу кажет. Учурунда дарыланбаса иммунитет тө мө ндө йт, буту-колдун булчуң дары ооруп, акырындап кичирейе баштайт. Жыт жана даам билү ү менен кошо эске тутуу, ойлоо жө ндө мдү ү лү гү тө мө ндө йт. Кычкылтектин жетишсиздигинен, зат алмашуунун бузулушунан жана башкалардан улам ички органдарда ө згө рү ү лө р жү рө т, ошондой эле тү рдү ү оорулар жарала баштайт. Акырындап кайда жү ргө нү н билбей башы айлануу (ориентацияны жоготуу) жаралат. Аз кандуулук суукка бат-бат урунуу жана гастрит оорусу менен да коштолорун айта кетели. Эң акырында адам ө лү мгө учурайт.
Анемияга учураган балдардын сабакты ө здө штү рү ү сү начарлайт, башкалардан артта калат. Аз кандуулук ө згө чө кош бойлуулукта коркунучтуу. Анткени ичтеги баланын ө спө й же ө лү п калышы, бойдон тү шү ү, ара тө рө лү ү сү толук мү мкү н. Тө рө ттө кан токтобой аялдын ө мү рү коркунучка кабылат. Андыктан балалуу болууну пландагандарга алгач текшерилип, каны аз болсо толуктап, анан балалуу болууну пландоо сунушталат. Дени сак энеден дени сак бала тө рө лө рү н ар бир эне унутпашы зарыл.

 


Поделиться:



Последнее изменение этой страницы: 2019-06-08; Просмотров: 253; Нарушение авторского права страницы


lektsia.com 2007 - 2024 год. Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав! (0.014 с.)
Главная | Случайная страница | Обратная связь